Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Бишкек,
Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө
“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2015-жылга чектүү санын белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 300 |
Ош шаары | 45 |
Баткен облусу | 20 |
Жалал-Абад облусу | 30 |
Ысык-Көл облусу | 15 |
Нарын облусу | 10 |
Ош облусу | 45 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 200 |
Жыйынтыгы | 680 |