Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 103
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 103 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана. толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына он алты жашка чыга элек балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин жана баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн кепилденген эң төмөнкү кирешенин деңгээлинен көз карандысыз белгилөөнү караган өзгөртүү киргизүү, жөлөкпулдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө дайындоо, ошондой эле үй-бүлөнүн жөлөкпулга болгон муктаждыгын аныктоодо анын кирешесиндеги жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды эсепке алуу сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, алдын ала эсептөөлөр кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 2015-жылдын 1-январынан тартып 815 сом болсо жана балдарга жөлөкпулду үй-бүлөнүн жан башына туура келген кирешесине карабай белгиленген 650 сом өлчөмүндө дайындоого 53,3 млн. сом керектеле тургандыгын көрсөттү.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча максаттуу иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын алкагында кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 2011-жылдан 2014-жылга чейин 90,5%га, башкача айтканда 370 сомдон 705 сомго чейин жогорулатылган.
Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмдөрү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн жогорулатуу жолу менен жыл сайын көбөйтүү каралып турат.
Ошол эле учурда, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү камсыздоо үчүн кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн жогорулатууну пландаштырууда экономикадагы иштердин реалдуу абалын жана өлкөнүн финансылык потенциалын эске алуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жылга карата бюджетинин долбоору республикалык бюджетке пландалган келип түшүүлөргө (кирешеге) жараша программалык форматта түзүлгөн.
Алсак, 2015-жылга карата республикалык бюджет аз камсыздуулук боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө боюнча кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн 2015-жылдын 1-ноябрынан тартып учурдагы өлчөмдөн 10%га жогорулатууга негизделип эсептелген. Мында кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн он пайызга жыл сайын жогорулатуунун негизинде каралган.
Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду өлкөнүн финансылык-экономикалык абалын көңүлгө албастан, жашоо минимумун эске алуу менен белгиленген өлчөмдө дайындоо аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоого багытталган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө мамлекеттик бюджетте каралбаган кошумча чыгымдарды алып келет.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алууда балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды төлөөгө 2015-жылга 399,6 млн. сом өлчөмүндө кошумча акча каражаттарын бөлүү талап кылынат.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү бөлүгү менен "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүн мамлекеттик жөлөкпулдарды кайра эсептөөнүн кошумча учурларын белгилеген алтынчы абзац менен толуктоо каралган.
Муну менен бирге, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды эмес, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды кайра эсептөө учуру каралганын белгилейбиз. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн кайра эсептөө учуру жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, республиканын бюджетинин чектелүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу азырынча эрте деп эсептейт.