КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы, № 42
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 348-берененин 1-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Милдеттүу патенттин шарттарында экспорттолууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларынын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
«14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат кѳрсѳтγγлѳр | 1 автомашина жγгγ менен, салмагы: 4 тоннага чейин 4 тоннадан 8 тоннага чейин 8 тоннадан 12 тоннага чейин 12 тоннадан жогору |
300 сом 600 сом 900 сом 1200 сом» |
3. 350-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи суйлөм менен толукталсын:
"Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүдө салыктык мезгил болуп жүгү менен автомашинанын бир жолку чыгуусу эсептелет.".
4. 352-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүугө патент жγгγ менен автомашинанын ар бир чыгуусуна сатып алынат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кундѳн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти