Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 66
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-бап менен толукталсын:
"
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Архивдик документтерден көчүрмө бөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 43-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөргө көрсөтүлөт: - юридикалык жактарга; - жеке жактарга, анын ичинде түздөн-түз мажбурлоо чаралары колдонулган, саясий репрессиялардан жабыр тартып акталган адамдар жана алардын мурасчылары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Репрессиянын кесепетинен жапа чегип акталган жарандардын архивдик маалымкаттары, иштеринен алынган көчүрмө бөлүктөр жана көчүрмөлөр (мындан ары - архив маалымкаттары) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келген имараттарда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү астында, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга жана кызматтарды көрсөтүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - архивдик документтерден көчүрмө бөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү берүү жөнүндө арыз алынган мезгилден тартып 14 календардык күнгө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алууга болот. Маалымат берүү ыкмалары: жазуу жүзүндө, оозеки (телефон аркылуу, жеке жолугуу учурунда). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу өз убагында жаңыланып туруучу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилүүсү кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү боюнча, маалыматтык сайттарда; - басылмаларда; - улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (www.gknb.gov.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдердеги такталарда, буклеттерде жана брошюраларда; - улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери, электрондук почта, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат (www.gknb.gov.kg) |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык мекемелеринде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алууну жүргүзүүчү кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болуусу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле таразалап жана аргументтештирип чечим кабыл алуусу зарыл. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА) үчүн баарлашуу жана тейлөөлөрдү көрсөтүү аларга ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээсине көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: 1. Зарыл болгон маалымат толук мүнөздөлүп, арыз ээсинин так реквизиттери көрсөтүлгөн, ошондой эле өз паспортунун көчүрмөсү жана суроо-талаптын себеби жана максаты негизделип тиркелген кат (суроо-талап); 2. Репрессиядан жабыркап акталган адамдын паспортунун жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук почта боюнча (dokumentgknb@gmail.com) ушул стандарттын 12-пунктуна ылайык арыз ээсинин документтеринин сканирленген көчүрмөлөрү берилген шартында көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүлбөйт: - арыз ээсинин инсандыгын күбөлөндүрүүчү аныкталбаган үлгүдөгү (паспорт), кемчиликтери бар (сызып оңдолгон, сүртүлгөн) документтер берилсе; - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи жок адамдарга; - кызмат көрсөтүүгө кайрылган адамдын аны алууга укугу жок, же болбосо башка адамдын атынан аракет кылууга ыйгарым укугу жок болгон учурда; - документтер менен таанышууга чектөө грифи бар болгон учурда; -16 жашка толо элек адамдарга; - көрсөтүлгөн документтерде чындыкка ылайык келбеген маалыматтардын бар болушу |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү белгиленген тартипте улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен улуттук коопсуздук маселелерин тескеген органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, арыз ээсинин кол тамгасы жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир күндүн ичинде каттоодон өткөрөт жана жетекчиликке кароого жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү арызды кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү каттоо күнүнөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Жазуу жүзүндөгү жооп арыз ээсин канааттандырбаган учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөөчү же сот инстанцияларына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты дайыма үч жылда бир жолудан кем эмес каралат |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ