Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген |
1. Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө бул жобо (мындан ары Жобо) химиялык заттарды/аралашмаларды классификациялоонун бирдиктүү системасын жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптарды аныктайт.
2. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында химиялык заттарды/аралашмаларды өндүрүү (жасоо) жана жүгүртүү, химиялык продукцияны чекене соодалоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жана жеке жактарга, ошондой эле ушул Жобонун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары үчүн милдеттүү.
3. Бул Жобонун күчү төмөнкүлөргө таратылбайт:
- Казылып алына элек абалдагы пайдалуу кендерге;
- ветеринардык даяр дары-дармек каражаттарга жана даяр препараттарга;
- даяр парфюмердик-косметикалык продукцияга;
- иондук нурлануунун булагы болуп саналган химиялык продукцияга, нурлануунун болушу менен шартталган классификациялоо, маркалоо жана коркунучтар жөнүндө маалымдоо жагынан (анын ичинде мындай продукциянын калдыктарына);
- даяр тамак-аш продукциясына, биологиялык активдүү кошумчаларга жана тамак-аш кошумчаларына, ошондой эле жаныбарлар үчүн даяр тоюттарга;
- иштөө процессинде өзүнүн химиялык тутумун жана агрегаттык абалын өзгөртпөгөн, ажыроо жана кычкылдануу процесстерине дуушарланбаган, чаңды, бууну жана аэрозолду пайда кылбаган, коркунучтуу химиялык заттарды камтыган, адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, малдын, өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө терс таасир этүүчү буюмдардын курамындагы продукцияга;
- химиялык продукцияны өндүрүүнүн жана керектөөнүн калдыктарына, алар кайра иштетилбеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рыногуна чыкпаган шартта;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү бажы аймагы аркылуу бажы транзитинин жол-жоболорунун таасирине дуушарлануучу химиялык продукцияга.
Коркунучтуулук белгиси (пиктограмма) - химиялык продукциянын коркунучтуулугу жөнүндө так маалыматты берген графикалык сүрөт, анда продукциянын коркунучтуулугунун түрүнө жана классына жараша коркунучтуулук символдорунун бири жана ага кошумча рамка, фон же түс сыяктуу башка графикалык элементтер түшүрүлгөн;
химиялык заттарды классификациялоо - ГМТнын негизинде коркунучтуулук критерийлерине жараша заттарды коркунучтун конкреттүү классына (ички классына, тибине) кошуу;
коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү - стандарттуу фразалардын топтому, алар продукциянын коркунучтуулугунун категориясын жана бул коркунучтун даражасын белгилөөгө мүмкүндүк берет;
коркунучтун критерийлери - химиялык продукциянын абалынын сандык жана (же) сапаттык белгилери, алардын негизинде коркунучтуу таасирдин түрүнө жана деңгээлине баа берилет;
химиялык продукцияны жүгүртүү - продукциянын жашоо циклинин стадиялары, ал аны өндүрүүнү, ташууну, сактоону, колдонууну, жок кылууну (жок кылууну, утилдештирүүнү) жана соодалоону, өлкөнүн аймагында жүгүртүүнү (алып келүүнү, алып чыгууну жана транзитти) камтыйт;
химиялык продукциянын коопсуздук паспорту (мындан ары - Коопсуздук паспорту) - белгиленген формадагы документ, ал химиялык продукциянын коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалыматтарды, мындай продукцияны жасап-чыгаруучулар (берүүчүлөр, импорттоочулар) жөнүндө маалыматты, химиялык продукцияны коопсуз жүгүртүүнү камсыздоо үчүн алдын алуу чараларын жана коопсуздук талаптарын камтыйт;
химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоосу (мындан ары - эскертүүчү маркалоо) - маалыматтын курамдык бөлүгү, ал маалыматтардын (кыскача текст, өзүнчө графикалык/түстүү символдор жана алардын комбинациялары түрүндө) комплексин билдирет, ал продукцияга жана/же таңгакка жазылат;
пирофордук химиялык продукция - чакан санда болсо да абага аралашкандан кийин 5 мүнөттүн ичинде тутанып кетиши мүмкүн болгон продукция;
пирофордук суюктуктар - чакан санда болсо да абага аралашкандан кийин беш мүнөттүн ичинде тутанып кетиши мүмкүн болгон суюктуктар, анын ичинде аралашмалар жана эриткичтер;
сигналдык сөз - химиялык продукциянын коркунуч даражасына көңүл буруу үчүн колдонулуучу сөз;
коркунуч символу - ар кандай маалымат кыскартылган түрдө берилүүчү графикалык элемент;
токсиндүүлүк - химиялык заттардын механикалык эмес жол менен биологиялык системаларга таасир этип, алардын бузулушун же өлүмүн пайда кыла турган касиети (сапаты): токсиндүүлүк токсиндүү заттын өлүмгө учуратуучу орточо дозасына же өлүмгө учуратуучу орточо концентрациясына тескери чоңдук катары эсептелүүчү токсикометриялык көрсөткүч болуп саналат;
химиялык продукция - химиялык зат же химиялык заттардын аралашмасы (кошулмасы);
өзгөрмө курамдагы химиялык продукция (мындан ары - ӨКХП) - көп компоненттүү химиялык продукция, ал үзгүлтүксүз өндүрүштүк процесстин жүрүшүндө химиялык же физикалык-химиялык кубулуулардын натыйжасы болот, анын компоненттик курамы төмөнкүлөргө байланыштуу белгилениши мүмкүн эмес:
- курамды сапаттык жана сандык жактан аныктоо методологиялык жактан татаал;
- сапаттык жана сандык курам өзгөрүлмөлүү жана/же анык эмес мүнөзгө ээ;
- суу чөйрөсүндө өтө токсиндүү химиялык продукция - кыска мөөнөттүү таасир эткен учурда организмге зыян келтирген продукция;
- химиялык зат - табигый абалда турган же ар кандай өндүрүштүк процесстин натыйжасында алынган химиялык элементтер жана/же алардын кошулмалары, анын ичинде стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ар кандай кошумча, жана алуу процесси менен шартталган ар кандай аралашмалар, бирок буга заттын стабилдүүлүгүн бузбастан же анын курамын өзгөртпөстөн бөлүп алууга мүмкүн болгон ар кандай аралашма кирбейт; химиялык зат 80% (масса боюнча) жана андан ашык концентрацияда болгон продукция химиялык заттарга кирет, мында калган 20% (масса боюнча) же андан азы аралашмалар жана (же) кошумчалар деп эсептелет;
- өнөкөт токсиндүүлүк - токсиндүүлүктүн түрү, ал көп эсе жана/же узакка таасир эткен учурда жандуу организмдин ооруп калышына жана/же өлүмүнө алып келет;
- суу чөйрөсүндөгү өнөкөт токсиндүүлүк ушул зат таасир эткен учурда суу организмдери үчүн зыяндуу натыйжаларды пайда кылуучу ушул затка мүнөздүү касиетти билдирет, ал организмдин жашоо циклине ылайык аныкталат;
- CAS registry number (он же CAS number, CAS RN, CAS #) - Chemical Abstracts Service реестрине киргизилген аралашмалардын эритмелердин, нуклеотиттердин биологиялык ырааттуулугу же аминокислоталардын, химиялык кошулмалардын уникалдуу сандык идентификатору.
4. Химиялык продукцияны классификациялоону химиялык продукцияны жасап-чыгаруучу (жасап-чыгаруучу ыйгарым укук берген жак), экспорттоочу жана импорттоочу жүргүзөт.
5. Химиялык продукцияны коркунучтуу касиеттери боюнча классификациялоо "Химиялык продукциянын коркунучтуулук классификациясы. Жалпы талаптар" ГОСТ 32419-2013 Мамлекеттер аралык стандартына ылайык төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
- химиялык заттардын же ӨКХПнын коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалыматтарды;
- ГМТга ылайык аныкталган критерийлерге шайкештиги жагынан химиялык продукцияны изилдөөнүн (сыноонун) натыйжасында алынган коркунучтуу касиеттер жөнүндө маалыматтарды.
6. Коркунучтуу экендиги физикалык-химиялык касиеттери менен шартталган химиялык продукцияны классификациялоо ГОСТ 32421-2013 "Коркунучтуулугу физикалык-химиялык касиеттери менен шартталган химиялык продукцияны классификациялоо. Жарылуучу химиялык продукциянын сыноо методдору" Мамлекеттер аралык стандартка ылайык жүргүзүлөт:
- жарылуучу химиялык продукция;
- басым астындагы газдар;
- тутануучу газ түрүндөгү химиялык продукция (тутануучу газ);
- аэрозоль идишиндеги тутануучу химиялык продукция;
- тутануучу (күйүүчү) суюктук;
- катуу абалда болгон тутануучу химиялык продукция;
- өзүнөн-өзү ажыроочу (өз алдынча реактивдүү) химиялык продукция;
- пирофордук химиялык продукция;
- өз алдынча ысып кетүүчү химиялык продукция (буга пирофордук химиялык продукция кирбейт);
- сууга кошулганда тутанып кетүүчү газ чыгаруучу химиялык продукция;
- кычкылдануучу химиялык продукция;
- органикалык пероксиддер;
- коррозиялык активдүүлүгү бар химиялык продукция.
7. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу химиялык продукцияны классификациялоо ГОСТ 32423-2013 "Аралашма химиялык продукциянын организмге тийген таасири боюнча коркунучтуулук классификациясы" Мамлекеттер аралык стандартка ылайык жүргүзүлөт":
- организмге таасири жагынан өтө токсиндүү;
- терини оюп кетүүчү (некроз)/дүүлүктүрүүчү;
- көздүн олуттуу бузулушун/көздүн дүүлүгүшүн пайда кылган;
- сенсибилизациялык таасир эткен;
- мутагендик касиети бар (мутагендер);
- канцерогендик касиети бар (канцерогендер);
- тукум улоо функциясына таасир эткен;
- бута-органдарга жана/же тутумдарга ылгап таасир эткен токсиндүүлүгү бар;
- бир жолу жана кыска мөөнөттүү таасир эткен;
- бута-органдарга жана/же тутумдарга ылгап таасир эткен токсиндүүлүгү бар;
- көп жолу же узак таасир эткенде;
- аспирация учурунда коркунучтуу.
8. Айлана-чөйрөгө коркунучтуу химиялык продукциянын классификациялоо ГОСТ 32424-2013 "Химиялык продукциянын айлана-чөйрөгө коркунучун классификациялоо. Негизги жоболор" Мамлекеттер аралык стандартка ылайык жүргүзүлөт:
- озон катмарын бузуучу химиялык продукция;
- суу чөйрөсүндө өтө токсиндүү химиялык продукция;
- суу чөйрөсүндө өнөкөт токсиндүүлүгү бар химиялык продукция:
а) биоаккумуляция болуучу;
б) ажыроо жана трансформациялоо процесстерине туруктуулук (персистенттүү).
9. Эгерде химиялык продукциянын курамында озон катмарын бузуучу химиялык заттардын тизмесиндеги заттардын бирөө эле бар болсо, ал озон катмарын бузуучу продукцияга кирет. Озон катмарын бузуучу химиялык заттардын тизмеси "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасы тарабы болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдер менен, 1987-жылдын 16-сентябрындагы Озон катмарын бузуучу заттар тууралуу Монреал протоколуна жана Монреал протоколуна Пекинде киргизилген оңдоолор (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 139 Мыйзамы менен ратификацияланган) менен аныкталат.
10. Химиялык продукцияны коркунучтуу касиеттери боюнча классификациялоонун критерийлери ГОСТ 32419-2013 "Химиялык продукциянын коркунучтуулук классификациясы. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандартта аныкталган жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) натыйжасында алынган же эсептик ыкмалар менен алынган колдо болгон маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
11. Жасап чыгаруучулар (жасап чыгаруучу ыйгарым укук берген жактар), экспорттоочулар жана импорттоочулар химиялык продукциянын химиялык курамын жана коркунучтуу касиеттерин аныктоо үчүн жалпы кабыл алынган эл аралык номенклатурадагы химиялык заттар жөнүндө маалыматтарды жана CAS номерлерин (бар болсо) пайдаланышат. Жаңы химиялык заттардын курамы жана коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалыматтар лабораториялык изилдөөлөрдүн протоколу менен аныкталат.
12. Коркунучтуулуктун аныкталган классы (подклассы, тиби) Химиялык продукциянын коопсуздугунун паспортунда көрсөтүлөт.
13. Аралашмаларды коркунучтуу касиеттери боюнча классификациялоо төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
- аралашма боюнча изилдөөлөрдүн (сыноолордун) маалыматтары бар болгон учурда классификациялоо жалпысынан ушул маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт;
- аралашма боюнча изилдөөлөрдүн (сыноолордун) маалыматтары жок болгон учурда жалпысынан интерполяция же экстраполяция ыкмалары (классификацияланып жатканга окшош аралашма боюнча колдо болгон маалыматтарды колдонуу менен баа берүү ыкмасы) колдонулат;
- аралашма боюнча изилдөөлөрдүн (сыноолордун) маалыматтары жок болсо, же интерполяция же экстраполяция принциптерин колдонууга мүмкүндүк бере турган маалымат жок болсо; классификациялоо үчүн аралашманын өзүнчө компоненттери боюнча маалыматтардын негизинде коркунучтуулукка баа берүү ыкмасы колдонулат.
14. ӨКХП болгон аралашмаларды классификациялоо учурунда төмөнкүлөр зарыл:
- тиешелүү химиялык продукциянын техникалык документациясына ылайык химиялык продукциянын курамында компоненттин (химиялык заттын) камтылган санынын интервалынын жогорку чегин пайдалануу;
- химиялык продукциянын компоненттик курамы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда классификациялоо изилдөөлөрдүн (сыноолордун) негизинде жүргүзүлөт.
15. Эгерде аралашманын курамына мурда анын курамына кирбеген жана коркунучтуу касиеттерге ээ болгон же ээ болушу ыктымалдуу бир же бир нече химиялык зат кошулган болсо, аралашма коркунучтуу касиеттер боюнча классификациялоо жол-жобосунан кайрадан өтүүгө тийиш.
16. Эгерде химиялык продукциянын курамына кирген химиялык заттардын концентрациясы өзгөрүүсү же алардын баштапкы концентрациясына карата ӨКХП жол берилген сандан ашып кетсе, химиялык продукциянын курамы өзгөргөн учурда ал кайрадан классификацияланууга тийиш.
17. Эскертүүчү маркалоо төмөнкүдөй элементтерди камтууга тийиш:
- химиялык продукциянын идентификациялык маалыматтары (продукциянын аталышы жана белгилениши, анын ичинде соодадагы аталышы, продукциянын курамы жөнүндө маалыматтар жана конкреттүү химиялык продукцияны рынокто жүгүртүлүп жаткан башка химиялык продукциядан так айырмалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар);
- уюм (жак) жөнүндө маалыматтар - өндүрүүчү же жабдуучу жөнүндө маалыматтар, анын ичинде шашылыш кайрылуу үчүн байланыш маалыматтары;
- коркунучтун баяндамасы (эскертүүчү маркалоодо коркунучту сүрөттөөнүн милдеттүү элементтери болуп төмөнкүлөр саналат: коркунучтуулук белгиси, сигналдык сөз, коркунучтуулуктун кыскача мүнөздөмөсү) ГОСТ 31340-2007 "Химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоосу. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандартына ылайык;
- ГОСТ 31340-2007 "Химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоосу. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандартына ылайык коркунучтун алдын алуу боюнча чаралар;
- продукциянын партиясынын реквизиттери, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) продукцияны идентификациялоону камсыз кылган ал жөнүндө маалыматтар (тиби, маркасы, модели, артикулу ж.б.);
б) продукцияны жасоого негиз болгон документтин (документтердин) аталышы жана реквизиттери (техникалык регламент, стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар (бар болсо) же башка ченемдик документ);
в) Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык продукциянын коду (коддору);
с) жана башкалар;
- химиялык продукцияны коопсуз урунуу боюнча толугураак маалымат Коопсуздук паспортунда айтылганын көрсөтүү.
18. Коркунучтун ар бир түрүнүн ар бир классы боюнча ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык сигналдык сөз жана коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү берилет. Эскертүүчү маркалоодо анын элементтери ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык жайгаштырылат.
19. Коркунучтуулук белгилери (пиктограмма) ГОСТ 31340-2007 "Химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоосу. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандартына ылайык аткарылууга тийиш.
20. Коркунучтуулук белгилери төмөнкүдөй болууга тийиш:
- контрасттуу фондо жайгаштырылууга;
- бири-бири менен катар жана упаковканын бир эле бетинде жайгаштырылууга (коркунучтун бир нече белгилерин жайгаштыруу зарыл болгондо);
- упаковкада анын эч бир башка бөлүгү же маркалоонун башка элементтери коркунучтун белгилерин жаап жана (же) тосуп калбагыдай түрдө жайгаштырылууга;
- эскертүүчү маркалоонун бетинин аянтынын 1/25 кем эмес бөлүгүн ээлөөгө.
21. Эгерде упаковканын өлчөмдөрү жана формасы ушул Жобонун 19 жана 20-пункттарынын талаптарына ылайык коркунучтуулук белгисин жайгаштырууга мүмкүндүк бербесе, коркунучтуулук белгиси упаковкага бекем бекитилген этикетканын жардамы менен же башка ылайыктуу ыкма менен жазылууга тийиш.
22. Коркунучтуулук символдору ГОСТ 31340-2007 Мамлекеттер аралык стандартка ылайык коркунучтуулук белгисинде тартылат (ушул токтомдун 4-тиркемеси).
23. Химиялык продукциянын маркалоосунда коркунучтун бир нече символун жайгаштырган учурда төмөнкүдөй эрежелерди сактоо зарыл:
- коркунуч "баш сөөк жана кайчылашкан жиликтер" символун жайгаштырган учурда, коркунучтун "илеп белги" символу тартылбайт;
- терини оюп кетүүчү (некроз)/дүулүктүрүүчү жана/же көздү олуттуу бузуучу/көздүн былжыр чел кабыгын дүүлүктүрүүчү химиялык продукцияны белгилөө үчүн колдонулуучу "эки пробиркадан куюлган жана металлга жана колго так калтыруучу суюктук" коркунуч символун жайгаштырган учурда, көздү же терини дүүлүктүргөн продукцияны белгилөө үчүн коркунуч "илеп белги" символу тартылбайт;
- дем алганда сенсибилизациялоочу таасири бар продукцияны маркалоо үчүн "адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу" коркунуч символун жайгаштырган учурда, териге тийген учурда сенсибилизациялоочу таасирди белгилөө үчүн коркунучтун "илеп белги" символу тартылбайт.
24. ГОСТ 31340-2007 Мамлекеттер аралык стандартка ылайык химиялык продукциянын коркунучтуулук классына (подклассына, тибине) жараша "Коркунучтуу" же "Абайла" деген сигналдык сөздөр колдонулат:
"Коркунучтуу" сигналдык сөзүн колдонгон учурда "Абайла" сигналдык сөзү колдонулбайт.
25. Коркунучтун алдын алуу боюнча чаралар (эскертүүчү чаралар) төмөнкүдөй төрт топко бөлүнөт:
- химиялык продукцияны коопсуз пайдалануу боюнча алдын алуучу чаралар - "Эскертүү";
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу боюнча чаралар жана алгачкы жардам чаралары - "Таасир кылуу";
- химиялык продукцияны коопсуз сактоо боюнча алдын алуучу чаралар - "Сактоо";
- химиялык продукцияны коопсуз утилдештирүү боюнча алдын алуучу чаралар - "Утилдештирүү";
жана ГОСТ 31340-2007 Мамлекеттер аралык стандартка ылайык химиялык продукциянын маркалоосунда көрсөтүлөт.
26. Керектөөчүлөр үчүн маалыматта жана (же) маркалоо жазылган жерде ГОСТ 31340-2007 Мамлекеттер аралык стандартка ылайык коркунучтуу химиялык продукциянын таасиринен жекече коргонуунун зарыл каражаттары жөнүндө маалымдаган кошумча символдор жайгаштырылышы мүмкүн.
27. Коркунучтуу жүктөрдү ташуу учурунда транспорттук тарага БУУнун коркунучтуу жүктөрдү ташуу боюнча Типтүү эрежелерине ылайык коркунуч белгиси коюлат. Транспорттук тара керектөөчүлүк тара дагы болгон учурларда да транспорттук талаптар ГМТ талаптарына кошумча түрдө колдонулат.
28. Химиялык продукцияны жасап чыгаруучу (жасап чыгаруучу ыйгарым укук берген жак), жүгүртүүгө чыгаруучу импорттоочу Маалыматтык-аналитикалык подсистемага химиялык продукция жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу Коопсуздук паспортун түзөт жана анда камтылган маалыматтар үчүн жоопкерчилик тартат.
29. Коопсуздук паспорту химиялык продукцияга карата коштоо документтеринин курамына киргизилиши мүмкүн.
30. Коопсуздук паспорту химиялык продукция жүгүртүүгө чыгарылганга чейин толтурулат.
31. Коопсуздук паспорту төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- химиялык продукцияны идентификациялоо жана жасап чыгаруучу же жабдуучу тууралуу маалымат;
- коркунучту (коркунучтарды) идентификациялоо;
- курамы/компоненттери жөнүндө маалымат;
- алгачкы жардам чаралары;
- өрт өчүрүү чаралары жана каражаттары;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу чаралары;
- химиялык продукцияны сактоонун жана жүктөө-түшүрүү операцияларындагы иштөөнүн эрежелери;
- таасирин контролдоо чаралары жана жекече коргонуу каражаттары;
- физикалык-химиялык касиеттери;
- туруктуулук жана реакцияга жөндөмдүүлүк;
- токсикологиялык маалымат;
- айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасири тууралуу маалымат;
- утилдештирүү жөнүндө маалымат;
- транспорттук маалымат;
- улуттук жана эл аралык укуктук жөнгө салуу жөнүндө маалымат;
- кошумча маалымат.
Коопсуздук паспортунун тиешелүү бөлүмдөрүндө камтылууга тийиш болгон маалыматтарга жалпы талаптар ГОСТ 30333-2007 "Химиялык продукциянын Коопсуздук паспорту. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандартта келтирилген.
32. Коопсуздук паспортунун түп нускасы жасап-чыгаруучуда (жасап-чыгаруучу ыйгарым укук берген жакта), импорттоочуда, ошондой эле электрондук документ түрүндө Маалыматтык-аналитикалык подсистемада сакталат.
33. Коопсуздук паспортунун колдонулуу мөөнөтү чектелген эмес.
34. Коопсуздук паспорту төмөнкүдөй учурларда жаңыланууга жана кайра басып чыгарылууга тийиш:
- жасап-чыгаруучунун (жасап-чыгаруучу ыйгарым укук берген жактын), импорттоочунун аталышы жана (же) дареги өзгөргөн учурда;
- химиялык продукцияны өндүрүүгө негиз болгон документ жокко чыгарылганда, кайра каралганда же өзгөртүлгөндө;
- ушул Жобонун 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык кайталап классификациялоого алып келген химиялык продукциянын курамы өзгөргөндө;
- Коопсуздук паспортунун тиешелүү бөлүмдөрүнө киргизилген маалыматтардын толук жана ишенимдүү болушун жогорулаткан кошумча же жаңы маалымат келип түшкөндө.
35. Химиялык продукцияны жасап-чыгаруучулар (жасап-чыгаруучу ыйгарым укук берген жактар), импорттоочулар Маалыматтык-аналитикалык подсистемада жайгаштырылган маалыматтар жаңыланганы жөнүндө билдирүү аркылуу Коопсуздук паспортунун жаңы редакциясын чыгарууга чейинки бир жылдын ичинде химиялык продукцияны алган негизги керектөөчүлөргө жаңы редакция чыгарылгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш.
36. Керектөөчүлөрдүн жана (же) бардык кызыкдар болгон жеке же юридикалык жактардын талабы боюнча Паспорттун көчүрмөсү аларга акысыз берилүүгө тийиш.
|
| Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1-таблица
Жарылуучу заттарды маркалоо элементтери
| Туруктуу эмес жардыргыч заттар | 1.1-подкласс | 1.2-подкласс | 1.3-подкласс | 1.4-подкласс | 1.5-подкласс | 1.6-подкласс |
Символ | Жарылып жаткан бомба | Жарылып жаткан бомба | Жарылып жаткан бомба | Жарылып жаткан бомба | Жарылып жаткан бомба же 1.4 кызгылт сары фондо(*) | 1.5 кызгылт сары фондо(*) | 1.6 кызгылт сары фондо(*) |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | Коркунучтуу | Сигналдык сөз жок |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Туруктуу эмес жардыргыч зат | Жардыргыч зат; массанын жарылуу коркунучу бар | Жардыргыч зат; чачыроо жагынан кыйла коркунуч бар | Жардыргыч зат; өрт чыгуу, жарылуу же чачыроо коркунучу бар | Өрт чыгуу же чачыроо коркунучу бар | Басым астында массанын жарылуусу мүмкүн | Коркунучун белгилөө жок |
(*) Айрым жөнгө салуу максатында (мисалы, ташуу максатында) заттарга, аралашмаларга же буюмдарга карата колдонулат.
2-таблица
Тутануучу газдарды (анын ичинде химиялык жактан туруксуз газдар) маркалоо элементтери
| Тутануучу газдар | Химиялык жактан туруксуз газдар | ||
| 1-класс | 2-класс | А класс | В класс |
Символ | Жалын | Символу жок | Символу жок | Символу жок |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла | Кошумча сигналдык сөзү жок | Кошумча сигналдык сөзү жок |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Өтө тез тутануучу газ | Тутануучу газ | Реакция болгондо аба жок болсо да жарылат | Реакция болгондо басым жогору учурда жана/же температура учурунда аба жок болсо да жарылат |
3-таблица
Тутантуучу жана тутанбоочу аэрозолдорду маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Жалын | Жалын | Символу жок |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Өтө тез тутануучу аэрозоль. Басым астындагы баллон: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Тутануучу аэрозоль. Басым астындагы баллон: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Басым астындагы баллон: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн |
4-таблица
Кычкылдануучу газдарды маркалоо элементтери
| 1-класс |
Символ | Тегеректин үстүндөгү жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Отту пайда кылышы же күчөтүшү мүмкүн, кычкылданткыч |
5-таблица
Басым астындагы газдарды маркалоо элементтери
| Кысылган газ | Суюлтулган газ | Суюлтулган муздатылган газ | Эритилген газ |
Символ | Газ баллон | Газ баллон | Газ баллон | Газ баллон |
Сигналдык сөз | Абайла | Абайла | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Басым астындагы газ бар: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Басым астындагы газ бар: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Муздатылган газ бар: үшүк алууну же травманы пайда кылышы мүмкүн | Басым астындагы газ бар: ысыганда жарылып кетиши мүмкүн |
6-таблица
Тутануучу суюктуктарды маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | 4-класс |
Символ | Жалын | Жалын | Жалын | Символу жок |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Өтө тез тутануучу суюктук, буусу абага кошулганда жарылуу коркунучу бар аралашманы пайда кылат | Тез тутануучу суюктук, буусу абага кошулганда жарылуу коркунучу бар аралашманы пайда кылат | Тутануучу суюктук, буусу абага кошулганда жарылуу коркунучу бар аралашманы пайда кылат | Күйүүчү суюктук |
7-таблица
Тутануучу катуу заттарды маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс |
Символ | Жалын | Жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Тутануучу катуу зат | Тутануучу катуу зат |
8-таблица
Өзүнөн-өзү ажыроочу заттарды жана алардын аралашмаларын маркалоо элементтери
| А тиби | В тиби | С жана D типтери | Е жана F типтери | G тиби(*) |
Символ | Жарылуучу бомба | Жарылуучу бомба жана жалын | Жалын | Жалын | Бул класс үчүн маркалоо элементтери каралган эмес |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Ысыганда өрт же жарылуу болушу мүмкүн | Ысыганда өрт чыгышы мүмкүн | Ысыганда өрт чыгышы мүмкүн |
(*) G тиби үчүн маркалоо элементтери каралган эмес, бирок ал коркунучтун башка класстарына тиешелүү касиеттер бар экендиги жагынан текшерилүүгө тийиш.
9-таблица
Пирофордук суюктуктарды маркалоо элементтери
| 1-класс |
Символ | Жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Ачык абада өзүнөн-өзү тутанат |
10-таблица
Пирофордук катуу заттарды маркалоо элементтери
| 1-класс |
Символ | Жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Ачык абада өзүнөн-өзү тутанат |
11-таблица
Өзүнөн-өзү ысып кетүүчү заттарды жана алардын аралашмаларын маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс |
Символ | Жалын | Жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Өзүнөн-өзү ысыйт; тутанып кетиши мүмкүн | Көп сандагы өзүнөн-өзү ысып кетүүчү; тутанганга чейин өзүнөн-өзү ысып кетиши мүмкүн |
12-таблица
Сууга тийгенде тутануучу газды бөлүп чыгарган заттарды жана алардын аралашмаларын маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Жалын | Жалын | Жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Сууга тийгенде тутануучу газды бөлүп чыгарат, алар өзүнөн-өзү тутанып кетиши мүмкүн | Сууга тийгенде тутануучу газды бөлүп чыгарат | Сууга тийгенде тутануучу газды бөлүп чыгарат |
13-таблица
Кычкылдануучу суюктуктарды маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Тегеректин үстүндөгү жалын | Тегеректин үстүндөгү жалын | Тегеректин үстүндөгү жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Тутанып же жарылып кетиши мүмкүн; күчтүү кычкылдантуучу | Отту күчөтүшү мүмкүн; кычкылдантуучу | Отту күчөтүшү мүмкүн; кычкылдантуучу |
14-таблица
Кычкылдантуучу катуу заттарды маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Тегеректин үстүндөгү жалын | Тегеректин үстүндөгү жалын | Тегеректин үстүндөгү жалын |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Тутанып же жарылып кетиши мүмкүн; күчтүү кычкылдантуучу | Отту күчөтүшү мүмкүн; кычкылдантуучу | Отту күчөтүшү мүмкүн; кычкылдантуучу |
15-таблица
Органикалык пероксиддерди маркалоо элементтери
| А тиби | В тиби | С жана D типтери | Е жана F типтери | G тиби(*) |
Символ | Жарылып жаткан бомба | Жарылып жаткан бомба жана жалын | Жалын | Жалын | Бул класс үчүн маркалоо элементтери каралган эмес |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Ысыганда жарылып кетиши мүмкүн | Ысыганда тутанып же жарылып кетиши мүмкүн | Ысыганда тутанып кетиши мүмкүн | Ысыганда тутанып кетиши мүмкүн |
(*) G тиби үчүн маркалоо элементтери каралган эмес, бирок ал коркунучтун башка класстарына тиешелүү касиеттери бар экендиги жагынан текшерилүүгө тийиш.
16-таблица
Металлдын коррозиясын пайда кылуучу заттарды жана алардын аралашмаларын маркалоо элементтери
| 1-класс |
Символ | Коррозия |
Сигналдык сөз | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Металлдын коррозиясын пайда кылышы мүмкүн |
|
| Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого 2-тиркеме |
1-таблица
Өтө токсиндүүлүктү маркалоо элементтери
|
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | 4-класс | 5-класс |
Символ | Баш сөөк жана жиликтер | Баш сөөк жана жиликтер | Баш сөөк жана жиликтер | Илеп белги | Символу жок | |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | Абайла | |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Пероралдык | Жутканда өлүмгө алып келет | Жутканда өлүмгө алып келет | Жутканда токсиндүү | Жутканда зыяндуу | Жутканда зыяндуу болушу мүмкүн |
Дермалдык | Териге тийгенде өлүмгө алып келет | Териге тийгенде өлүмгө алып келет | Териге тийгенде токсиндүү | Териге тийгенде зыяндуу | Териге тийгенде зыяндуу болушу мүмкүн | |
Ингаляциялык таасир эткенде(*) | Дем алганда өлүмгө алып келет | Дем алганда өлүмгө алып келет | Дем алганда токсиндүү | Дем алганда зыяндуу | Дем алганда зыяндуу болушу мүмкүн | |
(*) Эгерде зат/аралашма коррозиялык катары аныкталса (териге же көзгө таасири жөнүндө маалымат сыяктуу маалыматтардын негизинде) коррозиялык бузулуунун коркунучтуулугу ошондой эле символ жана/же коркунучту белгилөө аркылуу айрым компетенттүү органдар тарабынан белгилениши мүмкүн.
2-таблица
Жегич/терини дүүлүктүрүүчү продукцияны маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | ||
| 1А | 1В | 1C | ||
Символ | Оюп кетүү | Оюп кетүү | Оюп кетүү | Илеп белги |
|
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Коркунучтуу | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Теринин олуттуу күйүп калышын жана көздүн жараланышын пайда кылат | Теринин олуттуу күйүп калышын жана көздүн жараланышын пайда кылат | Теринин олуттуу күйүп калышын жана көздүн жараланышын пайда кылат | Теринин дүүлүгүүсүн пайда кылат | Теринин бир аз дүүлүгүүсүн пайда кылат |
3-таблица
Көздүн олуттуу жараланышын/дүүлүгүүсүн пайда кылуучу продукцияны маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс А | 2-класс В |
Символ | Оюп кетүү | Илеп белги | Символу жок |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Көздүн олуттуу жараланышын пайда кылат | Көздүн олуттуу дүүлүгүүсүн пайда кылат | Көздүн дүүлүгүүсүн пайда кылат |
4-таблица
Респиратордук же тери сенсибилизациясы боюнча маркалоо элементтери
| Респиратордук сенсибилизация 1-класс жана 1А жана 1В подкласстар | Тери сенсибилизациясы. 1-класс жана 1А жана 1В подкласстар |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу | Адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Аллергиянын же астманын симптомдорун же аба менен кошо жутканда дем алуунун оорлошун пайда кылышы мүмкүн | Териге тийгенде аллергиялык реакцияны пайда кылышы мүмкүн |
5-таблица
Түйүлдүк клеткалардын мутагендүүлүгүн маркалоо элементтери
| 1-класс 1А жана 1В подкласстар | 2-класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Генетикалык мандемдерди пайда кылышы мүмкүн (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Генетикалык мандемдерди пайда кылуу жагынан шектенүүлөр бар (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) |
6-таблица
Канцерогендүүлүктү маркалоо элементтери
| 1-класс 1А жана 1В подкласстар | 2-класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Ракты пайда кылышы мүмкүн (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Ракты пайда кылуу жагынан шектенүүлөр бар (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) |
7-таблица
Репродуктивдүү токсиндүүлүк жөнүндө эскерткен маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | Лактацияга же ал аркылуу таасир этүү үчүн кошумча класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Символу жок |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла | Сигналдык сөзү жок |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Тукум улоого таасир этиши же төрөлгөн балага зыян келтириши мүмкүн (эгерде конкреттүү таасир жөнүндө белгилүү болсо, аны көрсөтүү) | Тукум улоого таасир этиши же төрөлгөн балага зыян келтириши жагынан шектенүү бар (эгерде конкреттүү таасир жөнүндө белгилүү болсо, аны көрсөтүү), (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Эмчек эмген балдарга зыян келтириши мүмкүн |
8-таблица
Бир жолу таасир эткен учурда адамдын конкреттүү бута-органы үчүн токсиндүүлүгү бар химиялык продукцияны маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Илеп белги |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Органдарга зыян келтирет (эгерде белгилүү болсо, таасир этүүчү бардык органдарды көрсөтүү, же эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Органдарга зыян келтириши мүмкүн (эгерде белгилүү болсо, таасир этүүчү бардык органдарды көрсөтүү, же эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Дем алуу органдарынын дүүлүгүүсүн пайда кылышы же уйкуну келтирип жана баш айландырышы мүмкүн |
9-таблица
Көп жолу таасир эткен учурда адамдын конкреттүү бута-органы үчүн токсиндүүлүгү бар химиялык продукцияны маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Узак же көп жолу таасир этүүнүн натыйжасында органдарга зыян келтирет (эгерде белгилүү болсо, таасир этүүчү бардык органдарды көрсөтүү) (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) | Узак же көп жолу таасир этүүнүн натыйжасында органдарга зыян келтириши мүмкүн (эгерде белгилүү болсо, таасир этүүчү бардык органдарды көрсөтүү) (эгерде коркунучту пайда кылган кирүүнүн башка жолдору жок экени ишенимдүү далилденсе, организмге кирүүнүн жолдорун көрсөтүү) |
10-таблица
Аспирация учурунда токсиндүүлүктү маркалоо элементтери
| 1-класс | 2-класс |
Символ | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч | Адамдын ден соолугу үчүн коркунуч |
Сигналдык сөз | Коркунучтуу | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Жутканда жана дем алуу жолдоруна киргенде өлүмгө дуушарлантышы мүмкүн | Жутканда жана дем алуу жолдоруна киргенде зыяндуу болушу мүмкүн |
|
| Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого 3-тиркеме |
1-таблица
Суу чөйрөсү үчүн коркунуч жөнүндө маркалоо элементтери
Курч
| 1-класс | 2-класс | 3-класс |
Символ | Айлана-чөйрө | Символу жок | Символу жок |
Сигналдык сөз | Абайла | Сигналдык сөзү жок | Сигналдык сөзү жок |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Суу организмдери үчүн өтө токсиндүү | Суу организмдери үчүн токсиндүү | Суу организмдери үчүн зыяндуу |
2-таблица
Суу чөйрөсү үчүн коркунуч жөнүндө маркалоо элементтери
Өнөкөт
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | Класс 4 |
Символ | Айлана-чөйрө | Айлана-чөйрө | Символу жок | Символу жок |
Сигналдык сөз | Абайла | Сигналдык сөзү жок | Сигналдык сөзү жок |
|
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Узак мөөнөттүү кесепеттери менен суу организмдери үчүн өтө токсиндүү | Узак мөөнөттүү кесепеттери менен суу организмдери үчүн токсиндүү | Узак мөөнөттүү кесепеттери менен суу организмдери үчүн зыяндуу | Суу организмдери үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди пайда кылышы мүмкүн |
3-таблица
Озон катмары үчүн коркунучтуу заттар жана аралашмалар үчүн маркалоо элементтери
| 1-класс |
Символ | Илеп белги |
Сигналдык сөз | Абайла |
Коркунучтун кыскача мүнөздөмөсү | Озон катмарын бузуу аркылуу адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирет |
|
| Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Жалын | Тегеректин γчтγндѳгγ жалын | Жарылып жаткан бомба |
Газ γчγн баллон | Коррозия/оюп кетγγ, эки пробиркадан коюлуп, металлды жана колду кγйгγзгѳн суюктуктар | Баш сѳѳк жана кайчылашкан жиликтер |
Илеп белги | Айлана-чѳйрѳ Куураган бак жана ѳлгѳн балык | Адамдын ден соолугу γчγн коркунуч |
Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого 5-тиркеме |