Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна
толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6-10-баптар менен толукталсын:
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду белгилөө жана төлөп берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 1-пункт | ||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Белгиленген тартипте жумушсуз деп таанылган Кыргыз Республикасынын жарандары | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 29-октябрында № 707 токтому менен бекитилген Каттоонун шарттары жана тартиптери, жумушсуздукка жөлөкпул жана жумушсуз жарандарга кесиптик даярдык көрүү мезгилинде стипендия төлөп берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө жобо | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кезек күтүүнү кошо алганда, арыз берүүчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убакыт – 30 минут. Жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан алар катталган учурдан тартып 11 күндө кабыл алынат. Жумушсузга жөлөкпул бир жылда 6 календарлык айдын ичинде айына бир жолудан кем эмес, бирок үч жылдын ичинде 12 айдан ашырбастан төлөнөт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын бардык кабинеттеринде алардын аталыштарын көрсөткөн маалыматтык тактачалары бар. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын кабыл алууну ишке ашырган бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификациялык тактачалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербестен, жарандарга мамиле кылууда адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жөлөкпул алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: - паспортту; -эмгек китепчесин же аны алмаштыруучу документтерди; - иш менен камсыз кылуу фондуна чегерүүнүн болушу жөнүндө Социалдык фонддун көчүрмөсүн. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген тартипте жумушсуз деп табылган жарандарга, эмгек акысынан камсыздандыруу төгүмүн Иш менен камсыз кылуу фондуна 12 айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде милдеттүү чегерүү шартында төлөнүп берилет | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралган: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтому толук берилбесе | ||
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке ишкердикти уюштуруу максатында жумушсуз жарандарга микрокредит берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 2-пункт | ||
22 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Белгиленген тартипте жумушсуз деп таанылган Кыргыз Республикасынын жарандары | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрындагы № 484 токтому менен бекитилген Калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкерликти уюштуруу үчүн жумушсуз жарандарга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана чакан кредит берүүнүн, жумушсуз жарандар үчүн иш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү финансылык жактан колдоонун тартиби жөнүндө жобо | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Микрокредит алуу | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, документтерин кабыл алууга чектелген убакыт – 30 минут. Чечим кабыл алуунун максималдуу мөөнөтү - 30 күн Кезекти күтүүнү кошо алганда, жыйынтык берүү – 30 күн, кызмат бир гана жолу көрсөтүлөт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын бардык кабинеттеринде алардын аталыштарын көрсөткөн маалыматтык тактачалары бар. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын кабыл алууну ишке ашырган бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификациялык тактачалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербестен, жарандарга мамиле кылууда адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди бериши керек: - микрокредит алуу үчүн күрөөгө коюлган мүлккө документтер; - жеке иш ачууга техникалык-экономикалык негиздеме (бизнес-эсеп); - паспорт | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
| ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралган: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - күрөөгө коюу үчүн мүлкү жок болсо; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтому толук берилбесе; - эгерде арыз ээси бул кызматты колдонгон болсо | ||
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу программаларынын чегинде жарандарды убактылуу иш орундары менен камсыз кылуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 3-пункт | ||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуу кызматында жумушсуздук боюнча каттоодо турган жарандар | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрындагы № 484 токтому менен бекитилген Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жөнүндө жобо | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Арыз берүүчүнү убактылуу ишке орноштуруу | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кезек күтүүнү кошо алганда, арыз берүүчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убакыт – 30 минут. Кайрылган учурдан тартып кызматты колдонууга чейинки максималдуу мөөнөт- 1 ай. Кезек күтүүнү кошо алганда, жолдомо берүүгө чектелген убакыт – 30 минут. Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү - 6 айга чейин | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын бардык кабинеттеринде алардын аталыштарын көрсөткөн маалыматтык тактачалары бар. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын кабыл алууну ишке ашырган бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификациялык тактачалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербестен, жарандарга мамиле кылууда адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн. Жумуш берүүчүгө маалымат иш менен камсыз кылуу максатында берилиши мүмкүн | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге жолдомо алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - паспорт; - ыйгарым укуктуу орган берген жумушсуз адамды каттоо карточкасы | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралган: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - арыз берүүчүнүн паспорту жок болгон учурда | ||
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдардын ордун төлөп берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 5-пункт | ||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Өзүнүн ишин мамлекеттик саясатка ылайык жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндө жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары-жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сөөктү же бир нече сөөктү мекенине алып келүүгө байланыштуу иш жүзүндө чыгым тарткан жана акы төлөө фактысын тастыктаган документтери бар юридикалык жана жеке жактар | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускама; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 317 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Чет мамлекетте эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан чыгымдардын ордун төлөп берүү | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Консультация берүүгө, документтерди кабыл алууга, анын ичинде кезек күтүүгө чектелген убакыт-30 минут. Документтерди кароо мөөнөтү - 5 күнгө чейинки убакытты алат. Комиссия карагандан кийин оң чечилсе, акча чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 календардык күндүн аралыгында которулат | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайты; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын такталары, буклеттери жана брошюралары; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - “189 – шыр байланыш” боюнча; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык органдарынын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык тактачалары бар. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди тең салмактоо жана аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарып, жарандарга мамиле кылууда адепти, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускаманын негизинде жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын директорунун атына же эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОго компенсация төлөп берүү үчүн паспортун же аны алмаштырган документин көрсөтүү менен арыз берет (каза болгондон кийин алты айдан кем эмес убакытта). Компенсациялык төлөм алуу үчүн арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет: - өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - акыркы иштеген жеринен мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат, же каза болгондун иштеген жерин, иш берүүчүнүн реквизиттерин, иштеген мезгилин көрсөтүү менен каза болгон адам келген жердеги кыргыз диаспорасынын жетекчисинин же чет мамлекеттин жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген чет өлкөдө эмгектенген фактысын тастыктаган башка документ; - расмий коштомо документтер (транспорттук кызмат көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп жүрүүгө ишеним кат, табытты каңдоо жөнүндө акты, жугуштуу оорулардын жоктугу жөнүндө маалымкат); - төлөөчү тарабынан чыгымдардын төлөнгөндүгү (коштомо кагаздар, төлөө жөнүндө дүмүрчөк); - төлөөчүнүн паспортунун же аны алмаштырган документтин көчүрмөсү | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз, анын ичинде консультация берүү, ошондой эле документтерди кабыл алуу жана кароо | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Борбор компенсация алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтарды бере алат | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Компенсациялык төлөмдөрдү алуу боюнча түшкөн арыздарды караган комиссия, компенсацияны төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди төмөнкүдөй учурда кабыл алууга укуктуу: - керектүү документтердин жоктугу; - каза болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо; - каза болгон адам чет өлкөдө легалдуу эмгектенбесе; - документтерди берүү мөөнөтү каза болгон күнүнө карата алты айдан ашып кетсе | ||
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшүү. МККБР (тизмеги), 3-бап, 4-1-пункт | ||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Өзүнүн ишин мамлекеттик саясатка ылайык жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндө жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары-жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандары ошондой эле иш берүүчүлөр | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 317 токтому менен бекитилген Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эмгек келишиминин негизинде чет өлкөдө ишке орноштуруу жана эмгек визасын ачуу | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Эл аралык келишимдерге ылайык ишке чыгууга чейин даярдыктарга жана убакыттык мөөнөт боюнча жеке тартиптер коюлган (документтерди кароо, тилдик жана кесиптик даярдоолор, чет тилин билүүгө тест берүү, медициналык текшерүү, визалык көмөктөшүү). Жалпы баарына мөөнөттөр: эмгектик келишимге кол коюуга 15 күнгө чейин мөөнөт берилет. Адистер менен жеке баарлашууга 15 мүнөттөн ашык убакыт берилет. Телефон аркылуу адистер менен жеке баарлашууга 10 мүнөттөн ашык убакыт берилет. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөнөтү 6 ай. Документтерди алууга жана даярдоого, кезекте күтүү менен чогуу - 30 мүнөткө чейин убакыт каралган | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; -тынымсыз байланыш-189; - телефон аркылуу. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен биргеликте эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, тактайчаларда жайгашкан | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык органдарынын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык тактачалары бар. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди тең салмактоо жана аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарып, жарандарга мамиле кылууда адепти, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда гана берилет | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Изденүүчү жеке кайрылуусунун жана изденүүчү анкетасын толтуруунун негизинде ишке орношот. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жумуш издөөчүнүн кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (кеңеш берүүчү) иш издөөчүгө ишке орношуудагы кызмат көрсөтүү жана шарттары боюнча керектүү консультацияларды берет. Маалымат берүү тикеден тике маалымат пунктунда (жеке аңгемелешүүдө), ошондой эле телефон аркылуу жүргүзүлөт. Иш издөөчүгө жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында бош орун маалымат банкын кароо сунушталат. Ылайыктуу бош орунду ылгап алгандан кийин иш берүүчүгө анын кандидатурасын кароо үчүн жиберүүгө иш издөөчү анкета толтурат. Иш издөөчүнүн анкетасын кароо жыйынтыгынан кийин иш берүүчү аңгемелешүүнү белгилейт. Иш берүүчү менен болгон аңгемелешүүдөн өткөн учурда ыйгарым укуктуу өкүл иш берүүчү талап кылса же иш издөөчүнү тандалган бош орунга орноштуруу милдеттүү түрдө болсо тил билими боюнча тесттен өтүүгө жиберет. Эгерде иш издөөчү чет тилдерин билбесе, ага каалаган тил үйрөтүү борборунан билим алуу сунушталат. Иш издөөчү алып келүүсү зарыл: - толтурулган анкета (аныкталган форматта); - паспорттун көчүрмөсү (ID-карта, жалпы жарандык паспорт); - 4 даана сүрөт (3,5 х 4,5); - соттуулук жөнүндө справка; - медициналык кароо жөнүндө справка (аныкталган формада) Квалификациялуулугун тастыктаган документтер (квалификациялуу жумушчулар үчүн): диплом, сертификат, эмгек китепчеси. Иш берүүчү алып келүүсү зарыл: - персоналдарды ылгап алууга табыштама; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; - уставдын көчүрмөсү; - салык төлөөчүнүн каттоосунун көчүрмөсү; - квотанын болушу жөнүндө тастыктоочу маалымат | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
| Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргызстандын жарандары ишке орношо турган өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы түзгөн келишимдин негизинде аныкталат жана монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик ыйгарым органы менен макулдашылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жайгашкан көрсөткүчтөрдүн баасы менен чагылдырылат | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын курагы, жынысы, улуту жана диний ишеними боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук формада); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) күтүүчүнүн керектөөлөрүнө дал келүүсү | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Борбор жумуш издөөчүгө электрондук форматта банкта болгон бош орундар, иш берүүчү жана окуу жайлардын тизмеси жөнүндө маалымат бере алат | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралган: эгерде арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе, соттуулугу алынбаган, издөөдө жүргөндөр, ишке орношууга талап кылынган документтерди толук бербегендер | ||
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз берүүчү белгиленген тартипте Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
|
|
|
|
|
”;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 4-бап менен толукталсын:
“
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкат берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жумушу жана иштеп тапканы (кирешеси) жок жумуш издөөчү, ишке киришүүгө даяр жана ЭМЖМ АО кайрылган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандары жумушу жок катары катталганга укуктуу. Маалымкат эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО жашаган жери боюнча жумушсуз катары катталган жарандарга берилет |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 29-октябрында № 707 токтому менен бекитилген Каттоонун шарттары жана тартиптери, жумушсуздукка жөлөкпул жана жумушсуз жарандарга кесиптик даярдык көрүү мезгилинде стипендия төлөп берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкат
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда-сырттагы ажатканалар) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Арыз берүүчүдөн, кезекте күтүү менен документтерди алууга чектелген убакыт -30 мүнөт. Арыз берүүчүнү жумушсуз катары тануу чечими 10 күндүн ичинде кабыл алынат. Маалымкатты, кезекте күтүү менен бирге берүү мөөнөтү - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары: Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык органдарынын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бардык кабинеттеринде ишке тартылган кызматкерлердин аты-жөнү жана жооптуу чөйрөсү көрсөтүлгөн маалыматтык тактачалары бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди тең салмактоо жана аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарып, жарандарга мамиле кылууда адепти, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жумушсуз катары кайрылган жарандарды каттоо калкты алардын жашаган жериндеги иш менен камсыз кылуунун шаардык жана райондук мамлекеттик кызмат органдары тарабынан жумушсуз: - паспортун; - эмгек китепчесин (эгерде бар болсо) -өзүнүн кесиптик квалификациясын ырастоочу документтерин (эгерде мындай бар болсо) берүүсү зарыл |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Жумушсуз деп табылбайт жана катталбайт: -16 жаш курагына толбогон; - жарандар, III топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучу граждандардан тышкары Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалган пенсионерлер; |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгилинин аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
”;
- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 3-бап менен толукталсын:
“
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Кыргыз Республикасында эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндө, анын ичинде качкындар, кесиптик-техникалык билим берүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО). Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө кызыккан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой иш берүүчү катары саналган уюмдар жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын калың катмарына ишке орношуу боюнча маалыматты жайылтууну камсыз кылуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген күтүү жайлары, ажатканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары), жылытуусу, суу түтүгү, телефону бар имаратта; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча; Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (ДМЧА) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жеке кайрылууда консультация берүү убактысы 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсуна жеке кайрылуу аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунун маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсунда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - ЖМК; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АОсундагы такталар, буклеттер жана брошюралар; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын АОсунун такталарына жана сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын бардык кабинеттеринде алардын аталыштарын көрсөткөн маалыматтык тактачалары бар. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын кабыл алууну ишке ашырган бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификациялык тактачалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербестен, жарандарга мамиле кылууда адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Купуялуулук талап кылынбайт. Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат эркин берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Талап кылынбайт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы жыйынтыктын (алынган тейлөөнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында эркин берилет. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АО пайдалануучуларга суроо талап боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө өздөрүндө бар маалыматты жергиликтүү, аймактык, регионалдык масштабда электрондук почта аркылуу жиберишет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу каралган эмес |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

»: