Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 «Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Салык консультанттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 18-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 «Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктундагы «жана аттестациядан өтүүгө акы төлөө» деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |