Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № 38
«Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
«Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228 «а»-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.».
2. 3-статьясынын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына ал түзүлгөн датага карата жалпы белгилүү болгон элементтерден турган топологияга, эгерде мындай элементтердин жыйындысы ушул статьянын 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген учурда гана укуктук коргоо берилет.».
3. 6-статьяда:
1) 3-бөлүктөгү «Кыргызпатентте» деген сөз «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-бөлүктөгү «Кыргызпатентте» деген сөз алып салынсын.
4. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9-статья. Топологияны каттоо
Топологиянын автору же башка бир укук ээси өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу топологияны ИМСтин топологиясын расмий каттоого билдирме берүү (мындан ары - каттоого билдирме) жолу менен каттата алат.
Каттоого билдирме берүү топологияны биринчи жолу пайдалануу күнүнөн тартып, эгерде мындай пайдалануу болсо, эки жылдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
Каттоого билдирме берүү бир гана топологияга тиешелүү болууга жана төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
укук ээси, ошондой эле эгерде ушундай деп аталуудан баш тартпаса автору, алардын турган жери (жашаган жери), топология биринчи жолу пайдаланылган дата, эгерде мындай пайдалануу болсо көрсөтүлгөн ИМСтин топологиясын расмий каттоого арыз;
топологияны идентификациялаган депонирленген материалдар, анын ичинде топологиянын оригиналдуулугун көрсөтүүчү реферат;
ИМСтин топологиясынын элементтеринин жайгашуусунун геометрикалык-мейкиндик схемасы;
белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымы төлөгөндүгүн ырастоочу документ же каттоо жыйымын төлөөдөн бошотуу, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер.
Каттоого билдирме келип түшкөндөн кийин зарыл документтердин болушу, алардын ушул статьянын 3-бөлүгүндө айтылган талаптарга ылайык келүүсү текшерилет. Билдирме берилгенден кийин эки айдын ичинде арыз ээси билдирменин материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.
Билдирмени кароо алты айдын ичинде жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн натыйжасы оңдуу чыккан учурда топология Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилет, топологиянын катталгандыгы жөнүндө кабарлар жарыяланат жана арыз ээсине интегралдык микросхеманын топологиясы расмий катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет.
Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтар, алар тескерисинче далилденмейинче туура деп эсептелет.
Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.
Интегралдык микросхемалардын топологияларын, укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди расмий каттоого байланыштуу аракеттерди ишке ашыруу жана маалыматтарды жарыялоо үчүн каттоо жыйымы алынат.
Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Топологиянын автору же анын укук мураскери өздөрүнүн укуктарын кабарлоо үчүн корголуучу топологияга, ошондой эле ушундай топологияны камтуучу буюмдарга чоң Т (“Т”, [Т], (Т), Т* же Т) тамгасы менен бөлүнгөн кабарлоону, укук ээсин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү топологияны жана маалыматты пайдаланууга өзгөчө укуктун колдонулушунун мөөнөтү башталган датаны көрсөтүүгө укуктуу.».
5. 10-статьясынын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы жана 12-статьясынын 1-бөлүгүндөгү «Кыргызпатентте» деген сөз алып салынсын.
6. 11-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13-статья. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын укуктары
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, ушул Мыйзамда каралган укуктардан Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара келишүү принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.».
8. 14-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти