Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 48
1994-жылдын 14-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 1994-жылдын 14-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түрк тарапка билдирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Бишкек шаары, 2013-жылдын 10-апрели
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,
аба каттамы жаатындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу менен,
Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары Макулдашуу) жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүгө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ар бир Макулдашуучу тарап белгиленген маршруттар боюнча макулдашылган каттамдарды пайдалануу максатында экинчи Макулдашуучу тарапка бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу кат жүзүндө билдирүү жиберүү жолу менен бир же андан көп авиакомпанияларды дайындоого укуктуу.".
2-берене.
Ушул Протокол Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Ушул Протокол Макулдашуучу тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндө билдирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, ар бири бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Протоколдун англис тилиндеги тексти артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Транспорт жана коммуникациялар министри |
| Тышкы иштер министри |
Калыкбек Султанов |
| Ахмет Давутоглу |