Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-январы № 17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

14-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасында

көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы №143 «Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө жободо:

- 3.1.-пункттун 3.1.1.-пунктчасындагы «, аны эл аралык стандарттарга, нормалар менен эрежелерге ылайык келтирүү» деген сөздөр алынып салынсын;

-  4.1.-пункттагы  «ата-мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен жеке адамдарга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4.3.-пункт жана 23, 24-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5.1.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.2.-пунктунда:

5.2.1.- пунктчасындагы   биринчи сүйлөм  төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары болуп, көргөзмөнү өткөрүү боюнча  чечим кабыл алган, көргөзмөнүн катышуучуларынын алдында  өзүнө материалдык жоопкерчиликти албаган, бирок  көргөзмөнү өткөрүү жана даярдоо боюнча  уюштуруу-техникалык жана усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырган    ыйгарым  укуктуу мамлекеттик органдар жана коомдук түзүмдөр  саналат.»;

5.2.4.-пунктчанын  экинчи абзацы  төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Айрым көргөзмөлөрдө жамааттык  уюштуруучулар болуп  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чыгышы мүмкүн, бул учурда  алар «көргөзмөлөрдүн кошо уюштуруучулары»  деп аталышат.»;

- 6.3.- пункттун  экинчи абзацы   төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кесиптик эмес болуп, көргөзмө кызматтары  ишинин негизги түрү болбогон өз алдынча уюмдар же ыйгарымдуу мамлекеттик органдардын  бөлүмдөрү,  ошондой эле  жеке жактар эсептелинет.»;

-7.3.-пунктундагы  «Эл аралык келишимдердин же макулдашуулардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган,  мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин»  деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 9.4.-пунктундагы «Министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда» деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 10.1.-пунктунда:

10.1.2.-пунктчасындагы  «мыйзамдарына жана башка нормативдик-укуктук актыларына» деген сөздөр «ченемдик укуктук актыларга»  деген сөздөргө алмаштырылсын;

10.1.4.-пунктчасындагы «жана көргөзмө-жарманкелик иш-чараларды өткөрүүдө  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун сакталышын контролдойт;» деген сөздөр алынып салынсын;

10.1.5.-пунктчасындагы «Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын» деген сөздөр  «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

-13.1.-пунктундагы «министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

-  13.2.-пункту «башка булактарды» деген сөздөрдөн мурда «, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган» деген сөздөр менен толукталсын.

- 16.1.-пункту  төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- «16.1. Көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар болушу мүмкүн.»;

- 16.4.-пунктундагы «министрликтердин, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын»  деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17.1.-пункту төмөнкүдөй  редакцияда берилсин:

«17.1. Чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында  уюштуруучу  көргөзмөлөрү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген,  мыйзамда белгиленген  тартипте күчүнө кирген  эл аралык келишимдерде каралган шарттарда өткөрүлөт.»;

- 18.2.-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү  «жана башкаларга» деген сөздөр  «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 21.3.-пунктундагы  «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына, ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына»  деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 25.3.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамстандарты» деген сөздөр алынып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев