Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-октябры № 702
Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-январы № 14 токтомдун редакциясына ылайык)
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- салык консультантынын квалификацияланган сертификатынын формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 16-октябрында № 91 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
3-тиркеме
Форма
┌──────────────────────┬──────────────────────┬───────────────────────┐
│ ЛОГОТИП │ ЛОГОТИП │ ЛОГОТИП │
├──────────────────────┼──────────────────────┼───────────────────────┤
│ Фискалдык саясат │ Салык │ Ыйгарым укуктуу салык │
│ функциялары бар │ консультанттарынын │ органы │
│ ыйгарым укуктуу │ кесиптик уюму │ │
│ мамлекеттик орган │ │ │
└──────────────────────┴──────────────────────┴───────────────────────┘
Салык консультантынын
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТЫ
№ ________________
__________________________________________________________ берилди
(аты-жөнү)
ал "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык салыктык консультациялоо боюнча ишти ишке ашыруу укугуна аттестациядан өттү, салыктык консультациялоо ишин иштөө үчүн, анын ичинде: салык салуу, бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго башка милдеттүү чегерүү маселелери боюнча, салыктык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча, салык салуунун максаттары үчүн документтерди түзүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салык салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарда салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын көрсөтүү укугу менен кесиптик даярдыкка ээ жана жарамдуу.
Сертификат берилген күн 201__-жылдын "___" ______________
Сертификат мөөнөтсүз.
Сертификатты башка адамдарга берүүгө жол берилбейт.
Мөөр Колу
Бишкек-201__