Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-февралы № 60 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) белгиленген иштин айлана-чөйрөгө берген таасирин баалоону (мындан ары - АТББ) жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. АТББ жүргүзүүнүн максаты белгиленген иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жана аны менен байланышкан социалдык, экономикалык жана башка кесепеттерине жол бербөө жана/же жеңилдетүү болуп саналат.
3. АТББны жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ар кандай белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир берүүсүнүн потенциалдуу экологиялык коркунучунун презумпциясы;
- АТББ жүргүзүүдө экологиялык коопсуздуктун талаптарын милдеттүү түрдө эсепке алуу;
- алдын алуу;
- объективдүүлүк;
- альтернативдүүлүк (анын ичинде белгиленген иштен баш тартуу варианты);
- комплекстүүлүк (жаратылыштык, социалдык жана техногендик чөйрөлөрдөгү таасирди баалоону кароо жана эске алуу);
- айкындуулук;
- коомчулуктун оюн эске алуу;
- илимий жактан негиздүүлүк;
- маалыматтын аныктыгы жана толуктугу.
4. Таасирди баалоонун жыйынтыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- белгиленген ишти ишке ашырууда жана/же альтернативдик варианттарды жайгаштырууда айлана-чөйрөгө таасирдин мүнөзү жана масштабдары тууралуу негизги тыянактар;
- белгиленген ишти ишке ашыруудагы экологиялык жана аны менен байланышкан социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерди сүрөттөө жана алардын маанилүүлүгүн баалоо;
- белгиленген иштин айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон олуттуу зыяндуу таасирин алдын алуу, минималдаштыруу же компенсациялоо боюнча чараларды сүрөттөө жана социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу;
- объектинин артыкчылыктуу жерде жайгашышын, белгиленген иштин эң жакшы жеткиликтүү техникалык жана башка чечимдерин, ошондой эле аны ишке ашыруудан баш тартууну тандоону негиздөө.
5. АТББ тизмеси 1-тиркемеде келтирилген «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү экологиялык экспертизага алынуучу иштин түрлөрү үчүн жана ушул Жобонун 5-11-тиркемелеринде келтирилген талаптардын негизинде жүргүзүлөт.
6. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
авариялык кырдаал - долбоордо каралган тиешелүү техникалык каражаттардын жардамы менен кызматкерлерге, калкка жана айлана-чөйрөгө тийүүчү бардык жагымсыз кооптуу таасирдин булактары коркунучтуу эмес чекте кармалып турган, аварияга айланбаган, чектердин жана/же коопсуз эксплуатациялоо шарттарынын бузулушу менен мүнөздөлгөн потенциалдуу коркунуч объектисинин абалы;
альтернативдер - негизги максатка жетүүнүн ар кандай варианттары жана сунушталган иштин зарылдыгы;
АТББ боюнча документтер - белгиленген чарбалык жана башка иштин АТББны жүргүзүүнүн натыйжасында даярдалган документтердин комплектиси;
айлана-чөйрөгө тийген таасир жөнүндө арыз (АЧТА) - белгиленген иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун аткарылган негизги жыйынтыктарын камтыган техникалык эмес мүнөздөгү резюме;
экологиялык кесепеттер жөнүндө арыз (ЭКА) - документ, белгиленген ишти ишке ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнүн өлчөмдөрү жөнүндө долбоордун демилгечисинин расмий билдирүүсү;
долбоордон сырткаркы авария - кызматкерлердин (персоналдын) жаӊылыш чечимдерин ишке ашырууга, долбоордук аварияларга салыштырмалуу коопсуздук тутумдарынын бир жолку иштебей калуусунан иштен чыгуу менен коштолгон же баштапкы окуялардан долбоордук авариялар үчүн эсепке алынбаган авария;
олуттуу таасир мүмкүн болуучу аймак - белгиленген ишти ишке ашыруунун, АТББнын натыйжалары боюнча айлана-чөйрөнүн жана/же анын айрым компоненттеринде тике же кыйыр олуттуу өзгөрүүлөр чыгышы мүмкүн болгон чөлкөм;
инженердик иликтөөлөр - курулуш районунун максатка ылайыктуу экендигин - реконструкциялоодо, жаӊы же мурдагы имараттарды жана курулуштарды долбоорлоодо жайгашкан жерин, техникалык өлчөмдөрүн негиздөөгө мүмкүндүк берген анын техникалык жана экономикалык иликтөөлөрүнүн комплекси. Курулуштагы инженердик иликтөөнүн курамына инженердик-геодезикалык, инженердик-геологиялык, инженердик-гидрометеорологиялык жана инженердик-экологиялык иликтөөлөр кирет;
долбоордун демилгечиси - белгиленген долбоордук чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы ресурстары бар юридикалык же жеке жак, ишти уюштуруучу;
АТББ боюнча иштерди аткаруучу - АТББ жүргүзүүгө долбоордун демилгечиси укук берген, аны жүргүзгөн физикалык же юридикалык жак;
таасирди баалоо боюнча изилдөөлөр - таасирди баалоону максаттуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жыйноо, талдоо жана документтештирүү;
коомчулук менен консультациялар - белгиленип жаткан иш-аракеттин мүмкүн болгон айлана-чөйрөгө тийүүчү тасиринин бардык аспекттерин аныктоого, максималдуу объективдүү маалыматка жетишүүгө жана коомчулуктун пикирин эсепке алуу максатында АТББнын алкагында жүргүзүлгөн коомчулукту маалымдоого багытталган иш-чаралар комплекси;
белгиленген иш - долборлоо, куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, модернизациялоо, өндүрүштүн тармагын өзгөртүү, аны жоюу жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка иш;
окшош объект - долбоорлонгон объектиге функционалдык мааниси, технико-экономикалык көрсөткүчтөрү жана конструктивдик мүнөздөрү боюнча салыштырмалуу объект;
айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу;
долбоордон кийинки талдоо - долбоордо каралган жаратылышты коргоо жана белгиленген ишти ишке ашыруу учурундагы (курулуш, пайдалануу жана жоюу) башка чечимдердин натыйжалуулугун аныктоого багытталган комплекстүү изилдөөлөр;
потенциалдуу таасир этүү мүмкүн болгон чөлкөм - белгиленген ишти ишке ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөнүн жана/же анын айрым компоненттеринде жарыяланган булактардын маалыматтары жана/же окшош объекттердин иш жүзүндөгү маалыматтары боюнча чектеринде тикелей же кыйыр түрдөгү өзгөрүүлөр пайда болушу мүмкүн болгон аймак (акватория);
жаратылыш-ресурстук потенциал - жаратылыш ландшафттарынын, климаттык шарттарынын, минералдык ресурстарынын, жер кыртыштарынын, суу ресурстарынын, атмосферанын, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн бар экендигин жана географиялык түзүмдөрүнүн абалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бааланган жаратылыш чөйрөсү;
долбоордук авария - долбоордо алгачкы окуялар жана акыркы абалы аныкталган, ага байланыштуу коопсуздук тутумдары каралган авария;
трансчегаралык таасир - 2001-жылдын 12-январындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын трансчегаралык контекстеги айлана-чөйрөгө болгон таасирди баалоо жөнүндө БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын Конвенциясына кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тигил же башка Тараптын юрисдикциясында турган, физикалык булагы башка Тараптын юрисдикциясына туш келген аймактын чегинде жайгашкан, белгиленген иш пайда кылган, глобалдык мүнөздөгү гана эмес ар кандай таасир.
7. АТББ процессинин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) долбоордун демилгечиси;
2) АТББ боюнча иштерди аткаруучу;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
4) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же анын аймактык органдары;
5) коомчулук (коомдук уюмдар, калк).
8. Долбоордун демилгечиси:
1) долборлоо процессинде АТББ жүргүзүүнү уюштурат;
2) белгиленген иш жайгашкан жердин жаратылыш шарттары тууралуу так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген комплекстүү изилдөөлөрдү жана инженердик иликтөөлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле белгиленген ишти ишке ашыруу учурунда айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн болжолун түзүү боюнча маалыматтарды алууну камсыздайт;
3) АТББ процессинин бардык катышуучуларына белгиленген ишке жана белгиленген иш жайгашкан жердеги айлана-чөйрөнүн абалына тийиштүү болгон толук жана так маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет;
4) айлана-чөйрөгө тийген таасир тууралуу арызды (мындан ары – АЧТА) жана/же кызыкдар коомчулук үчүн АТББ боюнча документтерди алуусун камсыздайт. АЧТАнын формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилет;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы аркылуу коомчулук менен консультация өткөрөт;
6) АТББ жүргүзүүнүн натыйжаларын эске алат жана айлана-чөйрөгө жана калктын ден-соолугуна эӊ аз зыян келтирген вариантты базалык вариант катары (каралгандардын арасынан) кабыл алууну камсыздайт;
7) АТББ жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча экологиялык кесепеттер тууралуу арызды (мындан ары - ЭКА) даярдайт жана аны АТББ боюнча документтердин курамында мамлекеттик экологиялык экспертизага берет. ЭКАнын формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилет;
8) АТББ боюнча иштерди (анын ичинде трансчегаралык ишти) каржылоону камсыздайт;
9) айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык органдарына, коомчулукка белгиленген ишти ишке ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин натыйжалары жөнүндө маалымат берет.
9. АТББ боюнча иштерди аткаруучу:
1) ишти уюштуруу пландалган аймактагы айлана-чөйрөгө окшош объекттердин таасири жана калктын жашоосунун социалдык-экономикалык шарттары жөнүндө маалыматты талдоодогу айлана-чөйрөнүн абалы жана калктын жашоосунун социалдык-экономикалык шарттары жөнүндө маалыматты чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат;
2) АТББ боюнча иштердин толук көлөмүн жана деңгээлин аныктайт;
3) айлана-чөйрөгө таасир берүүсү мүмкүн болгон бардык булактарды, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу боюнча чаралардын жана чечимдердин толуктугун, жетиштүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктайт;
4) долбоорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында (куруу, эксплуатациялоо, жоюу) мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын булактарын аныктайт, алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чечимдерди иштеп чыгат;
5) белгиленген ишти ишке ашырууда айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүүсүнүн божомолун түзөт;
6) иликтөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн зарыл багыттарын аныктайт, АТББ жүргүзүүдө АТББнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын жетишсиздиги аныкталган учурда кошумча иликтөөлөрдү, изилдөөлөрдү өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
7) белгиленген иштин мүмкүн болгон альтернативдүү варианттарын анын ичинде белгиленген ишти ишке ашыруудан баш тартуу вариантын талдайт жана ишке ашырууга сунушталган вариантты экологиялык коопсуздук көз карашында негиздейт;
8) ишкананы куруу, эксплуатациялоо жана жоюу процессинде айлана-чөйрөнүн абалына компоненттери боюнча мониторингдин ресурстук камсыздоо программасын иштеп чыгат;
9) АТББ боюнча документтерди долбоордук документтердин курамдык бөлүгү катары тариздейт;
10) АТББ боюнча документтердин негизинде АЧТАны түзөт;
11) баалоонун толуктугуна жана тактыгына, алардын экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайык келишине жооп берет.
10. АТББ боюнча ишти аткаруучу долбоордун демилгечиси менен бирге:
1) коомчулук менен өткөрүлгөн консультацияларга катышат;
2) АТББ боюнча документтерди (аны белгиленген тартипте демилгелеген учурда) мамлекеттик экологиялык экспертизага жана коомдук экологиялык экспертизага берүүнү жүзөгө ашырат;
3) АТББ боюнча документтерге айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органдарынын, коомчулуктун берген сын-пикирлерине жана сунуштарына жоопторду даярдайт;
4) алынган негиздүү сын-пикирлер, сунуштар боюнча АТББга тийиштүү документтерге оңдоолорду киргизет.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ведомствого тийиштүү аймакта белгиленген ишти ишке ашыруунун мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алуу процессинде ошол аймактагы коомчулукту, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же анын аймактык органдарына маалымат берүүнү камсыздайт;
2) долбоордун демилгечисине коомчулук менен консультация өткөрүүгө жардам берет;
3) өзүнүн аймагында же өзүнүн администрациялык аймагына чектеш жерде ишке ашыруу пландалган объекттердин экологиялык экспертизасына катышуу үчүн эксперттик комиссиянын курамына эксперттерди (каалоосу боюнча) жиберет;
4) белгиленген тартипте коомдук экологиялык экспертиза өткөрүүнү уюштурууну демилгелейт;
5) ведомствого тийиштүү аймакта белгиленген ишти ишке ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу коомчулукка маалымдоону камсыздайт.
12. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же анын аймактык органдары:
1) АТББ жүргүзүү процессинин бардык катышуучуларына консультациялык жардам берет;
2) долбоордук документтердин курамында АТББ боюнча документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзөт;
3) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге жана уюмдарга, массалык маалымат каражаттарына алардын суроо-талаптары боюнча АТББ боюнча документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берет;
4) долбоорду ишке ашыруу баскычында объектиге экологиялык мониторинг жүргүзөт.
13. Коомчулук:
1) АТББ чегинде өткөрүүчү консультацияларга, аны өткөрүүнүн бардык баскычтарына, анын ичинде трансчегаралык АТББ жол-жоболоруна катышат;
2) АТББ жол-жобосу зарыл болгон учурларда айлана-чөйрөгө жана калктын ден-соолугуна жагымсыз таасир бериши мүмкүн болгон ишке тийиштүү бардык сунуштар жөнүндө маалымат алат.
14. Коомчулук менен консультация өткөрүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) айлана-чөйрөнү коргоого тийиштүү суроолор боюнча коомчулукка маалымдоо;
2) коомчулуктун экологиялык маанилүү чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышуу укуктарын ишке ашыруу;
3) белгиленген ишти ишке ашырууга тийиштүү болгон, таасирди баалоо процессинде айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана чечимдерди кабыл алуу боюнча коомчулуктун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу;
4) белгиленген ишти ишке ашыруу учурунда айлана-чөйрөгө тийүүчү зыяндуу таасирлердин алдын алуу жана минималдаштыруу маселелерин чечүүдө, долбоордун демилгечиси жана коомчулук үчүн өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу.
15. Коомчулук менен консультация өткөрүү төмөнкүлөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт:
1) АТББ боюнча документтерди коомчулукка тааныштыруу жана айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды документтештирүү;
2) коомчулук кызыкдар болгон учурда АТББга тийиштүү документтерди талкуулоо боюнча жыйын өткөрүү.
16. Коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) коомдук талкуулар жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
2) долбоордун демилгечисинен жана/же башка жеткиликтүү жерлерден (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы аймактык органдардан) коомчулуктун АТББ боюнча документтерди алуусун камсыздоо, ошондой эле АТББ жөнүндө отчетту иштин демилгечисинин сайтына жайгаштыруу (мындай сайт болгон учурда);
3) коомчулукту АТББ боюнча документтер менен тааныштыруу;
4) коомчулук кызыкдар болгон учурда:
- АТББ боюнча документтерди талкуулоо боюнча өткөрүлө турган жыйындын күнү жана жери жөнүндө коомчулукка билдирүү;
- сын-пикирлерди жана сунуштарды жыйноо жана талдоо, АТББ боюнча документтерди коомдук талкуудан өткөрүүнүн натыйжалары боюнча пикирлердин жыйынды маалыматтарын тариздөө.
17. Коомдук талкуулар жөнүндө билдирүү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) долбоордун демилгечиси жөнүндө маалыматты (аталышын, юридикалык, почталык жана электрондук дарегин, телефонунун жана факсынын номерин);
2) белгиленген иштин аталышын, негиздемесин жана сүрөттөлүшүн;
3) белгиленген иштин жайгашкан жери жөнүндө маалыматты;
4) белгиленген ишти ишке ашыруунун мөөнөтү жөнүндө маалыматты;
5) АТББ боюнча документтерге коомдук талкууларды өткөрүүнүн жана сын-пикирлерди берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалыматты;
6) АТББ боюнча документтер менен кайдан таанышып, алар боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды кайда жиберсе боло тургандыгы жөнүндө маалыматты (аталышы, почтасынын дарегин, интернет сайт, байланышкан адамдын аты-жөнү жана кызматы, телефонунун жана факстын номери, электрондук дареги);
7) жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө, АТББ боюнча документтерди талкуулоо боюнча жыйын өткөрүүнүн зарылчылыгы жөнүндө арызды жиберүүнүн мөөнөтү жана коомдук экологиялык экспертиза өткөрүү ниети жөнүндө маалыматты.
18. Коомдук талкууларды өткөрүү мөөнөтү коомдук талкуулар жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кем болбошу керек.
19. Коомдук талкуулар жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары долбоордун демилгечиси менен бирге, ушул Жобонун 16-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жерлерде АТББ боюнча документтерди жайгаштырат жана коомчулукка коомдук талкуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде АТББ боюнча документтер менен таанышууга жана сунушталган документтер боюнча суроолорду, сын-пикирлерди жана сунуштарды документтештирүү мүмкүнчүлүгүнө жол берүүнү камсыздайт.
20. АТББ боюнча документтерди талкуулоо жыйындарын («тегерек столдорду», коомдук угууларды жана жолугушууларды ж.б.) өткөрүү жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) катышуучуларды каттоо;
2) жыйынды ачуу;
3) тапшырык ээсинин өкүлүнүн сүйлөшү (оозеки баяндама же презентация);
4) АТББ боюнча ишти аткаруучунун сүйлөшү (презентация);
5) суроолордун түшүшү, аларды талдоо, даярдыкты талап кылбаган суроолорго жооп берүү же кошумча изилдөөлөрдү жана иликтөөлөрдү өткөрүү;
6) жыйынтыгын чыгаруу жана жыйынды аяктоо.
АТББ боюнча документтерди талкуулоодо жыйын учурунда коюлган суроолорго жооп берилбесе, анда ал суроолор боюнча жооптор, анын авторлоруна, каттоо учурунда көрсөтүлгөн почталык же электрондук дарекке, жыйын өткөн күндөн баштап 30 календардык күндүн ичинде жиберилиши керек.
21. АТББ тийиштүү документтерди талкуулоодо жыйындын натыйжалары боюнча жыйын учурунда АТББ жөнүндө документтерге түшкөн суроолордун, сын-пикирлердин жана сунуштардын тизмеги, алардын авторлорун жана аларга берилген жоопторду жана жыйындын катышуучуларынын жалпы санын көрсөтүү менен жыйындын протоколу түзүлөт.
Коомдук талкуулардын протоколуна долбоордун демилгечиси менен келишим боюнча АТББ жөнүндөгү иштерди аткаруучу даярдаган пикирлердин жыйынтык маалыматтары тиркелет. Ушул жыйынтык маалыматка коомдук талкуулар процессинде АТББ боюнча документтерге келип түшкөн сын-пикирлердин жана сунуштардын бардыгы камтылат.
22. АТББ жөнүндөгү документтерди коомдук талкуулоолордун натыйжалары боюнча долбоордун демилгечиси жана АТББ боюнча ишти аткаруучу, экологиялык жана аны менен байланышкан социалдык-экономикалык негиздүүлүктө, белгиленген ишти болжолдогон аймакта ишке ашыруунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жана аны ишке ашыруудагы башка кесепеттер жөнүндө макулдашылган сунушту түзүшөт.
23. Зарыл болгон учурларда долбоордун демилгечиси талкуулоолордун натыйжалары, сын-пикирлерди жана сунуштарды талдоо, кошумча маалыматтарды чогултуу, кошумча изилдөөлөрдү жана иликтөөлөрдү өткөрүү боюнча долбоордук чечимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында коомдук талкуулоолор процессин бир азга токтотушу мүмкүн. Белгиленген иштин долбоордук чечимдери жана АТББ боюнча документтерди кайра иштелип чыккандан кийин, мурда эске алынбаган таасирлерди жана кесепеттерди кароо үчүн коомдук талкуулоолор кайрадан жүргүзүлөт.
24. Эгер коомчулук тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылбаса АТББ боюнча документтерди талкуулоочу жыйын өткөрүлбөйт.
25. АТББ төмөнкү баскычтарды камтыйт:
1) АТББ жүргүзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алуу;
2) алдын ала АТББ;
3) АТББ;
4) долбоордон кийинки талдоо.
26. АТББ жүргүзүүнүн биринчи баскычы - АТББ жүргүзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алуу, ушул баскычтын чегинде трансчегаралык таасирдин мүмкүндүгүн кошкондо, белгиленген ишти айлана-чөйрөгө таасир тийгизген катары баалоонун зарылдыгы аныкталат. Чечим, ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн АТББга тийиштүү иштин түрлөрүнүн тизмегинин негизинде, долбоордун демилгечиси тарабынан кабыл алынат.
27. Белгиленген ишти трансчегарада олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон иштин түрлөрүнө киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууда, трансчегаралык контексте айлана-чөйрөгө таасир берүүнү баалоо тууралуу БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын Конвенциясынын I жана III кошумчаларын колдонуу керек.
28. Коркунучтун I категориясына[1] тийиштүү болгон иштин түрлөрүнө, ошондой эле трансчегарада олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон объектилерде АТББны толук көлөмдө жүргүзүү милдеттүү болуп эсептелет.
29. АТББны кыскартылган көлөмдө өткөрүү II жана III коркунуч категорияларына тийиштүү болгон иштин түрлөрү үчүн жүргүзүлөт.
30. Ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилген тизмектеги айлана-чөйрөгө төмөн деңгээлде таасир берген объектилер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертизаны алуучу иштин долбооруна ЭКАнын толтурулган формасы жетиштүү.
31. АТББ жүргүзүүнүн экинчи баскычы –долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон кесепеттерин комплекстүү талдоо, альтернативдик варианттарды баалоо, айлана-чөйрөнү коргоону башкаруунун планын (программасын) иштеп чыгуу максатында аткарылган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен коштолгон жана төмөнкүлөрдү камтыган алдын ала АТББ:
1) белгиленген иштин кыскача сүрөттөлүшүн;
2) белгиленген иштин таасир бериши мүмкүн болгон потенциалдуу чөлкөмдүн чек араларындагы аймактын айлана-чөйрөсүнүн учурдагы абалын баалоону;
3) белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир берүүсүнүн мүмкүн болгон түрлөрүн баалоону;
4) белгиленген иштин альтернативдүү варианттарынын айлана-чөйрөгө болгон таасирин баалоону;
5) белгиленген иш объектилерин курууда, эксплуатациялоодо жана эксплуатациядан чыгарууда айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүүлөрүн болжолдоону жана баалоону;
6) белгиленген иш объектилерин курууда, эксплуатациялоодо жана эксплуатациядан чыгарууда айлана-чөйрөгө олуттуу зыяндуу таасирлердин алдын алуу, аларды минималдаштыруу жана/же компенсациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууну;
7) АТББ жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча тыянактар;
8) АЧТА.
Таасир этүүнү алдын ала баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары АТББ жөнүндө отчет түрүндө таризделет.
32. АТББ жүргүзүүнүн үчүнчү баскычы - долбоордук документтерди (долбоорду, иш долбоорун) коштоочу, төмөнкүлөрдү камтыган белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир берүүсүн баалоо:
1) ишти жүзөгө ашыруунун тандалып алынган вариантынын таасиринин такталган комплекстүү баалоосун;
2) белгиленүүчү иштин айлана-чөйрөгө жана калктын ден-соолугуна болгон таасирин алдын-алуу, жеңилдетүү жана минималдаштыруу, анын иштеши жана жоюлушу боюнча такталган техникалык чечимдер жана чаралардын комплексин;
3) белгиленген иш объектилерин курууда, эксплуатациялоодо жана эксплуатациядан чыгарууда айлана-чөйрөнүн абалына компоненттелген мониторинг жана өндүрүштүк контролдоонун ресурстук камсыздалган программасын;
4) булгоочу заттардын чыгарылышынын, төгүлүшүнүн, калдыктардын пайда болушунун жана жайгаштырылышынын долбоордук ченемдерин;
5) ЭКА.
Таасир этүүнү баалоонун натыйжалары, долбоордун (иш долбоорунун) «Айлана-чөйрөнү коргоо» бөлүмү түрүндө таризделет.
33. АТББ жүргүзүүнүн төртүнчү баскычы - ал айлана-чөйрө үчүн объектинин коопсуздугун далилдөө жана жаратылышты коргоо иш-чараларын оңдоо иши бүткөндөн бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлүүчү, төмөнкүлөрдү камтыган долбоордон кийинки талдоо:
1) долбоордон кийинки талдоонун жүрүшүндө объектинин, долбоордо каралган жаратылышты коргоо жана башка чечимдери айлана-чөйрөнүн жана калктын ден-соолугун камсыздоо жана өз маалында оңдоо максатында иш жүзүндөгү натыйжалуулукту аныктоого багытталган комплекстүү изилдөөлөрдү жүзөгө ашырууну;
2) долбоордон кийинки талдоону жүргүзүү планы АТББнын материалдарын эске алуу менен иштелип чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен макулдашылат.
3) долбоордон кийинки талдоону жүргүзүүнү уюштурууну жана ал ишти контролдоону долбоордун демилгечиси камсыздайт.
4) долбоордон кийинки талдоону жүргүзүүнү адистешкен уюм (илимий-изилдөөчү, долбоордук же башка уюм, фирма) жүзөгө ашырат;
5) долбоордон кийинки талдоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, иштин түрүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин тийгизүүсүн максималдуу төмөндөтүүгө багытталган конкреттүү сунуштарды, мурда белгиленген ченемдерге, уруксаттын шарттарына жана тиркемелерге (өлчөөнүн маалыматтары, лабораториялык талдоолор, фотоматериалдар, интервьюнун натыйжалары жана башкалар) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды камтыган отчет түзүлөт.
6) долбоордон кийинки талдоону жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет иштин конкреттүү түрүнүн айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүсүн төмөндөтүү боюнча зарыл чараларды кабыл алуу үчүн долбоордун демилгечисине берилет. Отчет документтерди иштеп чыккан долбоордук уюмга, АТББ боюнча ишти аткаруучуга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, коомчулукка жеткиликтүү болушу керек;
7) долбоордун демилгечиси коомчулуктун суроо-талабы боюнча долбоордон кийинки талдоону жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымдайт.
5. Трансчегаралык таасир берүүчү объектилер үчүн АТББнын өзгөчөлүктөрү
34. Олуттуу заяндуу трансчегералык таасир бериши мүмкүн болгон ишти пландоодо АТББ жол-жобосу трансчегаралык контексте айлана-чөйрөгө болгон таасирди баалоо жөнүндө БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын Конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл-аралык келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
35. АТББ боюнча документтерге төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:
1) долбоордун демилгечисинин жана АТББ боюнча ишти аткаруучунун реквизиттери;
2) белгиленген иштин жалпы мүнөздөмөсү, белгиленген иштин зарылдыгын негиздөө;
3) АТББ жүргүзүүнүн кайсы бир баскычынын чегинде аткарылган белгиленген иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо;
4) протоколдор менен таризделген жана белгиленген иштин экологиялык аспекттерин коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча тыянактарды камтыган коомдук ой-пикирди эске алуу жана коомчулукка маалымдоо боюнча материалдар;
5) АТББ жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча негизги тыянактар;
6) айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү жөнүндө арыз (АЧТА);
7) экологиялык кесепеттер жөнүндө арыз (ЭКА);
8) АТББ боюнча документтердин тиркемелери (карталар, схемалар, диаграммалар, пайдаланылган материалдардын тизмеси, жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, изилдөө жүргүзгөн уюмдардын жана аткаруучулардын тизмеси, ж.б.);
9) АТББ жүргүзүү учурунда пайдаланылган ченемдик укуктук актылардын, жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү укуктук карым-катнашты жөнгө салуучу ченемдик-техникалык жана нускама-методикалык документтердин тизмеги.
36. АТББ боюнча документтер долбоордун демилгечиси тарабынан бекитилет жана долбоордук документтердин курамында мамлекеттик экологиялык экспертизага берилет.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1 - тиркеме |
1. Энергетика объекттери:
1) жылуулук электрборборлору, жылуулук электр станциялары, гидроэлектр станциялар;
2) электр энергиясын, буу, ысык суу өндүрүү боюнча өнөр жай түзүлүштөрү;
3) газ, мунай жана мунай продуктуларын, жылуулук өткөрүүчү түтүктөр линиялары;
4) жогорку вольттогу электр өткөрүүчү линиялар;
5) мунай жана мунай продуктуларын, газ, катуу отун сактоочу кампалар;
6) күл, таштанды сактагычтар.
2. Суу сактагычтар.
3. Мунай, мунай продуктуларын, газды казып алуу жана иштетүү боюнча ишканалар.
4. Курулуш материалдарды өндүрүү (цемент, асфальт, шифер, асбест-цемент түтүктөр жана башкалар).
5. Айыл чарбасы:
1) айыл чарбасын ургаалдаштыруу долбоорлору;
2) айыл чарба жер ээликтерин уюштуруу жана өзгөртүп уюштуруу боюнча долбоорлор;
3) суу ресурстарын айыл чарба максаттарында башкаруу долбоорлору;
4) жер пайдалануунун тибин өзгөртүү максатында жерди рекультивациялоо долбоорлору;
5) канаттуулар, мал, балык чарба комплекстери;
6) мелиорация долбоорлору.
6. Кен казуу өнөр жайы:
1) издөөчү-чалгындоочу, тажрыйбалык-эксплуатациялык жумуштар;
2) минералдык чийки затты казып алуу (мрамор, базальт, туз, кум, шагыл, чопо жана башкалар);
3) көмүр казуу;
4) рудаларды казуу;
5) рудаларды иштетүү;
6) түстүү, сейрек, кымбат баалуу металлдарды өндүрүү;
7) калдыктарды, анын ичинде коркунучтуу жана уулуу калдыктарды утилдештирүү жана көмүү.
7. Металл иштетүүчү өнөр жайы:
1) машина-станок жасоо өндүрүшү;
2) жарым өткөргүч материалдарды өндүрүү;
3) авиация, темир жол транспортторун оңдоо боюнча ишканалар;
4) радио жана телеаппаратураларды жасоо;
5) куюу жана металл прокат өндүрүшү.
8. Айнек өндүрүү.
9. Фармацевттик, биологиялык, белок препараттарды өндүрүү.
10. Химия өндүрүшү.
11. Тамак-аш өнөр жайы:
1) тоӊ май жана майларды чыгаруу;
2) эт-сүт продуктуларын өндүрүү;
3) кант өндүрүү;
4) тамеки өндүрүү;
5) арак-шарап продукцияларын өндүрүү;
6) спирт өндүрүү;
7) пиво өндүрүү;
8) консерва өндүрүү.
12. Текстиль, булгаары, кагаз өнөр жайы:
1) жүндү жана терини алгачкы иштетүү;
2) жыгач-таарынды такталарды, картон, жыгач-була такталарды жасоо;
3) булгаары өндүрүшү;
4) кагаз өндүрүү;
5) боёк өндүрүшү;
6) желим-техника өндүрүшү.
13. Уулуу, коркунучтуу, радиоактивдүү заттардын кампалары.
14. Саркынды сууларды, түтүн газдарын тазалоо боюнча курулмалар.
15. Жер астынан суу чыгаргычтар.
16. Калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тутумдары, гидромелиорациялык тутумдар.
17. Автомобиль жана темир жолдорун куруу.
18. Аэропорттор, аэродромдор, сыноолор үчүн полигондор, ички кеме өндүрүшү үчүн порттор, автодромдор.
19. Рекреациялык жана туристтик багыттагы объекттерди куруу.
20. Өнөр жай түйүндөрүн уюштуруу.
21. Канализациялык тармактар.
22. Кен көтөргүчтөр жана аркан жолдор.
23. Өнөр жайдын жана тиричиликтин калдыктарын утилдештирүү, иштетүү жана көмүү.
24. Май куюучу станциялар.
25. Техникалык тейлөө жана автотранспортту сатуунун алдында даярдоочу станциялар.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2 - тиркеме |
Форма
1. Долбоордун демилгечисинин жана айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүнү баалоо боюнча иштерди аткаруучунун реквизиттери.
2. Белгиленген ишти уюштуруунун зарылдыгын негиздөө.
3. Белгиленген иштин мүнөзүн жана мүмкүн болгон альтернативдерди сүрөттөө.
4. Арыздагы технологиялардын эң жакшы колдо болгон (жеткиликтүү) технологияларга жана техникалык салыштарма ченемдерге ылайыктыгын талдоо.
5. Аймактын тарыхый, маданий баалуулугун жана анын социалдык-экономикалык абалын баалоону кошуп, компоненттер боюнча айлана-чөйрөнүн учурдагы абалын баалоо.
6. Аныкталган таасирлерди баалоо.
7. Белгиленген ишти ишке ашыруу учурунда айлана-чөйрөнүн жана социалдык-экономикалык шарттардын өзгөрүүсүн болжолдоо.
8. Терс таасирлерди азайтуу, жеңилдетүү же алдын алуу иш-чаралары боюнча негизги чечимдер, алардын натыйжалуулугун жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн баалоо.
9. Иштен баш тартууну кошкондо, каралып жаткан альтернативдердин экологиялык жана аны менен байланышкан социалдык-экономикалык жактан күтүлгөн кесепеттери боюнча салыштыруунун натыйжалары.
10. Экологиялык мониторинг программасы боюнча сунуштар.
11. Коомчулук менен өз ара аракеттенүү.
12. Мүмкүн болгон таасирдин чегин баалоо.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3 - тиркеме |
Форма
__________________________________________________________________
(объектинин аталышы)
Долбоордун демилгечиси ____________________________________________
Реквизиттери _______________________________________________________
(почталык дарек, телефон, факс, е-mail)
Каржы булактары __________________________________________________ (мамбюджет, жеке/чет-өлкөлүк инвестициялар, башкалар)
Объектинин жайгашкан жери _________________________________________
(облус, район, калктуу конуш же жакынкы
___________________________________________________________________
калктуу конушка чейинки аралык жана багыт)
Иштин жалпы узактыгы _____________________________________________
(жыл, ай)
Долбоордук документтердин курамы __________________________________
(техникалык-экономикалык негиздеме,
___________________________________________________________________
техникалык-экономикалык эсептөө, долбоор, иш долбоору, генералдык план ж.б.)
Долбоордук уюм (генералдык) ________________________________________
Долбоордук уюмдар (кошподрядчы) ___________________________________
Долбоордун башкы инженери _________________________________
(аты-жөнү)
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис _________________________________
(аты-жөнү)
Экологиялык кесепеттер жөнүндө арызга
тиркеме
Атмосфералык аба
Чыгарылуулардын курамындагы
негизги ингредиенттердин тизмеси ______________________________
______________________________
Ингредиенттер боюнча болжолдолгон
чыгаруулардын көлөмү (г/с, т/жыл):
______________________________
______________________________
Санитардык-коргоо чөлкөмүнүн
чегиндеги жердеги зыяндуу заттардын
болжолдонгон концентрациялары (КЖЧ үлүшү):
______________________________
______________________________
Суу объекттери
Суу менен жабдуу булактары:
чарбалык-ичүүчү муктаждык үчүн ______________________________
техникалык муктаждык үчүн ______________________________
Суунун топтомдору (м3/жылына):
чарбалык-ичүүчү муктаждык үчүн ______________________________
техникалык муктаждык үчүн ______________________________
Саркынды суулардын жалпы көлөмү (м3/жылына):
чарбалык-тиричилик ______________________________
өнөр жайлык ______________________________
Чыгарылуучу саркынды суулардын көлөмү (м3/жылына):
болгон канализациялык тармактарда ______________________________
табигый суу объектилерине, рельефке ______________________________
чуңкурчаларда, топтогуч казылган көлмөлөрдө ___________________________
Ингредиенттер боюнча чыгарылуучу
саркынды суулардагы негизги булгоочу
заттардын концентрациясы жана көлөмү (мг/л, т/жылына):
_______________________________
_______________________________
Ингредиенттер боюнча
контролдук створдогу негизги булгоочу
заттардын концентрациясы (суу объектилерине,
рельефке саркынды сууларды коё берүүдө) (мг/л):
________________________________
________________________________
Жер ресурстары
Ээликтен ажыратыла турган жерлердин
мүнөздөмөсү жана категориясы
________________________________
_________________________________
Аянты (га)
туруктуу пайдаланууга
категориялар боюнча: __________________________________
убактылуу пайдаланууга: __________________________________
жер бөлүп берүүгө: __________________________________
Рекультивацияны талап кылган
бузулган жерлер (га): ___________________________________
Рекультивациянын багыты: ___________________________________
Рекультивациялык иштерди жүргүзүүгө
кеткен жалпы чыгымдар (миң сом): ___________________________________
Өсүмдүктөр
Пландаштырылган иштерди жүргүзүү
процессинде чала же толук жок болушу
мүмкүн болгон өсүмдүктөрдүн түрлөрү жана саны:
__________________________________
__________________________________
алардын ичинен Кыргыз Республикасынын
Кызыл китебине киргизилгендери
же киргизүүгө жаткандары: ___________________________________
___________________________________
Пландаштырылган кыюу аянты: ___________________________________
Жаныбарлар дүйнөсү
Гидрофаунаны кошкондо, жаныбарлар дүйнөсүнүн
объектисине түз таасир берүүчү булактар:
________________________________
________________________________
Иш объекттеринин аянтында Кыргыз Республикасынын
Кызыл китебине киргизилген же киргизилүүгө тийиш
болгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин болушу:
_________________________________
_________________________________
Иш аянтында жаныбарлар
дүйнөсүнүн объекттеринин миграция жолдорунун,
алардын байырлаган жерлерин, уяларынын,
кыштоолорунун болушу: _________________________________
_________________________________
Өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактары
Иш аянтынын чегинде (лицензияланган аянттын)
же ага жакын жерде (5 км чейинки аралыкта) өзгөчө
кайтарууга алынган жаратылыш аймагынын болушу:
_________________________________
_________________________________
Белгиленген иштин айлана-чөйрөгө
жана калктын жашоосунун социалдык-экономикалык
абалына келтирген кесепеттеринин болжолу:
________________________________
________________________________
Долбоордун демилгечисинин ишкананы куруу,
эксплуатациялоо жана жоюу процессинде айлана-чөйрөнү
коргоо, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана
стандарттарынын талаптарын сактоо
боюнча милдеттенмелери
_____________________
(колу) аты-жөнү
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 4 - тиркеме |
1. Элүүдөн көп эмес автомашиналар токтоочу ачык типтеги токтоочу жайлар, ошондой эле эки автомашинадан көп эмес бокстуу гараждар.
2. Жылуулук менен жабдуучу, суу менен жабдуучу автономдук булактары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жана катуу тиричилик калдыктарын таштоочу полигондору жок жана катуу коргоого алынган жаратылыш аймактарынан, мамлекеттик токой фондусунан, суу коргоо аймактарынан, жашыл бак-дарактарды бузууга байланышпаган рекреациялык аймактардан сырткары жайгашкан, турак-жай, коомдук жана башка өндүрүштүк эмес объекттердин долбоордук документтери.
3. Жылуулук менен, суу менен жабдуучу автономдук булактары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жана катуу тиричилик калдыктарын таштоочу полигондору жок жана өзгөчо коргоого алынган жаратылыш аймактарынан, мамлекеттик токой фондусунан, суу коргоо аймактарынан, жашыл бак-дарактарды бузууга байланышпаган рекреациялык аймактардан сырткары жайгашкан, санитардык-эпидемиологиялык кызмат органдарынын корутундусуна ылайык санитардык коргоо аймактарынын орнотмолорун талап кылбаган өндүрүш объекттеринин долбоордук документтери.
Бул тизмеге шаарлардын жана башка калктуу конуштардын турак-жай кичирайондорунун, өндүрүштүк жана коомдук чөлкөмдөрүнүн шаар куруу документтери, ошондой эле аймактарды жашылдандыруу долбоорлору кирбейт.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 5 - тиркеме |
1. Белгиленген иштин таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдык чөлкөмдөрүнүн чегиндеги айлана-чөйрөнүн учурдагы абалын баалоо учурунда төмөнкүлөр мүнөздөлүүгө жана талданууга тийиш:
1) айлана-чөйрөнүн булгануусунун деӊгээли менен бирге анын компоненттери;
2) жер участогун пайдалануудагы жаратылышты коргоочу жана башка чектөөлөр (өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары, тарыхый-маданий мурастын коргоого алынган объектилери ж.б.);
3) жаратылыш-ресурстук потенциал, жаратылышты пайдалануу;
4) социалдык-экономикалык шарттар, анын ичинде калктын ден-соолугу;
Айлана-чөйрөнүн учурдагы абалы долбоордук чечимдин чегинде белгиленген ишти ишке ашыруу (жайгаштыруу) мүмкүн/мүмкүн эмес деген көз караш менен бааланат.
Айлана-чөйрөнүн учурдагы абалынын компоненттери, белгиленген иш объектилеринин зыяндуу таасиринин булактары, аны эксплуатациялоо процессинде айлана-чөйрөнүн абалына (өзгөрүүсүнө) кошкон салымын аныктоо үчүн зарыл катары белгиленген ишти ишке ашыруунун башталышынын алгачкысы катары, ошондой эле зарыл болгон учурда долбоордон кийинки талдоону же жергиликтүү мониторингди уюштуруу үчүн каралат.
2. Төмөнкүлөр бааланууга тийиш:
1) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде мүнөздөлүүчү климат жана метеорологиялык шарттар:
- температуралык режим (жыл ичиндеги абанын орточо температурасы, эң ысык жана эң муздак айлардагы абанын орточо температурасы, орточо суткалык жылуу мезгилинин созулушу);
- шамалдуу режим (жыл ичиндеги шамалдын багытынын кайталанышы, кыш жана жай мезгилдеринде, шамалдын жыл ичиндеги орточо ылдамдыгы);
- атмосфералык жаан-чачындардын режимдери (жыл ичиндеги жаан-чачындын көлөмү, кар катмарынын орточо бийиктиги).
Талдануучу көрсөткүчтөрдүн тизмектери, айлана-чөйрөнүн абалын баалоо үчүн алардын маанилүүлүгүнө жараша толукталышы жана кайра каралышы мүмкүн.
2) атмосфералык абанын булгануусунун деңгээли, атмосфералык абадагы булгоочу заттардын фондук концентрациялары жөнүндө маалыматтын негизинде бааланат.
Атмосфералык абанын булгануусунун учурдагы деңгээлин ар бир булгоочу заттар боюнча баалоо, атмосфералык абадагы булгоочу заттардын фондук концентрациясы атмосфералык абанын сапатынын ченемдерине ылайык/ылайык эмес деген көз карашта жүргүзүлөт.
Таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдуу чөлкөмдүн чегиндеги атмосфералык абанын булгануусунун деңгээлиндеги климаттык жана метеорологиялык шарттар боюнча маалыматтардын булагы болуп атмосфералык абадагы булгоочу заттардын фондук концентрацияларынын мааниси жана жаратылышты пайдалануучу жайгашкан жердеги (пландалган курулуш объектин жайгаштыруучу аянт) метеорологиялык мүнөздөмөлөр жөнүндө маалыматтар, гидрометеорологиялык иш жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын атмосфералык абага жүргүзгөн мониторингинин информациялары эсептелет.
Белгиленген иш эгерде, булгоочу заттарды чыгаруучу булак болгон учурда атмосфералык абада алардын курамына дайыма байкоо жүргүзүлбөсө, атмосфералык абада мындай булгоочу заттардын курамына өлчөөлөрдү жүргүзүү сунушталат;
3) жер үстүндөгү суу объекттеринин абалын баалоо учурунда:
- дарыялар үчүн гидрологиялык чоңдуктар гидрометрикалык байкоолордун маалыматтарынын негизинде эсептелет;
- суу сактагычтар жана көлмөлөр үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аталышы, жөнгө салынган суу объектисинин аталышы, суу сактагычтын (көлмөнүн) тиби, суу сактагычтын (көлмөнүн) багыты, жөнгө салуунун түрү, кадыресе деңгээлдеги суунун көлөмү жана аянты, гидротехникалык курулуштар жөнүндө маалыматтар ж.б.;
- көлдөр үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: көлдүн аталышы, морфометрикалык маалыматтар (туурасы, тереңдиги, узундугу, көлдүн үстүнүн аянты), генетикалык тиби, көлгө куйган жана андан агып чыккан суулардын аталышы.
4) сууну пайдалануу максатын көрсөтүү менен суу объектилерин пайдалануунун мүнөздөмөлөрү келтирилет;
5) суу объектилеринин булгануусунун учурдагы деңгээли, суудагы булгоочу заттардын курамы суу объектисиндеги суунун сапатынын ченемдерине ылайыктыгы/ылайык эместиги көз карашында бааланат. Суу объектилерин мүнөздөө үчүн пайдаланылган көрсөткүчтөр боюнча булгоочу заттардын курамы жөнүндө маалыматтар талданууга алынат.
Эгерде, долбоордук чечимдерде булганч сууларды суу объектилерине буруу каралса, бул ушул суу объектилеринин түбүндөгү чөкмөлөрдүн булгануусунун деңгээлин баалоо төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: жалпы темир, жез, мунайзат өнүмдөрү, никель, сымап, коргошун, хром, цинк.
Гидрометеорологиялык иш, суу кадастры ж.б. тармактардагы атайын ыйгарым укуктуу органдын жер үстүндөгү сууларга жүргүзгөн мониторингинин маалыматтары жер үстүндөгү суу объектилеринин учурдагы абалын баалоонун булактары болуп эсептелет. Эгерде, белгиленген иш булганыч суулардын курамында булгоочу заттарды чыгаруучу булак болуп саналса, суу объектилеринде алардын курамына үзгүлтүксүз байкоолор жүргүзүлбөсө, мындай булгоочу заттардын курамын жердин үстүндөгү суулардагы өлчөөлөрдү жүргүзүү сунушталат;
6) таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдуу чөлкөмдүн чегинде геологиялык, гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык шарттарды баалоонун объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жалпы региондук түзүмдүк-тектоникалык шарттар (геологиялык чөйрө менен өз ара аракеттенүүдө жогорку экологиялык коркунуч туудурушу мүмкүн болгон объектилер үчүн: радиоактивдүү жана коркунучтуу калдыктарды ж.б. урунуу боюнча объекттер жана (же) курулмалар ж.б.);
- катмарлардын генетикалык типтери;
- геологиялык кесилген жердин түзүлүшү (катмарлануу тартиби, кубаттуулугу, объектини жайгаштырууда артыкчылыктуу аянттын негизин түзгөн топурактын курамы, аэрация чөлкөмүнүн кыртышынын суулуу тектердин фильтрациялык жана сорбциялык касиеттери, суу өтпөс катмардын үстүндөгү биринчи жаткан катмардын тереңдиги, жер астындагы суулардын деңгээли, жер астындагы суулардын агынынын багыты, алардын суу алуучу жана суулардан арылуу шарттары, жер астындагы суулардын мейкиндиги менен жер үстүндөгү суулардын гидравликалык өз ара байланышынын болушу);
- жер астындагы суулардын сапаты.
Мындай учурда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) натыйжасында экзогендик геологиялык кесепеттерди күчөтүүгө түрткү берген шарттарды табуу;
- белгиленген ишти ишке ашырууда (жайгаштырууда) айлана-чөйрөгө кошулушу мүмкүн болгон зыяндуу заттардын ылдамдык боюнча мүмкүнчүлүгүн жана аккумуляция шарттарын аныктоо;
- белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) натыйжасында терс таасирлерге кабылышы мүмкүн болгон жана ошондой эле булгануудан жана соолуудан коргоолуучу суулуу мейкиндиктерди табуу;
- объекттин жана (же) курулуш аянтынын суу астында калуу мүмкүндүгүн табуу;
7) геологиялык, гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык шарттар объектини долборлоодо аткарылган инженердик-геологиялык иликтөөлөрдүн, изилдөөлөрдүн, мамлекеттик геологиялык фондунун ж.б. маалыматтары (материалдары) боюнча бааланат.
8) жер астындагы суулардын абалын баалоо учурунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- суулуу мейкиндиктердин аталышы жана чыпкалануунун өлчөмдөрү;
- жер астындагы суулардын деңгээлинин режими;
- жер астындагы суулардын физикалык, химиялык, санитардык-гигиеналык мүнөздөрү.
Жер астындагы суулардын абалы жөнүндө маалыматтардын булагы болуп, объектини долборлоо ж.б. учурларда аткарылган инженердик-геологиялык иликтөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн материалдары эсептелет;
9) таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдык аймактын рельефин баалоо учурунда анын төмөнкү морфологиялык, морфометрикалык жана генетикалык өгөчөлүктөрү аныкталат жана талдалат: рельефтин тиби, абсолюттук жана салыштырма бийиктиктер, рельефтин формалары жана элементтери, заманбап геоморфологиялык процесстердин интенсивдүүлүгү жана багыты ж.б. Баалоо топографиялык жана геодезиялык материалдардын негизинде аткарылат;
10) таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдык аймактагы жер ресурстарынын жана топурактын үстүнкү катмарларынын абалын баалоо учурунда жер ресурстарынын курамы, түзүлүшү жана абалы, жерлердин түрлөрү жана категориялары, топурактын үстүнкү катмарларынын түзүлүшү, топурак жаратуучу мүнөздөгү процесстер, каралып жаткан аймак чегиндеги топурактардын алмашуусунун мыйзам ченемдүүлүгү, топурактагы жагымсыз мүнөздөгү процесстер (эрозия, дефляция, өрттөнүү), топурак кыртышынын деградация деңгээли (физикалык талкалануу, химиялык булгануу) жөнүндө маалыматтар талдоого алынат.
Жер ресурстарынын абалы жөнүндө маалыматтардын булагы болуп, мамлекеттик жер кадастрынын материалдары, жерге жайгаштыруунун жергиликтүү схемасы, топурактык жана башка карталар эсептелет.
Топурактардын химиялык булгануусунун учурдагы деңгээли жерге мониторинг жүргүзүүнүн, жергиликтүү мониторингдин же бир гана жолку топурактык-геохимиялык сүрөткө тартуунун маалыматтарынын негизинде бааланат;
11) топурактын булгануу деңгээлин баалоо төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:
- дүң формадагы марганецтин, жездин, никелдин, коргошундун, хромдун, цинктин камтылышы (орточо, максималдуу, минималдуу);
- мунайзат өндүрүмдөрүнүн камтылышы (орточо, максималдуу, минималдуу);
- белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир берүү мүмкүндүгүнүн негизинде аныкталган тизмектеги башка химиялык заттардын жана башка көрсөткүчтөрдүн камтылышы (орточо, максималдуу, минималдуу).
Топурактын булгануусунун учурдагы деңгээлин баалоо топурактагы булгоочу заттардын фондук концентрациясы топурактын сапатынын ченемдерине ылайыктыгы/ылайык эместиги көз карашында жүргүзүлөт. Топурактардын химиялык булгануусунун учурдагы деңгээли топурактын сапатынын ченемдерине карата химиялык заттын курамынын иш жүзүндөгү катышын чагылдырган химиялык заттын концентрациясы жана булгануунун жалпыланган көрсөткүчтөрү боюнча бааланат;
12) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин абалы төмөнкүлөрдү аныктоонун жана талдоонун негизинде бааланат:
- фитоценоздордун түркүмдүк ар түрдүүлүгү (анын ичинде басымдуу түрлөрү);
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөргө тийиштүү болгон жапайы өсүүчү өсүмдүктөр өскөн жерлердин болушу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин функциялык өзгөчөлүктөрү;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринде болгон антропогендик таасирлер (мейкиндик бүтүндүгүнүн бузулушу, өсүмдүктөрдүн жараат алышы жана башка белгилер) жана ушундай таасир бериши мүмкүн болгон булактар.
Токой фондусунун абалы төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:
- токойдун коргонуусунун тобу жана категориясы, биринчи жана экинчи топтогу токойлор үчүн – өзгөчө корголгон токой бөлүгүнүн болушу;
- токой ооруусун кошкондо анын абалы жана тигилген бак-дарактардын санитардык абалы, бактардын зыянкечтерден жана токой оорууларынан жабырлануусу, ошондой эле антропогендик таасирдин натыйжасында жабырлануусу;
- токойдун табигый жаӊыруу мүнөзү.
Өсүмдүктөр дүйнөсү объекттеринин абалы жөнүндө маалымат булактары болуп өсүмдүктөр картасы, аэрокосмостук материалдар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтары, талаа геоботаникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ж.б. эсептелет;
Токой фондусу жонүндөгү маалымат булактары болуп токой ишин жүргүзүү маалыматтары, токой фондусун мамлекеттик эсепке алуу жана токойлорго мониторинг жүргүзүү материалдары ж.б. эсептелет.
13) жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин абалы төмөнкүлөрдү аныктоонун жана талдоонун негизинде бааланат:
- жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин санынын, жыштыгынын, биомассасынын, жыныстык жашынын курамынын биотоптук бөлүштүрүү динамикасынын өзгөрүүсүнүн;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген түрлөргө тийиштүү болгон жапайы жаныбарлардын жашаган жерлеринин болушу;
- мезгилдик циклдерди ишке ашыруудагы маанилүү жашоо орундары (көбөйүү, тоют алуу, кыштоо орундары, миграция жолдору (тилкелери).
Аӊчылык түзүлүш, балык өстүрүү-биологиялык негиздемелердин материалдары, зоологиялык талаа изилдөөлөрдүн натыйжалары ж.б. жаныбарлар дүйнөсү объектилеринин абалдары жөнүндө маалымат булактары болуп саналат;
14) айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булгануусу иондоштуруу нурларынын эквиваленттик өлчөмүнүн кубаттуулугун өлчөөнүн негизинде бааланат.
3. Таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдуу чөлкөмдүн чегиндеги жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объектилери талдоого алынат. Өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактары, өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактары үчүн резервке калтырылган аймактары болгон учурларда коргоонун жана пайдалануунун, аны менен бирге коргоо аймактарынын режимдери эске алынат.
4. Таасир берүүсү мүмкүн болгон потенциалдуу чөлкөмдүн аймагынын жаратылыш-ресурстук потенциалы төмөнкүлөрдү аныктоо көз карашында талданат:
1) аймактын ресурстук байлыгы;
2) объектини куруу, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу учурунда пландалган ишке зарыл өлчөмдө жаратылыш ресурстарын тартуу мүмкүнчүлүгү;
3) белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) максатка ылайыктуулугу.
5. Жаратылыш-ресурстук потенциалы төмөнкү көрсөткүчтөр аркылуу бааланат:
1) жаратылыш ресурстарынын бардыгы (жер, суу, кен байлыктар, токой, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү);
2) алардын аймактык жайгашуусу;
3) алардын сандык жана сапаттык мүнөздөрү;
4) пайдалануунун, анын ичинде жерди чарбалык пайдалануунун мүнөзү.
6. Жер ресурстары жерлерди кадастрлык баалоонун маалыматтарынын негизинде жер пайдалануунун түрлөрү жана категориялары боюнча, кен байлык ресурстары – кен байлыктардын запасы боюнча, токой ресурстары – жаш классы боюнча басымдуулук кылуучу породалар чегиндеги бак-дарактардын запасы боюнча, токойдун жашоо аракетинин башка компоненттери жана азык-түлүктөрү боюнча, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстары – өсүмдүктөр дүйнөсү объектисинин жемиштүүлүгү боюнча (токой фондусунун жерлеринен тышкары), жаныбарлар дуйнөсүнүн ресурстары – аң уулоо жана балык уулоо жерлердин мүнөзү, жапайы жаныбарлардын запасынын абалы боюнча мүнөздөлөт.
7. Изилдөө аймагындагы учурдагы социалдык-экономикалык шарттарды баалоодо төмөнкүлөр талданат:
- экономикалык шарттар;
- социалдык-демографиялык шарттар;
- калктын ден-соолугу;
- аймактын тарыхый-маданий байлыгы.
Ошондой эле изилдөө аймагындагы учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абалды баалоо сунушталат:
1) экономикалык шарттар эмгек ресурстарынын потенциалы менен, элдик чарба тармагынын өнүгүүсү менен, аймактын транспорттук жана инженердик инфратүзүмү менен мүнөздөлөт.
Социалдык-демографиялык шарттар калктын отурукташуусу демографиялык абалы, социалдык инфратүзүмүнүн өнүгүүсү, калктын жашоо деңгээли менен мүнөздөлөт.
Калктын ден-соолугу медициналык-демографиялык көрсөткүчтөр боюнча (өлүм-житимдин саны, төрөлүүнүн саны ж.б.), ошондой эле ооруга чалдыгуу көрсөткүчтөрү боюнча бааланат.
Аймактын тарыхый-маданий баалуулугу изилдөө аймагында археология, архитектура жана тарыхый эстеликтер боюнча аныкталат;
2) учурдагы социалдык-экономикалык шарттарды баалоо жарыяланган статистикалык маалыматтардын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү аткаруучу жана башкаруучу органдардан суратып алынган статистикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
8. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүдө айлана-чөйрөнүн учурдагы абалын баалоо белгиленген ишти ишке ашыруунун натыйжасында олуттуу таасирди сезген айлана-чөйрөнүн компоненттери үчүн гана жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 6 - тиркеме |
1. Айлана-чөйрөгө таасир берүүнү баалоо учурунда:
1) белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир бериши мүмкүн болгон булактарын аныктоо жана мүнөздөө (булгоочу заттарды абага чыгаруу, таштоо, калдыктардын пайда болушу, физикалык таасир берүү булактары ж.б.);
2) таасир бериши мүмкүн болгон түрлөрдүн сандык жана сапаттык өлчөмүн (мүнөздөрү, көрсөткүчтөрү), узактыгын жана мезгилдүүлүгүн, мейкиндик масштабын жана маанилүүлүгүн аныктоо зарыл.
2. Белгиленген иштин айлана-чөйрөнүн компоненттерине таасир берүүсү анын маанилүүлүгүнүн дэӊгээли боюнча бааланат.
Таасирдин маанилүүлүгүн баалоо технологиялык чечимди жана белгиленген ишти жайгаштыруунун артыкчылыктуу вариантын негиздөө үчүн зарыл.
Таасирдин маанилүүлүгү таасир берүүнүн мейкиндик масштабы, анын узактыгы, ошондой эле мындай таасирдин натыйжасында айлана-чөйрөнүн жана (же) анын айрым компоненттеринин өзгөрүүсүнүн маанилүүлүгү менен аныкталат.
Таасирдин маанилүүлүгүн, ушул Жобонун 7-тиркемесинде келтирилген методиканын жоболорун пайдалануу менен баалоо сунушталат. Таасирдин маанилүүлүгүн баалоо үчүн, рецензияланган илимий басылмаларда жарыяланган башка методикалык (методологиялык) ыкмаларды АТББ жөнүндө отчетто алардын жарыяланышына милдеттүү шилтеме келтирүү менен пайдаланылышы мүмкүн.
3. Белгиленген иш айлана-чөйрөгө таасир бериши мүмкүн болгон түрлөрдүн булактары табылган жана аныкталган учурда, аны ишке ашыруу (аны куруу жана эксплуатациялоо) учурунда пландаштырылган отундун түрүн, чийки затты, жардамчы материалдарды жана заттарды пайдаланууну, ошондой эле алардын касиеттерин эске алуу зарыл.
4. Белгиленген иштин атмосфералык абага таасир бериши мүмкүн болгон булактарынын жана түрлөрүнүн мүнөздөмөсү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) атмосфералык абага булгоочу заттарды бөлүп чыгаруу булактары жана чыгаруу булактары, анын ичинде уюштурулган, уюштурулбаган, стационардык, көчмө болуп саналган пландаштырылган (долбоорлонгон жана кайра курулуучу) технологиялык процесстердин, технологиялык жана башка жабдуулардын кыскача сүрөттөлүшүн;
2) пландаштырылган технологиялык процесс жана пландаштырылган технологиялык жана башка жабдууларды эксплуатациялоо учурунда атмосфералык абага чыгышы мүмкүн болгон булгоочу заттардын тизмегин, булгоочу заттардын чыгарылган массасы (тонна/жылына, г/сек) боюнча маалыматтарды, аларды талдоонун жыйынтыктарын.
5. Атмосфералык абага чыгаруусу мүмкүн болгон булгоочу заттардын тизмеги жана ар бир чыгаруу булактарындагы булгоочу заттардын чыгышынын массасы, долбоордук чечимдердин негизиндеги максималдуу дүң көрсөткүчтөрү, жабдууларды берүүчүнүн (же анын аналогун) же жасоочунун кепилденген маалыматтары - паспорттук маалыматтар, техникалык шарттар, мекемелик же тармактык технологиялык жана техникалык ченемдер (регламенттер) боюнча чыгаруунун эсептери менен аныкталат. Ошондой эле үлгүлөрдү (аны менен бирге аналогдук жабдууда же өндүрүштө аткарылган), баланстык эсептерди (аны менен бирге колдонулуп жаткан чийки заттардын жана материалдардын сандык жана сапаттык курамын) тандап алуунун жана талдоонун натыйжаларын пайдаланууга жол берилет.
6. АТББны жүргүзүү маалында, булгоочу заттар бөлүнүп чыгып жаткан долбоорлоштурулган технологиялык жана башка жабдуулар, машиналар, механизмдер боюнча маалыматтар жок учурунда, чыгаруу булактары болгон долбоорлонгон объектилерден чыгып жаткан булгоочу заттардын тизмеги, ошондой эле чыгаруунун ар бир булагы үчүн булгоочу заттардын чыгышынын болжолдуу массасы объект-аналог боюнча аныкталат. Булгоочу заттарды чыгаруунун массасы боюнча объект-аналогдун маалыматтары долбоорлонгон объектинин өндүрүш кубаттуулугуна пропорциялуу деп саналат.
7. Реконструкцияланган объекттердин атмосфералык абага тийгизген таасири атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышын инвентаризациялоо актыларынын, атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын жол берилген чегинин долбоорлорунун жана башка, АТББ жөнүндө отчетто аларга келтирилген шилтемелерди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен негизделген маалыматтардын негизинде аныкталат.
8. Белгиленген иштин физикалык таасир берүүсүнүн булактарынын жана түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тышкы физикалык таасир бериши мүмкүн болгон булактар болуп саналган пландаштырылган технологиялык процесстердин, технологиялык жана башка жабдуулардын тизмегин жана кыскача сүрөттөлүшүн – иондоштурулган жана жылуулук нурлары, ызы-чуу, титирөөлөр, ультраүн, электромагниттик нурлануу ж.б.;
2) тышкы физикалык таасир берүү булактарынын өлчөмдөрүн.
Булактардын өлчөмдөрү алардын техникалык-эксплуатациялык мүнөздөрү (паспорттук маалыматтары) боюнча аныкталат.
9. Белгиленген иштин жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга таасир берген булактарынын жана түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрү томөнкүлөрдү камтышы керек:
1) суу пайдаланылган жана чыгаруу булагы болуп саналган пландаштырылган технологиялык процесстердин, технологиялык жана башка жабдуулардын кыскача сүрөттөлүшүн;
2) суу менен жабдуу булактарынын мүнөздөмөлөрүн (бекитилген запастар жана скважиналардын дебити, сууну пайдалануунун көлөмү);
3) бурулган саркынды суулардын, чыгаруу жерлеринин жана чыгаруунун өлчөмдөрүнүн сандык (көлөм, чыгаша) жана сапаттык (булгоочу заттардын тизмеги, алардын курамы) мүнөздөмөлөрү;
4) долбоордук чечимдерде каралган саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды сүрөттөө жана баалоо (курамы, өндүрүмдүүлүгү, натыйжалуулугу (тазалоо деңгээли);
5) суу даярдоодогу калдыктарды урунуунун, саркынды сууларды тазалоонун тартибин.
10. Суу объекттерине бурууга мүмкүн болгон булгоочу заттардын тизмеги, саркынды сууну ар бир чыгаруудагы булгоочу заттардын массасы долбоордук чечимдин, пландаштырылган жабдууну (же анын аналогун) жасоочунун же жөнөтүүчүнүн кепилденген маалыматтарынын – паспорттук маалыматтардын, техникалык шарттардын, мекемелик же тармактык технологиялык жана техникалык ченемдердин (регламенттердин) негизинде максималдуу салыштырмалуу көрсөткүчтөр боюнча суу буруунун көлөмүнүн эсептерине ылайык аныкталат. Мындан сырткары үлгүлөрдү тандап алуунун жана талдоонун натыйжаларын (анын ичинде аналогдук жабдууга же өндүрүштө аткарылган), баланстык эсептерди (колдонулуп жаткан чийки заттардын жана материалдардын сандык жана сапаттык курамын эске алуу менен) пайдаланууга жол берилет.
11. АТББ жүргүзүү учурунда булгоочу заттарды бөлүнүп чыгарып жаткан долбоорлоштурулган технологиялык жана башка жабдуулар, машиналар, механизмдер боюнча маалыматтар болбогон учурда булгоочу заттардын тизмеги, ошондой эле агын сууга булгоочу заттарды ар сайын чыгаруунун массасы объект-аналогдор боюнча аныкталат. Объект-аналогдун маалыматтары долбоорлонгон объектинин өндүрүш кубаттуулугуна жараша кайрадан эсептелип чыгат.
12. Реконструкцияланып жаткан объекттердин суу объектилерине жана жер астындагы сууларга таасир берүүсү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эсептик документтеринин, суу объектилерине химиялык жана башка заттарды жол берилген чекте таштоонун ченемдеринин маалыматтарынын жана башка, АТББ жөнүндө отчетко аларга милдеттүү түрдө шилтемелерди көргөзүү менен негизделген маалыматтардын негизинде аныкталат.
13. Долбоордо каралган технологиялык чечимдер, технологиялык жана башка жабдуулар калдыктар пайда болгон көлөмдөрдү минималдаштыруу, пайда болуучу калдыктардын түрлөрүн төмөндөтүү, коркунучтуу эмес калдыктардын пайда болуусу, пайда болгон калдыктарды экинчи чийки зат катары кайрадан пайдалануу ж.б. көз карашында бааланат.
14. Калдыктардын пайда болушу менен байланышкан, белгиленген иштин мүнөзүн жана таасирин баалоо объектисин тургузуу, эксплуатациялоо жана аны эсплуатациядан чыгаруу үчүн аткарылууга тийиш болгондор төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) калдыктар пайда болуучу булактардын тизмегин жана кыскача сүрөттөлүшүн;
2) пайда болуучу калдыктардын түрлөрүн, алардын кодун, өндүрүш калдыктарынын коркунуч деңгээлин жана коркунучтуу касиеттерин жана өндүрүштүн коркунучтуу калдыктарынын коркунуч классын, агрегаттык абалын, пайда болуунун потенциалдуу көлөмүн;
3) долбоордук чечимдерде каралган калдыктарды урунуунун тартибинин сүрөттөлүшүн;
4) калдыктар сакталган (көмүлгөн, зыянсыздандырылган, пайдаланылган) учурда калдыктарды сактоо (көмүү, зыянсыздандыруу, пайдалануу) объекттеринин зарыл болгон (же долбоордо каралган жетиштүүлүгүн баалоо) кубаттуулугунун аныкталышын.
15. Пайда болуучу калдыктардын потенциалдуу көлөмү калдыктардын пайда болуу ченемдеринин негизинде эсептелинет же объект-аналогдор боюнча аныкталат. Объект-аналогдордун калдыктарынын пайда болуусу боюнча маалыматтары долбоорлоштурулган объектинин өндүрүш кубаттуулугуна пропорциялуу түрдө кайрадан эсептелинип чыгат.
16. Долбоордук чечимдерде каралган калдыктарды урунуунун тартиби экономикалык натыйжалуулукту, экинчи материалдык ресурс болгон калдыктарды көмүү багытын алып салууну эске алуу менен калдыктарды зыянсыздандырып пайдалануунун жана көмүүнүн артыкчылыгына жараша бааланышы керек.
17. Белгиленген иштин таасиринин булактары жана түрлөрү төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) жер казынасы жана алардын запасы, анын ичинде кен байлыктар;
2) эксплуатацияланып жаткан жана консервацияланган тоо-кен өндүрүштөрү жана бургу скважиналары.
18. Белгиленген иштин жер ресурстарына жана топурактын үстүнкү катмарына тийгизген таасиринин булактары жана түрлөрүнүн мүнөздөрү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) алып салынуучу түшүмдүү жер катмарынын аянты жана көлөмү;
2) вертикалдуу пландаштыруунун аянты, алынып салынуучу минералдык топурактын (төгүлүшүнүн) калыңдыгы, алынып салынуучу минералдык топурактын көлөмү жана аларды урунуунун тартиби.
19. Белгиленген иштин өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине таасир этүү булактарынын жана түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрү түрлүк курамдарын, санын (көлөмүн), ал эми токой фондусунун жериндеги жоготулган өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мүнөздөмөлөрү – токой жериндеги жоготулуп жаткан бак-дарактардын аянтын, алардын сандык жана сапаттык таксациялык мүнөздөмөлөрүн камтышы керек.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнө таасир берүүнү баалоо учурунда айрым жер категорияларында жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга чектөөлөр бар экендигин эске алуу зарыл.
20. Белгиленген иштин жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине таасир этүүнүн булактарынын жана түрлөрүнүн мүнөздөмөлөрү түрдүк курамдарды жана жердеген аймагынан көчүрүүгө же алардан чыгарып таштоого жаткан жапайы жаныбарлардын санын камтууга тийиш.
21. Белгиленген иштин (объекттин) социалдык-экономикалык шартка, анын ичинде көчүрүүнүн мүнөзүнө, демографиялык абалга, калктын ден-соолугуна, жумушчу ресурстарын пайдаланууга, экономикалык ишке, инвестициялык активдүүлүккө, калктын жашоо деңгээлине, инфратүзүмгө, жашоо-тиричилик шарттарына, аймактын тарыхый-маданий байлыгына таасир бериши мүмкүн болгон бардык түрлөрү аныкталат.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 7 - тиркеме |
Белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүсүнүн маанилүүлүгүн баалоо методикасы таасирдин мейкиндик масштабынын, таасирдин убакыт масштабынын жана таасирдин натыйжасындагы өзгөрүүлөрдүн маанилик көрсөткүчтөрүн аныктоого, ушул көрсөткүчтөрдүн сапаттык мүнөздөлүшүнүн жана сандык маанисинин 1-3-таблицаларына ылайык которулушуна негизделет.
1-таблица.
Таасир градациялары | Баалоо баллы |
Чектелүү: белгиленген иш объектинин жайгашкан аянтынын чегиндеги айлана-чөйрөгө болгон таасири | 1 |
Чектелген: белгиленген иш объектинин жайгашкан аянтынан 0,5 км чейинки радиустагы айлана-чөйрөгө таасир этүүсү | 2 |
Жергиликтүү: белгиленген иш объектинин жайгашкан аянтынан 0,5 км 5 км чейинки радиустагы айлана-чөйрөгө таасир этүүсү | 3 |
Региондук: белгиленген иш объектинин жайгашкан аянтынан 5 км жогору радиустагы айлана-чөйрөгө таасир этүүсү | 4 |
2-таблица.
Таасир градациялары | Баалоо баллы |
Кыска мөөнөттүү: 3 айга чейинки чектелген мезгилдеги байкалган таасир | 1 |
Орточо мөөнөттүү: 3 айдан баштап 1 жылга чейинки таасир этүү | 2 |
Узакка созулган: 1 жылдан баштап 3 жылга чейинки мезгилде байкалган таасир | 3 |
Көп жылдык (туруктуу): 3 жылдан ашык байкалган таасир | 4 |
3-таблица.
Таасир градациялары | Баалоо баллы | |
Маанилүү эмес таасир: айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр жаратылыштагы болуп турган өзгөрүүлөрдүн чегинен ашпайт | 1 | |
Анча-мынча таасир: жаратылыш чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жаратылыштагы болуп турган өзгөрүүлөрдүн чегинен ашат. Жаратылыш чөйрөсү таасир токтогондон кийин өзү толук кайра калыптанат | 2 | |
Орточо таасир: жаратылыш чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жаратылыштагы болуп турган өзгөрүүлөрдүн чегинен ашат, анын кээ бир компоненттеринин бузулушуна алып келет. Жаратылыш чөйрөсү өзүнүн кайра калыптануу жөндөмдүүлүгүн сактайт | 3 | |
Күчтүү таасир: жаратылыш чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жаратылыш чөйрөсүндөгү компоненттердин олуттуу бузулуусуна алып келет. Жаратылыш чөйрөсүнүн кээ бир компоненттери өзүнүн кайра калыптануу жөндөмдүүлүгүн жоготот | 4 | |
Таасирди жалпы баалоо ар бир үч көрсөткүч боюнча баллды көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт. Жалпы баалоого кошумча болуп ар бир көрсөткүчтүн салмактык коэффициенттеринин маанилүүлүгү киргизилиши мүмкүн.
Баллдын жалпы саны (1-8 баллдын чегиндеги) таасир этүү төмөн маанидеги, 9-27 – орточо маанидеги таасир, 28-64 – жогорку маанидеги таасир катары мүнөздөлөт.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 8 - тиркеме |
Иш жүргүзүүнүн альтернативдүү варианттары төмөнкүлөр боюнча бааланат:
- белгиленген иш объектинин аймактык жайгашуусу;
- технологиялык, инженердик жана башка чечимдер;
- чийки заттардын түрлөрү жана булактары, энергоресурстар, химиялык реагенттер;
- чыгарууларды, таштоолорду тазалоо жана зыянсыздандыруу, калдыктарды урунуу методдору;
- жаратылышты коргоо маселелеринин чечимдери, компенсациялык экологиялык жана социалдык иш-чараларды жүргүзүү;
- белгиленген ишти ишке ашыруудан баш тартууну кошкондо, башка альтернативалар.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 9 - тиркеме |
1. Белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) натыйжасында атмосфералык абанын абалынын өзгөрүү мүмкүндүгүн болжолдоо жана баалоо, булгоочу заттардын таралуу эсебинин, анын ичинде атмосфералык абадагы топтордун суммациясынын негизинде жүргүзүлөт.
Булгоочу заттардын атмосфералык абада таралуу эсебинде төмөнкүлөр эске алынат:
- долбоорлонгон чыгаруулар булактары;
- реконструкцияланган объекттер (ишканалар) үчүн – чыгаруулардын булактары;
- атмосфералык абадагы булгоочу заттардын фондук концентрациясы.
Учурдагы жоюлуучу чыгаруулар булактарынын салымы атмосфералык абанын фондук булгануусунан алынып салынат.
Атмосфералык абанын абалынын өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болжолдоо жана баалоо технологоялык жабдуунун иштөө режимин жана технологиялык процесстер агымын эске алуу менен долбоордук кубаттуулукка ылайык жабдуунун иштөө шартында гана аткарылат.
Объектини (ишкананы) реконструкциялоодо атмосфералык абанын булгануу динамикасын баалоо үчүн, объектини (ишкананы) реконструкциялаганга чейинки жана кийинки абалы боюнча атмосфералык абадагы булгоочу заттардын жердеги концентрациясынын максималдуулугу аныкталат.
Эгерде долбоорлоо учурунда, айлана-чөйрөгө болгон таасирди өзгөртүүнү (атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарууну жогорулатууну) караган объектини (ишкананы) реконструкциялоо бекитилген долбоордук документтер болгон учурда келечекте атмосфералык абанын булгануусунун деӊгээлин болжолдоо жана баалоо бекитилген долбоордук чечимдерди ишке ашырууну эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Атмосфералык абага булгоочу заттардын таралуусун эсептөөнүн негизинде атмосфералык абадагы булгоочу заттардын фондук концентрациясын эске алуу менен атмосфералык абадагы булгоочу заттардын жердеги максималдык концентрациясы атмосфералык абанын сапатынын ченемдеринен ашпаган чектеги, олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон аймак (олуттуу таасир бериши мүмкүн болгон аймактын өлчөмү жана чеги) аныкталат.
2. Булактын физикалык таасиринин деӊгээлин болжолдоо жана баалоо эсептөө маалыматтарынын же объект-аналогдор үчүн аткарылган иш жүзүндөгү өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде булактын техникалык-эксплуатациялык мүнөздөмөсү боюнча эсептөө жолу менен аныкталат.
Олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон чөлкөм (анын өлчөмдөрү жана чеги), чектен сырткаркы калкка физикалык таасир берүүнүн болжолдонгон деӊгээли физикалык таасир берүүнүн жол берилген чегинен ашпаган аймак катары аныкталат.
3. Суу ресурстарынын абалынын өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болжолдоо жана баалоо төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- суу пайдалануучуларды камсыздоону кепилдөө үчүн суунун көлөмүн, молдуулугун же тартыштыгынын режимин, жайгашкан ордун аныктоо максатындагы суу чарба балансынын;
- суу объектисинин гидрологиялык жана гидравликалык өлчөмдөрүн эске алуу менен чыгарылган саркынды сууларды суу объектисинин суулары менен аралаштыруунун эсебинин.
Эсептөөдө төмөнкүлөр эске алынат.
- долбоорлонгон чыгаруу булактары;
- реконструкциялануучу объект (ишкана) үчүн - учурдагы чыгаруу булактары;
- суу объектисиндеги булгоочу заттардын фондук концентрациясы.
Суу ресурстарынын абалынын өзгөрүү мүмкүндүгүн болжолдоо жана баалоо технологиялык жабдуунун иштөө режимин жана технологиялык процесстердин агымын эске алуу менен долбоордук кубаттуулукка ылайык жабдуунун иштөө шартында гана аткарылат.
Эгерде долборлоо учурунда, айлана-чөйрөгө таасир берүүнү өзгөртүү (агын сууларды чыгарууну жогорулатуу) каралган, объектини реконструкциялоону өткөрүү боюнча долбоордук документтер болгон учурда суу объектилеринин булгануу деңгээлин бекитилген долбоордук чечимдерди ишке ашырууну эске алуу менен келечектеги болжолдоону жана баалоону жүргүзүү керек.
Суу объекттеринин абалынын өзгөрүүсүн баалоо суу объектилери үчүн өтө ыңгайсыз шарттардагы аз суулуу мезгилдерде аткарылат.
Эгерде долбоордук чечимдерде саркынды сууларды сугат каналдарына буруу каралса, сугат тармактары саркынды суулардын бөлүнгөн көлөмүн кабыл ала тургандыгын баалоо (эсептөө) жүргүзүлөт.
4. Жер астындагы суулардын абалынын өзгөрүү мүмкүндүгүн болжолдоо жана баалоо жер астындагы суулардын деңгээлдик режимин жана сапаттык курамынын өзгөрүүсүн жер астындагы суулардын табигый корголуусун талдоонун негизинде жүргүзүлөт.
5. Геологиялык шарттардын жана рельефтин өзгөрүү мүмкүнчүлүгү төмөнкүлөр боюнча болжолдонот жана бааланат:
- экзогендик процесстердин активдешүүсү;
- рельефтин эрозиялык бөлүнүүсүнүн көбөйүшү;
- рельефтин техногендик формаларынын пайда болушу;
- башка өзгөрүүлөр, анын ичинде топуракка таасир берүү менен байланышкан анын ичиндеги башка өзгөрүүлөр.
6. Жер ресурстарынын жана топурак катмарынын өзгөрүү мүмкүнчүлүгү төмөнкүлөр боюнча болжолдонот жана бааланат:
- механикалык бузулуу, эрозиялык процесстердин өрчүшү;
- суу астында калуу жана суу каптоо;
- топурактын түзүлүшүнүн, касиетинин, курамынын өзгөрүүсү;
- топурактын булгануусу, топурак жана топурак пайда болуучу процесстерге мүнөздүү болгон топурак катмарына булгоочу заттардын терең сиӊүүсү.
Болжолдоонун жана баалоонун негизинде жер ресурстарына жана топурак кыртышына олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон чөлкөм аныкталат.
7. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин абалынын өзгөрүү мүмкүндүгү, анын ичинде жаратылыш чөйрөсүнүн башка компоненттерине таасир берүүсүнө байланышкан өзгөрүүлөр болжолдонот жана бааланат:
- өсумдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин ар түрдүүлүгүнүн, ресурстук потенциалынын жана өнүмдүүлүгүнүн өзгөрүүсү;
- өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин мейкиндик жана популяциялык бүтүндүүлүгүнүн өзгөрүүсү;
- өсүмдүктөр тобунун мейкиндик уюмунун (түзүлүшүнүн) өзгөрүүсү;
- бир топтогу өсүмдүктөр тобунун башка топко өзгөрүүсү (сукцессиялык процесстер);
- өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин өсүү чөйрөсүнүн сапатынын өзгөрүүсү;
- өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин функциялык маанилүүлүгүнүн өзгөрүүсү (коргоо, эрозияга каршы, санитардык-гигиеналык, суу коргоо, эксплуатациялык жана башка);
- өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү объекттердин чегиндеги өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусу жана оорулардын, зыянкечтердин жана мителердин таралуу мүмкүнчүлүгүнүн өзгөрүүсү.
8. Жапайы жаныбарлар байырлаган чөйрөнүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин запасынын, анын ичинде таасир берүүгө байланышкан жаратылыш чөйрөсүнүн башка компоненттеринин абалынын өзгөрүү мүмкүндүгү төмөнкүлөр боюнча болжолдонот жана бааланат:
- жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүнүн биологиялык түркүмүнүн өзгөрүүсү;
- коргоого алынган жаныбарлардын түрлөрүнүн байырлаган жерлеринин, азыктанган жайларынын, кыштоолорунун жана популяцияларынын, жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарынын (запастарынын) абалынын, жапайы жаныбарлардын миграция жолдорунун бузулушу (өзгөрүүсү, трансформацияланышы).
9. Айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүүсү долбоордук жана долбоордон сырткаркы авариялык кырдаалдардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен болжолдонот жана бааланат.
Мүмкүн болгон долбоордук жана долбоордон сырткаркы авариялык кырдаалдар, ошондой эле алардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү объект-аналогдордогу авариялардын себебин талдоонун, объект-аналогдордун авариялары боюнча статистикалык маалыматтардын, катталган авариялардын экологиялык зыяндарынын жана аларды жоюу боюнча ишке ашырылган иш-чаралардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде аныкталат.
Мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын кесепетин болжолдоо жана баалоо формалдык талдоо, аналогия методу, эксперттик метод жолдору менен жүргүзүлөт.
10. Социалдык-экономикалык шарттардын өзгөрүү мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр боюнча болжолдонот жана бааланат: калктын ден-соолугунун абалы, орундаштыруунун мүнөзү, демографиялык кырдаалдар, жумушчу ресурстарын пайдалануу, экономикалык иштин натыйжалуулугу, инвестициялык активдүүлүк жана жагымдуулук, калктын жашоо деңгээли, инфратүзүмдөр, турмуш-тиричилик шарттары, аймактын тарыхый-маданий баалуулугу жана башка өзгөрүү мүмкүнчүлүктөрү.
11. Белгиленген иш санитардык-коргоо аймагынын чегинде, башка турак үйлөрдү кошкондо, турак-жайлар жайгашкан учурларда зыяндуу факторлордун таасиринен калктын ден-соолугуна болгон коркунучту баалоо талап кылынат.
12. Белгиленген ишти ишке ашыруунун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнүн ар бир компонентинин абалынын өзгөрүүсүн болжолдоонун жана баалоонун натыйжалары боюнча, өлчөмү жаратылыш чөйрөсүнүн жана жаратылыш объектилеринин өзүнчө компоненттерине олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон аймактын чектери менен аныкталган олуттуу зыяндуу таасирдин бирдиктүү аймагы аныкталат.
13. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүү учурунда айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болжолдоо, белгиленген ишти ишке ашыруунун натыйжасында олуттуу таасирди сезген айлана-чөйрөнүн компоненттери үчүн гана жүргүзүлөт
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 10 - тиркеме |
1. Белгиленген иштин айлана-чөйрөнүн абалын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн баалоонун натыйжасында төмөнкүлөр боюнча чаралар аныкталат:
1) айлана-чөйрөгө олуттуу терс зыяндуу таасирдин алдын алуу, минималдаштыруу жана/же компенсациялоо (мындан ары – жаратылышты коргоо иш-чаралары);
2) авариялык кырдаалдардын алдын алуу, аларга маани берүү, алардын кесепеттерин жоюу (мындан ары – жаратылышты коргоо иш-чаралары);
3) социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу.
Ошондой эле долбоордон кийинки талдоо же айлана-чөйрөгө жергиликтүү мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы жана көлөмү (программалар жана объекттер) аныкталат.
2. Жаратылышты коргоо иш-чараларын:
1) жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттеринин табыгый калыбына келүү мүмкүнчүлүгүн жана/же болжолунун негизин жана калыбына келүүчү жаратылыш ресурстарын кайталап өстүрүүнү эске алуу менен;
2) аларды ишке ашыруунун социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун жана болжолдонгон жаратылышты коргоо натыйжасын салыштыруунун негизинде пландаштыруу зарыл.
3. Жаратылышты коргоо иш-чаралары белгиленген ишти ишке ашыруунун ар бир баскычы үчүн каралышы керек: объектти куруу, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу.
4. Долбоордук чечимдер менен каралган жаратылышты коргоо иш-чараларынын (тазалоочу жабдуулар ж.б.) жетиштүүлүгү жана натыйжалуулугу негизделүүгө (техникалык, маалымат документтерин, эсептерди пайдалануу менен) жана бааланууга тийиш, анын натыйжалары боюнча кошумча зарыл иш-чараларды иштеп чыгуу зарылчылыгы аныкталат.
5. Жаратылышты коргоо иш-чаралары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) атмосфералык абаны коргоо боюнча:
- уюштурулган стационардык чыгаруу булактарын газ тазалоочу жабдуулар менен камсыздоо жана атмосфералык абанын сапатынын ченемин кармоону камсыздаган атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарууну төмөндөтүү жана (же) алдын алуу боюнча башка чечимдер;
- башка иш-чаралар;
2) жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды коргоо боюнча:
- саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу;
- суу пайдалануу технологияларын өзгөртүү, кайра суу менен камсыздоону пайдалануу, учурдагы жөнгө салуучу суу сактоочу сыйымдуулуктарды жана көлмөлөрдү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу же жаӊыларын куруу зарылдыгын баалоо ж.б.;
- башка иш-чаралар;
3) жер казынасын, жер ресурстарын жана топурактарды (топурак кыртыштарын) сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча:
- топурактын булгануу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу жана жоюу, жерлердин бузулуусун алдын алуу, бузулган жерлерди калыптандыруу, бузулган аймактарды жакшыртуу, топурактын түшүмдүүлүгүн жана жердин башка пайдалуу касиеттерин сактоо;
4) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо боюнча:
- компенсациялык отургузуулар, жоготулуп, көчүрүлүп жаткан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин наркын компенсациялык төлөө, жашылдандыруу, жакшыртуу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин көчүрүү;
- башка иш-чаралар;
5) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо боюнча:
- жапайы жаныбарлардын миграция жолдорундагы транспорттук коммуникациялардан, плотиналардан жана башка тоскоолдуктардан тоскоолсуз өтүүлөрү үчүн курулмаларды куруу; жапайы жаныбарлардын миграция жолдорун жана топтошкон жерлерин сактоо максатында жапайы жаныбарларды өстүрүү үчүн зоопитомниктерди жана башка объекттерди куруу;
- башка иш-чаралар.
6. Эгерде, атмосфералык абага олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон чөлкөм санитардык-коргоо аймагынан ашып кеткен учурда, жаӊы долбоорлонуп жаткан объекттер (ишканалар) үчүн же реконструкцияланып жаткан объекттер (ишканалар) үчүн санитардык-коргоо аймагынан тышкары атмосфералык абанын сапатынын ченеминен ашпоосун камсыздаган кошумча долбоордук чечимдер каралышы керек.
7. Жаратылышты коргоо иш-чараларын эске алуу менен:
1) олуттуу зыяндуу таасир бериши мүмкүн болгон чөлкөмдүн өлчөмү жана чеги оӊдолот;
2) айлана-чөйрөгө таасир берүүнүн жол берилген ченемдери, анын ичинде кезектегилер, эгер долбоордук документтерде каралса, ишке берилүүчү комплекстер боюнча ченемдери аныкталат.
| Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 11 - тиркеме |
1. Айлана- чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүлөр аткарылууга тийиш:
1) белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу зыянынын мүнөзү жана мейкиндик масштабы (чөлкөмү) аныкталышы (бааланышы) жана сүрөттөлүшү;
2) белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) натыйжасында айлана-чөйрөнүн жана (же) анын башка бөлүктөрүнүн өзгөрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жана аны менен байланышкан башка өзгөрүүлөрдүн, аныкталышы (бааланышы) жана сүрөттөлүшү, анын ичинде мүмкүн болгон долбоордук жана долбоордон сырткаркы авариялардын пайда болушу жана кесепеттери жана өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн бааланышы;
3) белгиленген иштин айлана-чөйрөгө олуттуу зыяндуу таасир берүү мүмкүндүгүнүн алдын алуу, минималдаштыруу жана (же) компенсациялоо, боюнча, авариялык кырдаалдарды алдын алуу, аларга маани берүү, авариянын кесепеттерин жоюу боюнча, ошондой эле социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын аныкталышы жана сүрөттөлүшү;
4) объектти куруу, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу учурунда айлана-чөйрөгө олуттуу зыяндуу таасир берүүнүн алдын алуу, минималдаштыруу жана/же компенсациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугунун жана ушул иш-чаралардын болжолдолгон жаратылышты коргоо натыйжалуулугунун салыштырылышы;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу көз карашы менен долбоордук чечимдердин жетиштүүлүгүн баалоо;
6) белгиленген ишти тандалган жер участогунда ишке ашырууга (жайгаштырууга) жол берүү жөнүндө тыянактар чыгарылышы;
7) олуттуу зыяндуу таасир берүү мүмкүндүгүнүн алдын алуу, минималдаштыруу жана (же) компенсациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды эске алуу менен белгиленген иштин айлана-чөйрөгө таасир берүүсүнүн маанилүүлүгү жана максатында белгиленген ишти (объектти) ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо;
8) объектти жайгаштыруунун технологиялык чечиминин жана артыкчылыктуу вариантынын тандалышын негиздөө.
2. АТББ жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча тыянактар төмөнкү негизги факторлордун негизинде түзүлүшү керек:
1) белгиленген ишти ишке ашыруу (жайгаштыруу) үчүн айлана-чөйрөнүн ылайыктуу (ылайыктуу эмес) абалы;
2) белгиленген ишти ишке ашыруу (жайгаштыруу) үчүн жаратылышты коргоо жана башка чектөөлөрдүн болушу (жоктугу);
3) жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо шарттары учурунда белгиленген ишке зарыл сандагы жаратылыш ресурстарын тартуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги);
4) белгиленген ишти ишке ашыруунун (жайгаштыруунун) натыйжасында айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү мүмкүн болгон учурда - объектини куруу, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу жана мүмкүн болгон зыяндуу таасирдин алдын алуу, минималдаштыруу жана/же компенсациялоо боюнча каралган иш-чараларды ишке ашырууда айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемин камсыздоо (камсыздабоо).
[1] Иштин түрлөрүнүн коркунучтуулук категориялары «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.