Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 109
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу жана Д.Д.Бекешев демилгелеген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 109 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу жана Д.Д.Бекешев демилгелеген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына көзү көрбөгөн, кулагы укпаган, колу-бутунун бирөө же экөө тең жок адамдарга майыптыкты мөөнөтсүз белгилөө жөнүндө ченемди кошуу менен толуктоо киргизүү каралган.
Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамына ылайык майыптык - адамдын эмгектенүү жөндөмдүүлүгүн толук же бир топ жоготууга алып келүүчү же организмдин функцияларынын мурдагы калыбына келбей өтө бузулушу менен адамдын ден соолугунун начарлашы. Организмдин функцияларынын бузулушуна байланыштуу жашоо турмушунун өзгөрүү даражасына карата I, II жана III топтогу майыптык берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар майыптык группаны аныктоо учурунда "эмгекке жарамдуулукту жоготкондук даражасы" деген түшүнүктү жетекчиликке алат, ал текшерүү учуруна карата пайыз менен көрсөтүлөт жана ден соолуктун бузулушуна жараша 10дон 100 пайызга чейинки чектерде белгиленет.
Эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасы жабыркаган адамдын ден соолугунун абалын баалоого жана анын компенсатордук же адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүү божомолуна жараша 1 же 2 жылга белгиленет, же ден соолуктун бузулгандыгынын орду толгус кесепетинин натыйжасында организмдин функциялары туруктуу бузулуп, жабыркаган адамдын эмгекке жарамсыздыгы туруктуу болсо, ошондой эле анатомиялык мандеми бар болсо - мөөнөтсүз белгиленет.
Укпаган же көрбөгөн адамдар үчүн майыптык алардын угуу жана көрүү органдарынын функциялык мүмкүнчүлүктөрү кайра кайтпаган учурларда мөөнөтсүз белгиленет.
Ал эми мыйзамдын долбоорунун мазмунунда керүүсү же угуусу биротоле жок болгон учур жөнүндө айтылган эместигин белгилейбиз.
Мында, айрым учурларда угуу жана көрүү органдары кайрадан калыбына келиши мүмкүн. Күбөлөндүрүүнүн белгилүү бир мөөнөттөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы кароону өз убагында өткөрүүгө, оорулууларды реабилитациялоого жана дарылоого, ошондой эле оорунун күчөшүн болтурбай токтотууга мүмкүндүк берет.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдарды коргоонун жана аларга жардам берүүнүн жалпы кепилдиктерин, ошондой эле элдин ден соолугун сактоого, майыптыктын алдын алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.
Атап айтканда, жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык коргоого укуктарын жөнгө салат, алар жашаган жерине, майыптык категорияларына жана топторуна карабастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган майыптыгын белгилеген учурдан баштап андай укуктарын пайдаланууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
Ал эми майыптыкты белгилөөнүн тартиби, мөөнөтү, негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому менен жөнгө салынат, ал токтомдо майыптык мөөнөтсүз белгиленүүчү оорулардын, травмалардын кесепеттеринин жана кемтиктердин тизмеси берилген, алар бар болсо майыптык мөөнөтсүз белгиленет. Ал тизмеде көрбөгөн, укпаган же колу-буту жок адамдар эле эмес, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын баары камтылган.
Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан толуктоо майыптык мөөнөтсүз белгиленүүчү ооруларды аныктап жатат. Бирок мында майыптык мөөнөтсүз белгиленүүчү оорулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен кошумча аныктоо мүмкүндүгү түшүнүксүз. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылып жаткан толуктоону киргизүү "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин колдонууда карама-каршы практиканы пайда кылышы мүмкүн.
Мыйзамдын долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта финансылык-экономикалык эсептөөлөрү жок жана каржылоо булактары аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын негиздеме-маалымкатында аны каржылоо булактары бар экендиги жөнүндө маалымат болууга тийиштигин белгилейбиз.
Кошумча иретинде, азыркы учурда медициналык-социалдык экспертиза системасы реформаланып жаткандыгын билдиребиз. Майыптыкты белгилөө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иштеп чыккан Иштөөнүн, чектелген жашоо мүмкүнчүлүгүн жана ден соолукту аныктоонун эл аралык классификациясын эске алуу менен кайрадан каралып чыгат. Майыптыкты белгилөөдө ден соолуктун абалы эле эмес, психологиялык жагы да, инсандык факторлор, социалдык жагдайлар да эске алынат. Жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында Иштөөнүн, чектелген жашоо мүмкүнчүлүгүн жана ден соолукту аныктоонун эл аралык классификациясын эске алуу менен медициналык-социалдык экспертизанын Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтырылган жаңы методикасы иштелип чыгат. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын ишин, ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдардын маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, ошондой эле майыптыкты тариздөөнүн тартиби кайрадан каралат жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына ылайык келтирилет.
Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуунун ылайыгы жок деп эсептейт.