Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 86
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 86 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесин жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан жана гранттарынан алынган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кирешелери - киреше салыгы алынбай турган киреше болуп эсептеле тургандыгы жөнүндөгү ченем менен толуктоо сунушталууда.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төлөмдөрү жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан жана гранттарынан алынган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кирешелерине эсептелбей тургандыгы жөнүндөгү ченем менен толуктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик социалдык эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана анын өлүмүнүн натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыз кылуунун мамлекет тарабынан кепилденген түрлөрүнүн тутуму болуп эсептелет. Камсыздандыруу төлөмдөрү эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку сыйлыктарга) ошондой эле подряддык, тапшырма келишими боюнча иштер үчүн төлөмдөргө жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарларга карата эсептелет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эсепке албаганда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана кармоо төлөмдөрдүн булактарынан жүргүзүлөт.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин коюмдары белгиленген. Бир эле мезгилде төлөөчүлөрдүн бир нече категориясына таандык болгон камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төлөмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ар бир негиз боюнча жүргүзүшөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүнүн башка камсыздандырылган жактар менен бирдей төлөнүшү, аларга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөөгө бирдей укуктарды берет.
Пенсиянын өлчөмү төлөнүп жүргөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасына жана мезгилине түздөн-түз көз каранды болот.
Акыркы беш жылдын аралыгында пенсиянын өлчөмүнүн олуттуу көбөйгөнүнө байланыштуу бюджеттик сарптоолордун көбөйүшү, пенсионерлердин санынын өсүү тенденциясы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык милдеттерин азыркы учурда, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекке да кескин көтөрүп жиберди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык мамлекет бардык пенсионерлердин татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн пенсияны жыл сайын жогорулатуу саясатын уланта берет.
Ушуну менен бирге, пенсия тутумунун финансылык түзүмү ишенимдүү жана тең салмакталган болууга тийиш, анын негизин милдеттүү пенсиялык камсыздандырууга төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрү түзүшү керек.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык мектептердеги формалдуу эмес төлөмдөрдүн жылдык бюджети 2.0 млрд. сомдон ашык, алар мугалимдердин эмгек акыларына кошумча акы түрүндө жардам көрсөтүүгө багытталат.
Демек, жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан жана гранттарынан алынган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кирешелеринен камсыздандыруу төлөмдөрү алынбаган шартта Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдын ала эсептөөлөр боюнча 545,0 млн. сомду ала албай калач, ал эми бул сумманы пенсияны көбөйтүүгө жумшасак болор эле.
Ушуну менен бирге, мыйзамдын долбоорунда бул суммалардын ордун толтуруу үчүн каржылоонун булактары каралган эмес. Ошондой эле сунушталган жеңилдиктерди жабууга керектелүүчү сумма 2015-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесине ылайык жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги бериле тургандыгын белгилөө зарыл. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.
Ортоктош-бөлүштүрүүчү пенсиялык тутумунун шартында бир категориядагы адамдарга жеңилдик берүүдө башка камсыздандырылган адамдардын укуктарын кемсинтүүгө алып келет. Мындан тышкары, кызматкерлердин келечектеги пенсиясынын өлчөмү алардын бардык кирешелерине ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде каралгандардан тышкары), анын ичинен жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулук, гранттык кирешелеринен алынган кирешелерине жараша болот.
Ошондой эле, мамлекеттик финансылык ресурстарынын өтө чектелгендигине байланыштуу салык саясаты мыйзам базасынын туруктуулугун жана тең салмактуулугун чыңдоого багытталууга тийиш, антпесе алынбай калган кирешени толуктоо үчүн альтернативдүү булактарды аныктабастан бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Өз учурунда мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптеринин бири - камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоо жалпы жана милдеттүү мүнөзгө ээ, ошондой эле камсыздандырылган жактарды алардын эмгек салымын, камсыздандыруу учурун жана башка факторлорду эске алуу менен социалдык коргоо деңгээлин дифференциациялоо болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Айрым категориядагы кызматкерлердин кирешелеринин бөлүгүн камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотуу жогоруда аталган милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптерине каршы келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.