Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 95
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин,
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 770-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эсептеги акча каражатын клиенттин буйругусуз чыгарып салууга соттун чечими боюнча, мыйзамда белгиленген талаптардын негизинде, ошондой эле банк менен клиенттин ортосундагы келишимде каралган учурларда жол берилет.".
2. 772-статья "клиенттин буйругу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле мыйзамда белгиленген талаптардын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Таанылган карыз - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетто карыздарды көрсөтүү аркылуу же текшерүүнүн жүрүшүндө табылган карыздар, эсептелген туумдар жана айыптар боюнча текшерүү актысы менен макул болуп таанылган карыз.".
2. 26-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Мыйзамда жана "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар, туумдардын жана айыптардын суммалары төлөөчүлөрдүн банк мекемелериндеги жана башка финансылык-кредиттик мекемелердеги эсептерине төлөм талаптарын коюу аркылуу жана соттук тартипте өндүрүлөт.
Төлөөчү карызды тааныган учурда гана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы тарабынан төлөм талаптары коюлат. Милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды, төлөөчүнүн эсебинен туумдардын жана айыптардын суммаларын эсептен чыгаруу төлөөчүнү текшерүүнүн жыйынтыгынын мыйзамдуулугу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде да жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды, төлөөчүнүн эсептеринен туумдардын жана айыптардын суммаларын эсептен чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1997-ж. № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
56-статьяда:
- 1-пунктта "сот тарабынан берилген аткаруу документтеринин негизинде гана" деген сөздөр "сот тарабынан берилген аткаруу документтеринин, ошондой эле клиент тарабынан таанылган карыздарды эсептен чыгарууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарынын төлөм талаптарынын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктта "соттун өкүмү же чечими менен гана" деген сөздөр "соттун өкүмүнүн, чечиминин, ошондой эле клиент тарабынан таанылган карыздарды эсептен чыгарууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарынын төлөм талаптарынын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-берененин 3-бөлүгү "салык органына" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|