Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-февралы № 43
Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Химиялык заттарды коопсуз башкарууну камсыздоо, калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү химиялык заттардын жана алардын аралашмаларынын зыяндуу таасиринен коргоо максатында, ошондой эле бир тарабы Кыргыз Республикасы болуп саналган химиялык продукцияны жүгүртүү боюнча эл аралык келишимдердин жоболорун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын химиялык заттарды башкаруу жагындагы тийиштүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өз компетенцияларынын чегинде химиялык заттарды өндүрүүчү, алып келүүчү (алып чыгуучу), ташуучу, сактоочу, пайдалануучу, утилге чыгаруучу ишкердик субъекттерге 2015-жылдын 1-мартынан тартып белгиленген тартипте төмөнкүдөй текшерүүлөрдү жүргүзүшсүн:
- химиялык продукциянын коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалымдаган химиялык продукцияга маркалоонун жана коштогон документтеринин (Коопсуздук паспортунун) болушун;
- кардарларга берилүүчү упаковкасында жана коштогон документтеринде кардарлар үчүн маалыматтын туура жана толук болушун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |