Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 60
Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө
таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүүнү жүргүзүү жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуу максаттарында, «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |