Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 74
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., №4, 392-бер.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 35-главанын аталышындагы “Педагогика кызматкерлеринин” деген сөздөр “Педагогикалык жана илимий кызматкерлердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 378-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“378-статья. Билим берүүчү уюмдардын жана илимий мекемелердин кызматкерлери менен эмгек келишими
Билим берүүчү уюмдардагы жана илимий мекемелердеги илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими боюнча жүргүзүлөт.
Билим берүүчү уюмдардагы жана илимий мекемелердеги илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкердин кызмат орундарын ээлөөгө, анын ичинде илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкердин кызмат ордуна которууга байланыштуу эмгек келишимин түзүү ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо тиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандоо менен коштолот.
Кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү кызмат орундарына карата өткөрүлбөйт:
- жогорку кесиптик билим берүүнүн жана илимий мекемелердин мамлекеттик уюмдарынын жетекчилерине;
- факультеттин деканына жана кафедра башчысына;
- кош бойлуу аялдар ээлеген илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге;
- үч жашка чейинки балдары бар аялдар ээлеген илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге;
- айкалыштырып иштөө боюнча ишке же түзүлүүчү билим берүү уюмуна же илимий мекемеге кабыл алууда окумуштуулар (илимий, педагогикалык, методикалык) кеңеши ишин баштаганга чейин илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге – бир жылдан ашпаган мөөнөткө жана мыйзамга ылайык жумуш орду сакталуучу убактылуу иштебеген кызматкердин ордун ээлөө үчүн – ушул кызматкер жумушка чыкканга чейин.
Кызматкер ээлеп, аны менен эмгек келишими түзүлгөн илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкердин кызмат ордун ээлөөгө конкурс эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндө өткөрүлөт.
Илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлердин кызмат ордун ээлөө тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы факультеттин деканынын, кафедра башчысынын кызмат орундары шайлануучу кызмат орундары болуп эсептелинет. Аталган кызмат орундарына шайлоонун тартиби жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын уставдары жана жоболору менен аныкталат.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде ректорлордун, проректорлордун, директорлордун, директорлордун орун басарларынын, факультеттин декандарынын, филиалдардын (институттардын) жетекчилеринин кызмат орундарын эмгек келишимдерин түзүү убактысына карабастан 65 жаштан улуу эмес курактагы адамдар ээлешет. Аталган кызмат орундарын ээлеп турган жана ушул куракка жеткен адамдар өздөрүнүн квалификациясына туура келген башка кызматка белгиленген тартипте которулат.
Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жана илимий мекемелердин жетекчилери билим берүү жана илим чөйрөсүндө мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда кызматка дайындалышат жана бошотулушат.
Проректорлор мөөнөттүү эмгек келишими боюнча ишке кабыл алынат. Проректордун мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюму менен түзгөн мөөнөттүү эмгек келишиминин аяктоо мөөнөтү жаңы ректор дайындалган учурдан баштап аяктайт.”.
3. 381-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“381-статья. Илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлер менен эмгек келишимин токтотуу үчүн кошумча негиздер
Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган негиздерден сырткары билим берүү уюмдарынын жана илимий мекемелердин илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлери менен эмгек келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) билим берүү уюмунун жана илимий мекеменин уставын 1 жылдын ичинде кайталап одоно бузганда;
2) окугандарга, тарбиялануучуга карата күч жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүү менен байланышкан тарбиялоо методун колдонгондо, анын ичинде бир жолу;
3) мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунун жана илимий мекеменин ректору, директору, проректору, директорунун орун басары, факультеттин деканы, филиалдын (институттун) жетекчиси 65 жашка жеткенде.”.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти