Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-январындагы № 36
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 25
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана
денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы № 474 “Кыргыз Республикасынын эл аралык ведомстволор аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 23-пункту;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-декабрындагы № 588 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана
денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө
жобо
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-сентябры № 638 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын деңгээлинде түзүлүүчү жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар, ошондой эле эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык мамилелер жаатындагы укуктарга жана милдеттерге карата тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашууну билдирген эл аралык келишимдердин бир түрү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын министрликтери;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдары.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитетинин, административдик
ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын макулдуктарын билдирүү ыкмалары, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишиминин ал үчүн милдеттүүлүгүнө карата макулдугу төмөнкү жол менен билдирилет:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюу (бекитилүүгө тийиш эмес эл аралык келишимдерге карата);
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге негиз болуучу каттар жана ноталар менен алмашуу;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуу;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимди бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын атынан өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары жана компетенциясына мындай ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди жөнгө салуу маселелери кирген эл аралык уюмдар менен түзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштар компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары - Өкмөт) макулдашууга киргизилет.
6. Өкмөткө киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимине кол коюу жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдин долбоорунун тексти;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кол коюунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси жана аны андан ары ишке ашыруу механизми;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылганын күбөлөндүргөн документ;
- Кыргыз Республикасынын юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкеш келүүсүнө карата баасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволор аралык эл аралык келишимди түзүүдө мүмкүн болуучу финансылык кесепеттер жөнүндө баасы;
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун эл аралык келишимди түзүүдө мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө баасы, эгерде долбоор алардын ишине таасирин тийгизсе;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
7. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүү жөнүндө сунуштар Өкмөткө ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген тартипте киргизилет.
8. Ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө сунушту Өкмөткө киргизүүдө ага төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдин тексти;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси жана аны андан ары ишке ашыруу механизми;
- ушул Жобонун 6-пунктунун төртүнчү-сегизинчи абзацтарында белгиленген документтер.
9. Каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен кол коюуга, түзүүгө сунушталган ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин же болбосо кошулууга сунушталган ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна Өкмөт макулдук берүү жөнүндө буйрук түрүндөгү чечимди кабыл алат.
10. Ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуу учурунда Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан ушул Жобонун 9-пунктунда каралган чечимди Өкмөт кабыл алган шартта, кошулуу жөнүндө тийиштүү ички акт чыгарылат.
11. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол койгон Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин бекитүү жөнүндө сунуштарын Өкмөткө киргизет.
12. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин бекитүү жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишиминин текстинин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимин бекитүү жөнүндө Өкмөттүн тийиштүү чечиминин долбоору;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
13. Кол коюлгандан кийин мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну талап кылуучу Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Өкмөттүн токтому менен бекитилет.
(Экинчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-сентябры № 638 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери ратификацияланбайт жана аларды ратификациялоону талап кылуучу жоболорду камтыбашы керек.
14. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылбаган ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Өкмөттүн кароосуна кабыл алынбайт.
15. Кыргыз Республикасынын министрлери, мамлекеттик комитетинин төрагасы же административдик ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча, өз компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктарсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол коюуга укуктуу.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол коюуга ыйгарым укуктар компетенциясына мындай келишимдерди жөнгө салуу маселелери кирген Кыргыз Республикасынын министри, мамлекеттик комитетинин төрагасы, административдик ведомствосунун же башка тийиштүү мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан башка кызмат адамдарына берилет.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишиминин долбоорун иштеп чыгууга жана талкуулоого долбоордо козголгон маселелерди кароо жана талкуулоо компетенциясына кирген тийиштүү тармактын юристтери жана адистери милдеттүү түрдө катышат.
16. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин түп нускалары Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жана тийиштүү мамлекеттик органдарынын архивдеринде сакталат, ал эми Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аларга кол коюлган (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Казыналык тутуму аркылуу өтүүчү кайтарымсыз финансылык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аларга кол коюлган (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
3. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин аткаруу жана токтотуу
17. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери эл аралык укуктун ченемдерине жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
18. Компетенциясына Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер кирген Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана тийиштүү мамлекеттик органдары кыргыз тараптын келишим боюнча алган милдеттеринин аткарылышын камсыздайт, мындай келишимдерден келип чыгуучу кыргыз тарапка таандык укуктардын ишке ашырылышына жана келишимдердин башка катышуучулары тарабынан алардын милдеттенмелеринин аткарылышына байкоо жүргүзүшөт.
19. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин аткарылышына жалпы байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Казыналык тутуму аркылуу өтүүчү кайтарымсыз финансылык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин аткарылышына байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.
20. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери анын башка катышуучулары тарабынан олуттуу бузулган учурда, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка учурларда мындай келишимдер ушул Жобонун 22-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.
21. Кыргыз тарап үчүн күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери алардын атынан мындай келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын чечимдери боюнча бул мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында же Өкмөттүн расмий басылмаларында жарыяланат.
22. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын атынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтотуу жана токтото туруу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) эл аралык укуктун ченемдерине ылайык болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин токтотуу жана токтото туруу боюнча Өкмөттүн бекитүүсү аркылуу билдирилген милдеттүүлүк жөнүндө чечим Өкмөттүн токтому менен бекитилет.