Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 76
“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 7-августу, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11-статья. Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Ушул Мыйзам өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп эсептелген салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүүчү шарттарды түзүүгө багытталган салттуу билимдер, анын ичинде генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдер (мындан ары – салттуу билимдер) жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди бекитет.”.
3. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
“фонд – ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан уюмдаштырылган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү жок уюм.”.
4. 4-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 6-статьяда:
1) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктары жеке жана юридикалык жактар, же өздөрү, ошондой эле алар аныктаган өкүлдөрү аркылуу сунушталышы мүмкүн.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
“Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого тийиштүү дагы башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.”.
6. 7-статьяда:
1) расмий тилдеги тексттин төртүнчү бөлүгүндө “совместно” деген сөз алып салынсын;
2) алтынчы бөлүктөгү “Мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан” деген сөздөр “Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин наамына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 8-статьянын жетинчи бөлүгүндөгү “ыйгарым укуктуу орган тарабынан” деген сөздөр алып салынсын.
8. 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр алып салынсын.
9. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11-статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү
Салттуу билимдерди каттоо жана маалыматтарды киргизүү алым төлөнгөн шартта оң чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) салттуу билимдерди колдонуу укугун каттоо же берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби жана анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча Реестрге киргизилген салттуу билимдерди каттоого таандык болгон маалыматтар Реестрге киргизилген күндөн тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Жарым-жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер купуя режиминде сакталат.
Алым, өтүнмө ээси салттуу билимди каттоо жана/же аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде төлөнөт.
Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Күбөлүк берүү расмий бюллетенде жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.”.
10. 12-статьяда:
1) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Күбөлүк өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл өткөнгө чейин жарактуу болот.”;
2) алтынчы бөлүктөгү “ыйгарым укуктуу орган тарабынан” деген сөздөр алып салынсын.
11. 14-статьяда:
1) биринчи бөлүктөгү “, салттуу билимди ыйгарым укуктуу органында каттаткан” деген сөздөр алып салынсын.
2) экинчи бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Келишим белгиленген алым төлөнгөн шартында катталууга тийиш.”.
12. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15-статья. Алымдар
Салттуу билимди каттоо же пайдалануу укугун берүү менен байланышкан юридикалык маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн алымдар төлөнөт.
Алымдар алынып аткарылуучу иштердин тизмеси, алардын өлчөмдөрү жана төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле алым төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн азайтуунун жана кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Алымдар өтүнмө ээси, күбөлүктүн ээси же алар менен макулдашуу боюнча каалаган жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.”.
13. 16-статьянын экинчи бөлүгүндөгү “ыйгарым укуктуу органга караштуу” деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти