Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 63
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 63 токтому менен жактырылды |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары менен жеке менчиктеги ишканаларга жана уюмдарга, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жана уюмдарга бөлүштүрүү боюнча белгиленген квотанын эсебинен жарандарды ишке кабыл алууда негизсиз баш тарткандыгы үчүн бирдей жоопкерчиликти белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин (мындан ары - АЖжК) 3-беренесинде белгиленген мыйзам алдында жарандардын тең укуктуулук принцибин жана укук бузуулардын курамдарынын бирдейлигин эске алып, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган АЖжКнын беренелерин бир беренеге бириктирүүнү сунуш кылабыз.
АЖжКнын сунуш кылынган 213-7 жана 252-1-беренелерине карата да ушундай эле сунуш айтабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-бөлүгү менен сунушталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо дареги боюнча шайлоо участкасында алардын добуш берүүсүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик АЖжКнын 59-беренесинде каралган жоопкерчиликти кайталайт.
Ошондой эле мыйзам алдында жарандардын тең укуктуулугунун аталган принцибин эске алып, АЖжКнын 72-беренесинде каралган жана 72-1-беренеси менен сунушталган бир түрдүү курамдагы административдик укук бузууларга бирдей жазаны белгилөөнү сунуш кылабыз.
АЖжКнын 79-1, 85-2 жана 85-3-беренелери боюнча административдик жоопкерчиликти белгилеген жана кызматынан четтетүү түрүндөгү административдик жазаны караган толуктоолор "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине дал келбейт, анда мамлекеттик кызматчы ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда убактылуу четтетилиши белгиленген:
1) Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан мыйзамга ылайык иш боюнча ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом кабыл алуу менен - биротоло чечим чыгарганга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (мамлекеттик кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - териштирүү жүргүзүүнүн бардык мезгилине.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сот адилеттигине жетүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти белгилөө сунушталууда. Бирок белгилей кетүүчү жагдай "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө эсептелген жүрүм-турумдун жалпыга милдеттүү эрежелери жана кайталап колдонуу ченемдик укуктук актыларда камтылган. Тиешелүү түрдө, административдик жоопкерчилик ченемдик укуктук актыларда каралган конкреттүү талаптарды бузгандыгы үчүн каралышы керек.
Мында "сот адилеттигине жетүүгө тоскоолдуктар" термини - өтө жалпыланган түшүнүк жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келбейт, анда укук ченемдерин баяндаган учурда өтө жалпылоочу маанилерди колдонуудан этият болуу керектиги белгиленген.
Мындан тышкары, АЖжКнын 421-1-беренесинде сунушталган административдик укук бузуу тууралуу иштерди карап чыгууга укук кайсы органдын ыйгарым укуктарына тиешелүү экендигин аныктоо зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда укук колдонуучу үчүн дискрециялык ыйгарым укуктар камтылгандыгын белгилөө керек. Айыптын суммасынын төмөнкү жана жогорку чегинин ортосундагы олуттуу айырма коррупциялык иш-аракеттердин пайда болуусуна көмөк көрсөтөт, субъекттерге мыйзамдуу түрдө бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан өз каалоосу боюнча тигил же бул кырдаалды талдоого укук берет. Ушуга байланыштуу, Өкмөт айыптын суммасынын бир так өлчөмүн белгилөөнү сунуштайт.