Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 99
"Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 99 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында баяндалган ченем чыгаруу техникасынын талаптарын эске алып, төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- мыйзамдын долбоорунун аталышы алып салынсын;
- мыйзамдын долбоорунда бирдиктүү терминология, ошондой эле так жана бир беткей түшүнүктөр пайдаланылсын;
- түзүмдүк элементтердин номерлери кайра караштырылсын;
- мыйзамдын долбоорунун 27-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү "пунктунда" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
Ошол эле учурда жогоруда аталган мыйзамдын 11 жана 12-беренелеринин талаптарын эске алуу менен, мыйзамдын долбоорунун текстин кайра караштыруунун зарылдыгын белгилейбиз.
Аталган мыйзамга ылайык мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси электр энергетикасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укугун аныктайт. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун текстинде тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясы аныкталат. Атап айтканда мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин алтынчы абзацында энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түшүнүгү ачылып берилет, анын ыйгарым укуктарына энергетика тармагындагы мамилелерди контролдоону жана жөнгө салууну ишке ашыруу кирет, Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, энергетикадагы коопсуздукту мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ж.б. ыйгарым укуктары аныкталат.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитилген кандайдыр бир ченемдер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилей кетүү керек.
Мисалы, аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдагы функцияларды ишке ашырууну ыйгарым укуктарына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине түздөн-түз негизделет, ага ылайык Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишин жетектейт жана Өкмөттүн карамагындагы министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине ылайык иштешет.
Мындан тышкары азыркы учурда энергетика чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу), Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине (саясатты иштеп чыгуу), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке (лицензиялоо жана тарифтерди белгилөө, отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга (техникалык коопсуздукту камсыздоо) жүктөлгөндүгүн белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге эле мыйзамдын долбоорунда саясатты иштеп чыгуу, отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүндө техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары так бөлүштүрүлгөн эмес.
Ошондой эле "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына көңүл бурабыз, аларда мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик органдын функцияларын айкалыштырууга тыюу салынат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорунан министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун укуктук статусун, ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттештирүүчү жоболорду алып салууну жана зарыл болгон учурда аларды ченемдик көрсөтмөлөргө өзгөртүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси анын аталышына жараша жөнгө салуу предметин аныктагандыктан аталган берененин мыйзамдын колдонуу чөйрөсүн регламенттөөчү экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесиндеги "мыйзамдар жана" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени мыйзам Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын түрлөрүнүн бири болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын текстинде пайдаланылган терминдер менен түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир беткей мааниге ээ болууга тийиш. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде келтирилген айрым терминдер башка мыйзам актыларында ачылып берилет, ошондой эле так эмес түшүнүктөргө ээ болот.
Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун аталган беренесин төмөнкү бөлүктөрдө кайра караштырууну сунуштайбыз:
- түшүнүктөр алардын бир беткей түшүнүлүшүн камсыз кылган чечмелөөдө баяндалсын:
- башка мыйзам актыларында ачылып берилген жана кошумча чечмелөөнү талап кылбаган түшүнүктөр алынып салынсын.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде "электр энергетикасында лицензия", "электр энергетикасында лицензиялык макулдашуу" жана "электр энергетикасында лицензият" түшүнүктөрү ачылып берилет. Лицензиялоо маселелери мыйзамдын долбоорунун 3-главасында жана башка беренелеринде да чагылдырылат. Бул жоболор боюнча аткаруу бийлигинин органдары, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда иштин айрым түрлөрүн лицензиялоону жүзөгө ашырууга байланыштуу пайда болгон мамилелер, иш-аракеттер, операциялар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Мыйзамдын долбоорун талдоо аталган мыйзамдын анын жоболоруна ылайык эместигин аныктады, атап айтсак:
- берилүүчү лицензиялардын түрлөрү боюнча;
- лицензиялык талаптарга ылайык эместигин аныктады, анткени жогоруда аталган мыйзамда лицензиялык макулдашуулар караштырылган эмес. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар пайда болгон учурда жана алардын бири дагы бир топ жогорку күчтөгү актыга каршы келбесе укук мамилелеринин бул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболору колдонулат. Мына ошентип, мындай учурда "Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору колдонулат.
Баяндалгандын негизинде мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктардын пайда болушуна жол бербөө максатында лицензиялоо маселелерине тиешелүү мыйзамдын долбоорунун жоболорун алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз же бул берененин мазмунун "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси эч кандай ченемдик жүктү көтөрбөгөндүктөн белгиленген мыйзамды ачып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунда электр энергиясы жана кубаттуулугу өзгөчө товар деп таанылат. Мыйзамдын долбоору электр энергиясын жана кубаттуулуктарын бир эле убакта жүгүртүүнү, өндүрүүнү караштырат, анткени өзүнчө алганда электр энергиясы же кубаттуулук гана колдонулат, Ошону менен бирге эле кубаттуулук товар катары таанылышы мүмкүн эмес, ал кызмат көрсөтүү категориясына таандык болот, анткени электр энергиясын иштеп чыгууну коштойт жана электр тогунун жыштыгы түрүндө контролдонуучу кубаттуулуктардын балансын кармап турат. Баяндалганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун тийиштүү беренесин кайра караштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 4-бөлүгүндө кубаттуулук жыштык жана чыңалуу менен катар электр энергиясынын мүнөзүнүн сапаты катары таанылат.
Бирок электр энергиясынын мүнөздөмөсү жыштык жана чыңалуу гана болуп эсептелет. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 23-беренеси системалык оператордун функцияларын аныктоого багытталгандыгын эске алабыз, ал эми аталган берененин 4-бөлүгүндө энергия системасынын режимдерин башкаруу жөнүндө айтылат, аталган бөлүктөгү "электр энергиясынын учурдагы маанилеринин сапаттык мүнөздөмөсү" деген сөздөрдү "электр тармагынын режимдеринин сапаттык мүнөздөмөлөрү" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. Евразиялык экономикалык союзга кошулуу боюнча Кыргыз Республикасы жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Мыйзамы менен толуктоо киргизилген, ага ылайык аталган мыйзамды колдонуу чөйрөсүнөн иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана продукцияга карата мындай талаптарды аткаруу жана/же продукцияга карата талаптарга байланышкан долбоорлоо (анын ичинде иликтөө) процесстерине, өндүрүүгө, курууга, монтаждоого, жөнгө салууга, сактоого, ташууга, ишке ашырууга, эксплуатациялоо жана утилдештирүү учурларынан тышкарыда электр энергетика объекттерин иштеп чыгууга, кабыл алууга, колдонууга жана электр энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугуна карата талаптарды аткарууга байланышкан мамилелер алынып салынган.
2014-жылдын 25-декабрындагы № 163 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Ошону менен бирге эле жогоруда аталган толуктоону эске алуу менен каралып жаткан мыйзамдын долбооруна төмөнкү өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштайбыз:
- 6-берененин 3-бөлүгү алып салынсын. Ошол эле учурда айтылган бөлүк боюнча анын жоболору мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин жөнгө салуу предметинен чыгып кеткендигин белгилейбиз;
- 7-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун редакциясы кайра караштырылсын;
- 7-берененин 3-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "техникалык регламенттер" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-берененин 2-бөлүгүнүн 15-пункту алып салынсын;
- 12-берене кайра иштелип чыксын. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн беренеге ылайык электр энергетикада техникалык жөнгө салуу "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырыла тургандыгына көңүл бурабыз. Ошону менен бирге эле мыйзамдын долбоорунун 42-беренеси менен "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.
- 20-берененин 2-бөлүгүндөгү "техникалык регламенттер жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка милдеттүү талаптар" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Айтылгандардын негизинде техникалык регламенттерге шилтеме жасоолорду камтыган мыйзамдын долбоорунун башка жоболорун кайра караштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы да кабыл алынган. Ал Мыйзамда "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзамдын аталышынын жана тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөрдү алып салган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Баяндалганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунда "уруксат берилген монополиялар" маселесин жөнгө салуучу жоболорду кайра караштырууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы табигый монополияларга карата мамлекеттик саясаттын негиздерин жогоруда аталган мыйзам аныктагандыктан, Кыргыз Республикасынын бардык рынокторунда пайда болгон табигый монополиялар субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан мыйзамдын долбоорунан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жоболорду алып салууну сунуштайбыз.
Баяндалганды эске алуу менен жалпысынан мыйзамдын долбоорунун жоболорунун Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин талаптарына Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусунун ылайыктуулугун талдап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"12) электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөөдө калктын аз камсыз болгон катмарларын социалдык колдонуу камсыздоо;".
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: бюджеттик-финансылык, баа, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатын жүргүзүүнү камсыздоо. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда Өкмөт тарифтерди түзүү методикасын аныктоочу тариф саясатын, аларды белгилөө тартибин беките тургандыгын, ошондой эле аларды белгилөө үчүн жооптуу мамлекеттик органды (тармактык жөнгө салуучу) аныктай тургандыгын караштыруу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени бекитилген баалар жана тарифтер беш жылдык мезгилде өзгөрбөгөн бойдон калса чечимдерди кабыл алууда ийкемдүүлүгүн жоготуп, бул рынок экономикасынын шарттарында энергия системасынын ишине терс таасир бериши мүмкүн. Ошол эле учурда тарифтерди бекитүү, ошондой эле алардын колдонуу мөөнөттөрүнүн механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен орто мөөнөттүү тариф саясатында чагылдырылууга тийиш.
Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 3-бөлүгүндө 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр берүүнүн жаңы линияларын жана подстанцияларды куруу мамлекеттик-жекече өнөктөштүк принциби боюнча ишке ашырыла тургандыгын белгилөөнү сунуштайбыз, ал эми 19-берененин 2-бөлүгүндө мындай тармактарды ар кандай субъекттердин куруусуна жол берилип, бул чар-жайыттыкты түзөт. Буга байланыштуу куруу шарттарына жана технологиялык кошулууга тиешелүү мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүн бириктирип жана 3-бөлүктө каралган башкаруу шарттарын жана курулган электр тармактарын системалык оператор тейлей тургандыгын калтырууну сунуштайбыз.
Системалык оператордун милдеттери, ошондой эле анын функциялары мыйзамдын долбоорунун 22 жана 23-беренелерине бекитилгендиктен мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун экинчи абзацынын редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз.
31-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына энергиянын кайра жаңыруучу булактарын пайдалануунун негизинде өндүрүлгөн, электр энергиясынын көлөмүнө бааларды бекитүүгө макулдук берүү кирбейт. Ошол эле учурда "Энергиянын кайра жаңыруучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин жоболорун эске алуу менен белгиленген пунктту кайра караштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 31-беренесинин 4-бөлүгүн дүң рынокто электр энергиясы берүү учурунда анын жоготуулары менен шартталган керектөөлөрдү камсыз кылуучу көлөмдөрдө сатып алына тургандыгын эске алуу менен кайра иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 32-беренесинде коммерциялык администратор электр энергиясынын дүң рыногунун катышуучулары тарабынан коммерциялык эмес уюм формасында түзүлө тургандыгы каралган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 85-беренесинин 3-пунктуна ылайык коммерциялык эмес уюм болгон юридикалык жактар, мекемелердин менчик ээлери, кайрымдуулук жана башка коомдук фонддор тарабынан каржылануучу кооперативдер, саясий партиялар жана башка коомдук же диний уюмдар (бирикмелер) формасында, ошондой эле башка формаларда түзүлүшү мүмкүн.
Ошону менен бирге эле мыйзамдын долбоорунун 32-беренесинин жоболоруна ылайык түзүлүүчү коммерциялык администратордун формасын аныктоо мүмкүн эмес. Эгерде коммерциялык администраторду өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формада түзүү пландаштырылган учурда мыйзамдын долбоорунун алкагында аны уюштуруунун тартибин, уюштуруучулар, башкаруу органдары, ишинин тартиби ж.б. катары чыгуу укугуна ээ болгон субъекттерди аныктоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 222-беренесине ылайык менчик укугу мыйзам актылары менен таанылган жана корголгон өзүнө таандык мүлктү өзүнүн каалоосу боюнча ээлөө, пайдалануу жана башкаруу боюнча субъекттин укугу. Менчик ээсине өзүнүн мүлкүн ээлөө, пайдалануу жана башкаруу укугу таандык. Айтылганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 41-беренесинде жабдуунун (башка объекттердин) менчик ээлери менен катар ким анын мыйзамдуу менчик ээси экендигин конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
Ченемдик укуктук актылардын мындай же башка талаптарын бузгандык үчүн жооптуулук администрациялык же болбосо кылмыш жаза мыйзамдары менен белгиленгендиктен мыйзамдын долбоорунун 41-беренесинин 4-бөлүгүнүн редакциясын тактоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 42-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2, 4 жана 11-пункттарында күчүн жоготту деп табылган мыйзам актыларынын туура эмес реквизиттери көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу алардын жоболору тактоону талап кылат.
Мындан тышкары "Электр энергетикасы жөнүндө" жана "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын күчүн жоготту деп таануу менен төмөнкүлөрдүн да күчүн жоготту деп таанууну талап кылат:
- 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси;
- 2013-жылдын 24-июнундагы № 99 "Энергетика жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси;
- 2014-жылдын 19-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 2-беренеси;
- 2015-жылдын 14-январындагы № 10 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Мыйзамдын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоо 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген, Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасиринин анализинин методикасынын негизинде жүргүзүлгөн.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтомуна ылайык күчүн жоготкондугун белгилей кетүү зарыл.
Буга байланыштуу, ошондой эле аталган жөнгө салуучу таасирдин анализи иштелип чыккан учурдан тартып өткөн мезгил ичинде мыйзамдар кыйла чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун, ошондой эле жалпысынан энергетикалык сектордогу жүргүзүлгөн мамлекеттик реформаларга байланыштуу отун энергетика комплекси чөйрөсүндөгү кырдаал өзгөргөндүгүн (отун энергетика комплекси чөйрөсүндө көз каранды эмес жөнгө салуучу орган түзүлгөн, көз каранды эмес эсептешүү борборун түзүү караштырылууда), жогоруда аталган-сын пикирлерди жана ал боюнча сунуштарды эске алуу менен Жөнгө салуучу таасирдин жаңы анализин жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзамды долбоорлоо иштеринин планына "Электр энергиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу киргизилген.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү караштырылган.
Ошону менен бирге эле жогоруда белгиленип өткөндөй 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жогоруда аталган Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, анын ичинде 4-берене жаңы редакцияда баяндалган. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин сунуштары актуалдуу эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле "Электр энергиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору бүгүнкү күндө көп жагынан эскирип, кайра караштырууну талап кылгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу жөнүндө демилгени колдойт. Ошону менен бирге эле каралып жаткан мыйзамдын долбоору жогоруда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайра бышыктап иштеп чыгууну талап кылат.