Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 14-марты № 143
Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 223, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2015-жылдын 20-январы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соңку жылдарда Кыргыз Республикасы чет өлкөлөрдөгү Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык ири көргөзмөлөргө активдүү катышып жаткандыгын белгилейт. Республиканын аймагында жыл сайын кеминде 8-10 ар кандай көргөзмө-жарманкелик иш-чаралар өткөрүлөт. Жыл сайын көргөзмөлөргө жана жарманкелерге 15-20 өлкөдөн 500дөн ашуун чарбакер субъекттер катышат.
Көргөзмө-жарманкелик иш-аракет чарбалык иштин өзүнчө, өзгөчөлүү тармагына өсүп жетип, рынок экономикасынын ажырагыс инструменти, республиканын экономикалык потенциалын көтөрүүнүн жана өнүктүрүүнүн жаңы импульсу болууда.
Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу, өткөрүлүүчү көргөзмөлөр менен жарманкелердин болушунча натыйжалуулугуна жетишүү, ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана нормативдик-укуктук жөнгө салуу шаймандарын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө Жобо;
- көргөзмө-жарманкелик иш-аракет боюнча Кыргыз Республикасынын Ведомство аралык координациялык кеңештин курамы.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти ар тараптан колдоп, өнүктүрүп жана өркүндөтүп, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү көргөзмөлөр менен жарманкелерге активдүү катышсын, аларды ата-мекендик иштеп чыгууларды, технологияларды, тышкы жана ички рынокто кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн кеңири колдонушсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 718 токтому;
- "Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-ноябрындагы № 718 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-июлундагы № 399 токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген
|
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 223, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөр улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.