Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы N 706 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Улуттук жана ички кадрлар резервин түзүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 18-статьясына, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 6-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Ички резерв төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- ошол мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматынан жогорулоого сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө аталган адамдардан;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |