Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 53
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж, № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 30-статьясынын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357 жана 358-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эсептѳшγү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357 жана 358-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.".
2. 30-статьясынын 8-бөлүгү "миң" деген сөздөн кийин "(ушул Кодекстин 357 жана 358-статьяларын кошпогондо)" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.
3. 357-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"357-статья. Банк операцияларын лицензиясыз жузөгө ашыруу
Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз жүзөгө ашыруу, -
жарандарга - беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына -бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки миң эсептѳшүү көрсөткучүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 358-статьясында:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга- беш жүз эсептешүү көрсөткγчүнүн өлчөмүндѳ, кызмат адамдарына -бир миң эсептешүү керсөткүчүнүн өлчемүндѳ, юридикалык жактарга - эки миң эсептешүү көрсөткүчүнγн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
5. 359-статьясында:
- биринчи бөлүгү "финансылык-кредиттик мекемелердин" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 362-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"362-статья. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторду жана монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу -
элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 531-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"531-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357- 362-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн бир ай ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти