Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 669 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № 39
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы
"АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салыктык жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында келип түшүүлөрүн камсыз кылуу, салык төлөөчүлөргө сапаттуу салык кызматтарын көрсөтүү жана салык кызматы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын милдеттерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“- салыктык укук мамилелеринин катышуучуларына маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү.”;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-онунчу абзацтар менен толукталсын:
“- өзүнүн өз ара мамилелерин келишимдик негизде аныктоого;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Мекеменин ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;”;
- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- көрсөтүлгөн кызматтардан жана жумуштардан түшкөн каражаттар;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |