Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-январы № 20
«Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
«Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2000-жылдын 21-январы № 7-8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-статьяда:
1) экинчи абзацы тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«табигый дарылык ресурстар – ооруларды дарылоо, алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо баткагы, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш объектилери менен шарттар;»;
2) тɵртүнчү абзацындагы «,өзгөчө коргоого алынган» деген сɵздɵр алып салынсын;
3) бешинчи абзацындагы «бийликтин республикалык» деген сөздөр «бийлик» деген сөз менен алмаштырылсын жана «өзгөчө коргоого алынган» деген сɵздɵр алып салынсын;
4) алтынчы абзацында:
«, өзгөчө коргоого алынган» деген сɵздɵр алып салынсын;
«жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын» деген сɵздɵр «жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын;
5) онунчу абзацындагы «акционердик, жамааттык, жеке же башка менчиктин» деген сɵздɵр «муниципалдык, жеке жана башка менчиктин» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын;
6) он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 2-статьяда:
1) 1-бɵлүгүндɵгү «ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдарынан жана» деген сɵздɵр алып салынсын;
2) 2-бɵлүгүндɵгү «жана табигый дарылык жөнүндө» деген сɵздɵр «, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын;
3) 3-бɵлүгүндɵгү «мыйзамда» деген сɵз «ушул Мыйзамда» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын.
4. 3-статья тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«3-статья. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер, курорт деп таануу
Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор республикалык же жергиликтүү мааниде болушу мүмкүн.
Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер же курорт деп таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлɵт.
Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жердин же болбосо курорттун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.».
5. II главанын аталышындагы «жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын» деген сɵздɵр «жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын.
6. 4-статья тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«4-статья. Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү:
курорттук иштер жана эс алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырат;
табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду пайдалануунун ченемдери менен эрежелерин белгилейт;
курорттордун санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарынын чектерин жана режимин белгилейт;
курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) өнүктүрүүнүн чалгындалган табигый дарылык ресурстардын запастарынын мамлекеттик программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоону жүзөгө ашырат жана аларды координациялоонун күн тартибин аныктайт;
табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) изилдөө, өнүктүрүү жана пайдалануу, сервисти жана эс алуу индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
Кыргыз Республикасынын курорттук фондунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;
табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана алардын жерлерин сарамжалдуу пайдаланууга, коргоого жана санитардык (тоо-санитардык) коргоону камсыз кылууга контролду жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт;
Кыргыз Республикасынын курорттук фондун кеңейтүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курорттук дарылоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максатында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу тартибин аныктайт.».
7. 5-статьянын аталышындагы жана 1-бɵлүгүндɵгү «Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын» деген сɵздɵр «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын.
8. 6-статья, 10-статьянын 2-бɵлүгү, 12-статья, 17-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 7-статьянын экинчи сүйлөмү алып салынсын.
10. 8-статьянын 1-бɵлүгү тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«Табигый дарылык ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.».
11. 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 13-статьяда:
1) 1-бɵлүгү тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо - санитардык) жактан коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.»;
2) 9-бɵлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 16-статьядагы «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын ыйгарым укуктуу прокурорлору» деген сɵздɵр «прокуратура органдары» деген сɵздɵргɵ алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти