Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 98
“Куралдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Куралдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене. “Куралдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1999-ж., № 11, 448-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-берененин экинчи бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
“- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу куралдан, ошондой эле травмалык таасир этγγчγ октору бар сайсыз дγрмѳттγγ куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик гильзотекаларга берγγгѳ милдеттγγ.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты ай мөөнөттүн ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти