Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана ѳзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтγ жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жѳнүндө" токтомуна төменкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 138-пункт "көздөш үчүн" деген сездөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары -Борбор) же" деген свздөр менен толукталсын;
- 139-пунктта:
биринчи абзацтагы "Өкмөттүн Аппаратына» деген сөздөр "Борборго" деген сѳзгѳ алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, ал эми ал жокто Аппарат жетекчисинин орун басарлары" деген сөздөр "Борбордун директору, ал эми ал жокто - Борбордун директорунун орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац "адвокаттарга" деген сездөн кийин ", адистерге, эксперттерге, юридикалык компанияларга" деген сѳздѳр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтγү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо маселелерин координациялоочу бир бүтγн орган болуп эсептелет. Борбордун мамлекеттик органдар менен болгон өз ара аракеттенүү тартибин Өкмөт аныктайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |