Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 “Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик алымдардын коюмдарын дифференциялоо жана бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 “Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын коюмдарында:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Сотко берилүүчү доо арыздардан, анын ичинде келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан (жеңилдиктүүлөрдөн башкасынан), ошондой эле сот тарабынан берилүүчү документтердин көчүрмөлөрү (дубликаттары) үчүн мамлекеттик алым төмөнкү өлчөмдөрдө алынат:
| сом менен |
1 | 2 |
а) төмөндөгү баалардагы доо арыздардан: - 1 000 сомго чейин
- 1 000 сомдон 10 000 сомго чейин - 10 000 сомдон жогору |
эсептик көрсөткүчтүн бир эсе коюму доонун баасынан 7 пайыз доонун баасынан 10 пайыз |
б) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын граждандардын укуктарын кысымга алган мыйзамга каршы аракеттерине даттануудан | эсептик көрсөткүчтүн 7 эсе коюму |
в) никеден ажыратуу жөнүндө доо арызда никеден ажырашууда мүлктү бөлүштүрүү тууралуу доо арыздан | эсептик көрсөткүчтүн 10 эсе коюму, алымдын өлчөмү ушул пункттун “а” пунктчасына ылайык доонун баасы боюнча аныкталат |
г) белгиленген тартипте дайынсыз жок же жин оорусунан же кем акылдыктан улам аракетке жөндөмсүз деп табылган, же үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никеден ажыратуу жөнүндө доо арыздан | эсептик көрсөткүчтүн 7 эсе коюму |
д) турак-жайды жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө, мураска алуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө, мүлктү аресттен бошотуу жана мүлктүк эмес мүнөздөгү (же баалоо талап кылынбаган) башка доо арыздардан | эсептик көрсөткүчтүн 7 эсе коюму |
е) өзгөчө өндүрүштөгү арыздардан (даттануулардан) | эсептик көрсөткүчтүн 10 эсе коюму |
ж) келишимге чейинки талаштар боюнча доо арыздан | эсептик көрсөткүчтүн 10 эсе коюму |
з) соттун чечимине апелляциялык жана кассациялык даттануулардан | доо арызын, башка арызды жана даттанууларды берүүдө төлөөчү алымдын 50 пайызы, ал эми мүлктүк талаш-тартыштар боюнча 1-пункттун “а” пунктчасына ылайык талаштагы суммага жараша эсептелген алым |
и) ишке катышкан тараптардын жана башка адамдардын өтүнүчү боюнча сот тарабынан соттук чечимдердин, өкүмдөрдүн, аныктамалардын, соттун токтомдорунун көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) бергендик үчүн | ар бир бети үчүн 3 сомдон |
к) электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын бергендик (транспортировкалоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздан | эсептик көрсөткүчтүн 5 эсе коюму |
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |