Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттештирет.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде:
"Государственное предприятие "Элдик" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Ишкананын жайгашкан жери: 720900, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пахта көчөсү, 219.
7. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
2. Юридикалык статусу
8. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
9. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
10. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана көрүнөө жекелешкен каражаттары бар.
11. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-насыялык мекемелерде башка эсептери бар.
12. Ушул Уставда каралган милдеттерди чечүү үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдетине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- Фонддун макулдугу менен уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлгөн кызматтарга белгиленген тартипте бааларды бекитүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасында жана анын командировкага жиберүүгө жана Ишкананын ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбачылык иштин натыйжалары жөнүндө квартал сайынкы жана ар жылдык отчетторду Фондго белгиленген мөөнөттө берүүгө;
- Фонддун алыш-бериш эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жылдык финансы-чарбачылык иштин жыйынтыгы боюнча таза пайданын бир бөлүгүн которууга.
14. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана Фонд менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктар менен милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
3. Ишкананын максаты, милдети жана функциялары
15. Ишкананын максаты калктын социалдык-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат.
Ишкананын милдети ишкердик иш жүргүзүү болуп саналат.
16. Ишкананын укугу:
- курулуш материалдарын даярдоо;
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- коомдук тамактануу жана калкты тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
- унаа токтоочу жайларды, сактоо камераларын, кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- консалтингдик, маркетингдик, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- чарбалык, өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды, техниканы жана автотранспорт каражаттарын оңдоо жана сервистик тейлөө кызматтарын көрсөтүү;
- курулуш-монтаждоо, жасалгалоо жана башка подряддык иштерди аткаруу.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
4. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Фонд ишке ашырат.
18. Ишкананы Фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
19. Ишканада штаттык ырааттама менен директордун орун басары кызмат орду каралган.
Директордун орун басары Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыз кылат, Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин аткарат.
20. Ишкананын директору:
- Фондго отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыктарына жеке жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучунун жана Фонддун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын директорунун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- филиалдар же өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын жумушчуларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- мыйзамдар, базардын конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту Фондго киргизет;
- жылдык финансы-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансы-чарбалык иш жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте Фонддун кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- Фондго финансылык отчетту, болжолдуу финансы-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка зарыл болгон маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди ишке ашырат.
21. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгына жана максаттуу пайдаланылышына жеке жоопкерчилик тартышат.
5. Ишкананын мүлкү, финансысы жана анын пайдасын бөлүштүрүү
22. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага ишкердик ишин жүргүзүү үчүн бекитилген.
23. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.
24. Ишкана мүлктү уставдын максаттарына жана иштин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
25. Финансы-чарбалык иштен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен Ишкана тарабынан сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
26. Жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес таза пайдасы андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которуу менен Фонддун алыш-бериш эсебине чегерилүүгө тийиш.
6. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
27. Ишкананы чарбалык коом (акционерлештирип) кылып кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
28. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.