КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 11
Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (БС ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл
алуунун тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасын бир түрдүү чечмелөөнү камсыз кылуу, бажылык декларациялоодо жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (БС ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуунун тартиби тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |