Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 57
“Билим берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-берене.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин кырк төртүнчү жана кырк бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“мектеп-гимназия – башталгыч жалпы, окуп жаткандардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;
мектеп-лицей - башталгыч жалпы, окуп жаткандардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;”.
2. 12-беренедеги “автордук окуу-тарбиялык комплекс” жана “мектеп-комплекс” деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти