Загрузка документа…
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-январы № 1 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкреттүү товарды Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - БС ТЭИ ТН) белгилүү бир подсубпозициясына киргизүү максатында товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуунун тартибин аныктайт.
2. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим (мындан ары - алдын ала чечим) БС ТЭИ ТНге жана ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык товар жөнүндө маалыматтын негизинде, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталган бажы органы тарабынан кабыл алынат.
3. Алдын ала чечим бажылык тариздөө үчүн товар бажы органына берилген учурга чейин кызыкдар адамдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан кабыл алынат.
4. Алдын ала чечим арыз ээсине гана берилет.
5. Алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бардык бажы органдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Алдын ала чечимдин формасы Бажы союзунун комиссиясы (Евразиялык экономикалык комиссия) тарабынан аныкталат.
7. Алдын ала чечим, эгерде ал өзгөртүлбөсө же чакырып алынбаса же анын колдонулушу токтотулбаса, ал кабыл алынган күндөн тартып үч жыл бою колдонулат.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктаганда алдын ала чечим автоматтык түрдө күчүн жоготот, бул ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык арыз ээсинин жаңы алдын ала чечимди берүү жөнүндө кайрылуусуна тоскоол болбойт.
9. Алдын ала чечимди алган арыз ээси анын түп нускасын жана көчүрмөсүн бажылык тариздөө үчүн жүктү коштоочу башка документтер менен бирге бажы органына берет.
Бажы органдарынын кызмат адамы алдын ала чечимдин көчүрмөсүн салыштыргандан (түп нускасы менен) кийин түп нускасын арыз ээсине кайтарат, алдын ала чечимдин көчүрмөсү бажы органында калат.
10. Алдын ала чечимди алуу үчүн арыз ээси БС ТЭИ ТНге ылайык товардын классификациясы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын бажы органына жиберет.
11. Алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз менен бирге төмөнкү документтер жана маалыматтар берилиши керек:
- эгерде товар үчүн БС ТЭИ ТНда тобуна, позициясына карата эскертүүлөр же позициясынын тексти менен товардагы кандайдыр бир заттардын (элементтердин), материалдардын түзүлүшү боюнча талаптар белгиленсе, товардын курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
- эгерде БС ТЭИ ТН тобуна, позициясына карата эскертүүлөрдө же позициясынын текстинде аныкталган классификациялык белги болуп товарды иштетүү түрү же товарды иштетүү даражасы (техникалык схемалар, технологиялык нускамалар, технологиялык процесстин сыпаттамасы, товарды кайра иштетүү процесстери жана түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер) саналса, товарды кайра иштетүү процесстери жана кайра иштетүү түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер;
- эгерде БС ТЭИ ТН тобуна, позициясына карата эскертүүлөрдө же позициясынын текстинде аныкталган классификациялык белги болуп товардын салмагы, өлчөмү, кубаттуулугу, өндүрүмдүүлүгү, башка техникалык мүнөздөмөлөрү (техникалык документтер, чиймелер, блок-схемалар, техникалык паспорт, пайдалануу боюнча нускама, технологиялык схемалар, пайдалануучунун колдонмосу, товардын техникалык мүнөздөмөсү жана таасир этүү принциби жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер) саналса, товардын техникалык мүнөздөмөсү жана таасир этүү принциби жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
- эгерде алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга жана ага карата документтерге ыйгарым укуктуу адам кол койсо, адамдын ыйгарым укугун ырастоочу документ (ишеним кат).
Арыз ээси анын карамагында болгон, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле товарлардын фотографияларын, сүрөттөрүн, сынамдарын жана үлгүлөрүн да бере алат.
12. Юридикалык жактан келип түшүүчү арызга аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси (жетекчинин орун басары) кол коюшу керек жана ал уюмдун жайгашкан жери жөнүндө маалыматты, почта дарегин, ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык кодун (ОКПО кодун), салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН), байланыш телефондорун, электрондук почтасынын дарегин (болсо) камтууга тийиш.
13. Жеке адамдан келип түшүүчү арызга аталган адам кол коюшу керек жана ал анын жашаган жери жөнүндө маалыматты, байланыш телефонунун номерин, паспортунун сериясын жана номерин, качан жана ким тарабынан берилгендиги жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Арызда салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН), электрондук почта дареги көрсөтүлүшү мүмкүн.
14. Эгерде арыз ээси тарабынан берилген маалыматтар алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, бажы органы алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз бажы органына берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кошумча маалыматты берүү зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт. Кошумча маалымат арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде берилиши керек.
15. Кошумча маалымат белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, арыз четке кагылат, бул тууралуу кошумча маалымат жөнүндө суроо-талапта белгиленген мөөнөт аяктаган күндө арыз ээсине жазуу жүзүндө маалымдалат.
16. Арызды четке кагуу аталган арызды четке кагуу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта, арыз ээсинин кайра кайрылуусуна тоскоол болбойт.
17. Алдын ала чечим арыз бажы органында катталган күндөн тарып 90 күндүн ичинде кабыл алынат.
18. Кошумча маалыматты берүү зарыл болгон учурда алдын ала чечимди кабыл алуу мөөнөтү токтотулуп турат жана суралуучу маалыматты камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн тартып кайра жаңыланат.
19. Алдын ала чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда он орундуу коддук белгилөө деңгээлинде БС ТЭИ ТНын белгилүү бир подсубпозициясына товарды бир жактуу киргизүү үчүн жетиштүү маалымат болгон учурда, алдын ала чечим кыйла кыска мөөнөттө кабыл алынат.
20. Алдын ала чечимди даярдоодо төмөнкүлөр изилденет:
- товардык позициялардын, субпозициялардын, подсубпозициялардын тексттери, бөлүмдөргө, топторго, товардык позицияларга, субпозицияларга карата эскертүүлөр, БС ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелеринин жоболору;
- Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген тутумунун алфавиттик көрсөткүчү, БС ТЭИ ТН карата түшүндүрүүлөр;
- товарларды классификациялоо маселелери боюнча Дүйнөлүк бажы уюмунун сессияларынын материалдары;
- Дүйнөлүк бажы уюмунун чечимдеринин электрондук базасы;
- эл аралык стандарттар (ISO, Codexalimentaries, регламенттер жана башкалар);
- улуттук стандарттар, регламенттер, техникалык шарттар;
- товарды максаттуу пайдаланууну ырастоочу документтер;
- товардын сүрөттөлүшү;
- БС ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык товарга негизги өзгөчөлүк берген материалды жана курамдык бөлүгүн аныктоо үчүн көп компоненттүү товардын сүрөттөлүшү жана ушул критерий каралып жаткан учурда колдонулушу-колдонулбастыгы жөнүндө аныктама;
- БС ТЭИ ТНди чечмелөөнүн негизги эрежелерине ылайык аларды классификациялоо мүмкүндүгүн аныктоо үчүн комплектелбеген же бүткөрүлбөгөн түрдө, же болбосо чогултулбаган же бөлүктөргө бөлүнгөн түрдө берилген товарлардын тизмеги;
- фотографиялар жана сүрөттөр (зарыл болсо);
- товардын мүнөздөмөсү;
-товардын сапаттык жана сандык курамы (зарыл болсо);
- чиймелер, технологиялык схемалар (зарыл болсо);
- товардын колдонулушу (зарыл болсо);
- товарды таңгактоонун ыкмалары жана түрлөрү (зарылчылык болсо);
- эксперттик уюмдардын корутундусу (болсо) жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилген башка маалымат;
- Бажы союзунун комиссиясынын (Евразиялык экономикалык комиссиянын) расмий сайтында жарыяланган алдын ала чечимдер;
- Бажы союзунун комиссиясынын (Евразиялык экономикалык комиссиянын) товарларын классификациялоо боюнча чечимдери жана түшүндүрүүлөрү.
21. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле товарларды экспертизалоонун жыйынтыктарын (ал жүргүзүлгөн учурда) изилдөөдөн кийин аткаруучу товарды он орундуу коддук белгилөө деңгээлинде БС ТЭИ ТН белгилүү бир подсубпозициясына киргизет жана алдын ала чечимди жана арыз ээсине бажы органынын коштоочу катын даярдайт.
22. Алдын ала чечим белгилүү бир марканы, моделди, артикулду жана модификацияны камтыган товардын ар бир аталышына кабыл алынат.
23. Товарлар ар түрдүү маркаларга, моделдерге, артикулдарга, модификацияга, бирок бир аталышка ээ болгон учурларда, ошондой эле товарларды БС ТЭИ ТН бир он орундуу подсубпозициясына классификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги мүнөздөмөлөргө ээ болушса, ал эми сүрөттөө аларды бажы максаттары үчүн бир жактуу идентификациялоого мүмкүндүк берсе, бир алдын ала чечим берилет, анда зарыл болгон учурда товардын маркасын, моделдерин, артикулдарын, модификациясын сүрөттөө менен товардын бир аталышы көрсөтүлөт.
24. Товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечим бланкта кагаз жүзүндө таризделет.
25. Алдын ала чечимде оңдоолорго уруксат берилбейт.
26. Арыз ээси алдын ала чечимди жоготуп алган учурда, ал мурда алынган алдын ала чечимдин дубликатын берүү жолу менен калыбына келтирилиши мүмкүн. Дубликатты алуу максатында арыз ээси ошол алдын ала чечимди берген бажы органына жоготулган алдын ала чечимге шилтемени камтыган жазуу жүзүндөгү арызын (арыз ээси, алдын ала чечим катталган номери, алдын ала чечим кабыл алынган күн, товардын аталышы жана кыскача сүрөттөлүшү көрсөтүлөт) жиберет.
27. Бажы органы алдын ала чечимди жоготуу тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз катталган күндөн тартып 15 күндүн ичинде ушул чечимдин дубликатын берет.
Алдын ала чечимдин дубликаты түп нускага окшош болушу керек (алдын ала чечимдин түп нускасында камтылган бардык маалыматтар сакталат, анын ичинде катталган номери жана алдын ала чечим кабыл алынган күн көрсөтүлүшү керек). Алдын ала чечимге кол койгон кызмат адамы жок учурда, дубликатка алдын ала чечимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу башка кызмат адамы кол коюшу мүмкүн.
Дубликаттын колдонулуу мөөнөтү алдын ала чечимдин түп нускасы кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.
28. Бажы органы алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн.
29. Алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө чечим алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен алдын ала чечим берилген адамга жазуу жүзүндө жиберилет.
30. Алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө бажы органынын чечими алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен бардык бажы органдарына жазуу жүзүндө жеткирилет.
31. Эгерде мындай алдын ала чечим арыз ээси тарабынан берилген жалган документтердин негизинде кабыл алынса, алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
32. Алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим алдын ала чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
33. Алдын ала чечим төмөнкү учурларда чакырып алынышы мүмкүн:
- аларга карата алдын ала чечим кабыл алынган товарлардын классификациясына таасирин тийгизүүчү өзгөртүүлөр БС ТЭИ ТНге киргизилгенде;
- Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттерде колдонулуучу товарларды классификациялоо боюнча чечимдер кабыл алынганда;
- Бажы союзунун комиссиясы (Евразиялык экономикалык комиссиясы) тарабынан товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечимдер жана түшүндүрмөлөр кабыл алынганда.
34. Алдын ала чечимди чакырып алуу тууралуу чечим бажы органы тарабынан Бажы союзунун комиссиясы (Евразиялык экономикалык комиссиясы) чечимдерди жана түшүндүрүүлөрдү жарыялагандан кийин 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди өзгөртүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- бажы органы айрым товарларды классификациялоо жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимди кабыл алганда;
- алдын ала чечимди кабыл алууда кетирилген каталар бажы органы же арыз ээси тарабынан аныкталганда.
35. Алдын ала чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим бажы органынын каты болуп саналат, анда алдын ала чечимди өзгөртүүдөн тышкары, аны өзгөртүүнүн себептери да көрсөтүлөт.
Алдын ала чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим арыз ээсине жана бажы органдарына жиберилет.
Бажы органы тарабынан алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу, өзгөртүү же чакырып алуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык арыз ээсинин арыз менен кайра кайрылуусуна тоскоол болбойт.
36. Бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, мамлекеттик сырды, ошондой эле коммерциялык, банктык, салык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды жана башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга, өз максаттарына пайдаланууга, же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.
37. Мында берилген маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жашыруун деп саналат.
38. Арыз ээси арызда берилүүчү маалыматтын белгиленген мүнөзү тууралуу бажы органын кабардар кылат.