Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 26
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 118, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 15 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-февралындагы № 61 "Бишкек шаарынын мэриясынын жана мэриянын райондук администрацияларынын аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык сандарын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 8-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүнүн жана штаттык санынын "Бишкек шаары" графасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-майындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөө персоналысыз) |
1 | Бишкек шаардык кеңеш | 37 |
2 | Бишкек шаарынын мэриясы | 1051 |