Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 47
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-статьянын үчүнчү бөлүгү “камакка алуу” деген сөздөрдөн кийин “, коомдук иштер” деген сөздөр менен толукталсын.
2. 401-статья төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
“401. Коомдук иштерге тартуу
1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакытта коомдун пайдасына акысыз жумуш аткаруусунан турат.
2. Коомдук иштер сот тарабынан төрт сааттан кырк саатка чейин мөөнөткө дайындалат.
3. Коомдук иштер 55 жаш курактан улуу аялдарга жана 60 жаш курактан улуу эркектерге, кош бойлуу аялдарга, 3 жашка чейинки курактагы баласы бар аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, биринчи жана экинчи даражадагы майыптыгы бар адамдарга жана ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга карата колдонулбайт.”.
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 462-статья менен толукталсын:
“462-статья. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жазаны алмаштыруу
Коомдук иштерди аткаруудан караманча качкан учурда сот ушул Кодекстин 22-статьясында белгиленген тартипте бул жазаны 5 суткага чейин администрациялык камоо менен алмаштырууга укуктуу.”.
4. 6341, 6342-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6341-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу
1. Соттун коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтому укук бузуучу жашаган жердеги ички иштер органына, ал эми туруктуу жашаган жери жок адамдар боюнча – укук бузуу болгон жердеги ички иштер органына жиберилет.
2. Коомдук иштердин түрлөрүн жана аткаруу объектилерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча аныкташат.
3. Укук бузуучулар коомдук ишке соттун тиешелүү токтому ички иштер органдарына келген күндөн тартып үч күндөн ашык эмес мөөнөттө тартылат.
4. Ички иштер органдары укук бузуучуларга коомдук иштерди аткаруунун тартибин жана шарттарын, коомдук иштерди аткаруудан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүшөт, укук бузуучуну коомдук иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктоочу объекттерге жиберишет, иштеген убакытты эсепке алышат жана укук бузуучунун объектилерде коомдук иштерди аткаруусун контролдошот.
6342-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруунун шарттары
1. Укук бузуучулар коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде ички иштер органдарына коомдук иштерди аткарууга келип жана коомдук иштер аткарылуучу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартиптеринин эрежелерин сактоого, эмгекке ак ниет мамиле кылууга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, сот белгилеген коомдук иштин мөөнөтүн иштеп аткарууга, ички иштер органдарына жашаган жерин өзгөрткөндүгү тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
2. Коомдук иштерди аткаруу суткасына төмөнкүдөй мөөнөттөн ашпоого тийиш:
- иштебеген укук бузуучулар үчүн – сегиз сааттан;
- иштеген жана окуган укук бузуучулар үчүн – төрт сааттан.
3. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги өргүү берилгенде коомдук иштерди аткаруу токтотулбайт.
4. Жүйөлүү себептер бар болсо ички иштер органдары укук бузуучуга бир аптанын ичинде азыраак саат иштегенге уруксат берүүгө укуктуу.
5. Коомдук иштердин мөөнөтү соттун коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтому мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып эки айдан ашык эмес мөөнөттө укук бузуучу тарабынан аткарылууга тийиш.
6. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруучу ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына укук бузуучулар аларга тапшырылган иштерди аткарышын контролдоо, укук бузуучулар иштеген убакытты эсепке алуу, иштеген сааттардын саны жөнүндө, укук бузуучулар администрациялык жазаны аткаруудан качышканы жөнүндө ички иштер органдарына билдирүү, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамына ылайык эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо жүктөлөт.
7. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын соттун коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомун аткарбоосу ушул Кодекстин 422-беренесине ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.”.
5. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6343-статья менен толукталсын:
“6343-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан караманча качуу
1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан караманча качуу деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) бир аптанын ичинде коомдук иштерди аткарууга эки же андан көп жолу себепсиз чыкпоо;
2) коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын эки же андан көп жолу бузуу;
3) соттун коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомун белгиленген мөөнөттө аткарбоо.
2. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруудан караманча баш тарткан учурда ички иштер органдары сотко коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жазаны администрациялык камак түрүндөгү администрациялык жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштарын киргизишет.”.
6. VI бөлүмдүн 74-бөлүгүндөгү “, сот тарабынан аныкталуучу түрлөрү” деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти