Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 80
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
28-майындагы № 331 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Өлкөнүн региондорун профессионал кадрлар менен камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №331 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча” деген сөздөр “орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- кириш сөзү “Кесиптик” деген сөздөн кийин “орто жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кыргыз Республикасынын жарандары орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарга окууга кирип жана бюджеттик каражаттын эсебинен медицина, фармацевтика адистиктери боюнча орто жана жогорку кесиптик билим алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүүсү боюнча эки жыл иштеп берүүгө, педагогикалык адистиктер боюнча - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүштүрүүсү боюнча үч жыл иштеп берүүгө жиберилүүгө тийиш.
Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда жогоруда айтылган адамдар билим берүүчү уюмдун окутууга жумшаган чыгымдарын мамлекеттик билим берүү боюнча гранттын өлчөмүндө же бюджеттик негиздеги окутуунун акысын төлөп берүүгө милдеттүү.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизминде:
- аталышындагы “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча” деген сөздөр “орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;;
- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизми (мындан ары - Механизм) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана кесиптик билим берүү тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик билим берүүчү гранттарды (мындан ары – грант) жана бюджеттик орундарды даярдоонун багыттары, адистиктер жана орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмдар (мындан ары – билим берүүчү уюм) боюнча бөлүштүрүү тартибин аныктайт.”;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 1-главасынын аталышындагы “Мамлекеттик билим берүү гранттарынын” деген сөздөр “Гранттардын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы “ Мамлекеттик” деген сөз алып салынсын;
- бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “жож”, “ жогорку окуу жай”, “окуу жай” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “билим берүүчү уюм” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы “(мындан ары-жож)”, “мамлекеттик билим берүү” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттагы “Мамлекеттик билим берүү” деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттагы “ тийиштүү” деген сөз алып салынсын;
- 9-пункттагы:
“2012”деген цифралар “2011” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“Жыйынтыгы” деген сөздөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун тартиби” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 10-пунктундагы “Биринчи курстун” деген сөздөр “Медицина, фармацевтика жана педагогика адистиктери боюнча даярдоочу билим берүүчү уюмдардын биринчи курстарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
“101. Адистерди даярдоону каржылоо үчүн гранттын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.”;
жогоруда аталган Механизмдин 1-тиркемесинде:
- мамлекеттик тилдеги текстте: аталышы “адистерди” деген сөздөн мурда “медициналык, фармацевттик жана педагогикалык адистиктер боюнча” деген сөздөр менен толукталсын, “Мамлекеттик билим берүү гранттарынын” деген сөздөр “Гранттардын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- бүткүл текстте:
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “жогорку окуу жай”, “жож” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “билим берүүчү уюм” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“ректорлор”, “Ректор” деген сөздөрдөн кийин “(директорлор)”, “(директор)” деген сөздөр менен толукталсын;
“гранттык” деген сөз “кабыл алуучу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Келишимдин предмети
Билим берүүчү уюмдун кабыл алуучу комиссиясы билим берүүчү уюмга гранттык негизде кабыл алууга сунуштаган адамга грант берүүнүн шарттарын аныктоо жана окуусун бүткөндөн кийин аны бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү.”;
- 2.1-пунктчанын төртүнчү абзацы “жогорку” деген сөздөрдөн кийин “же орто” деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзац “министрлигинин” деген сөздөн кийин “(Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.2-пунктчада:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
“- билим берүүчү уюмда окуусун бүтөөрдөн 3 ай мурда иш берүүчү менен тийиштүү контрактка кол коюуга жана окууну бүткөндөн кийин жаш адистерди бөлүштүрүү жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары – комиссия) жолдомосу боюнча педагогикалык адистик боюнча үч жыл, медициналык жана фармацевтикалык адистик боюнча эки жыл иштеп берүүгө;”;
- алтынчы абзацтагы “мамлекеттик билим берүү” деген сөздөр алып салынсын;
- 2.3-пунктчанын экинчи абзацындагы “жождордун бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү боюнча” деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1-пунктчанын биринчи абзацындагы “Жаш адистерди бөлүштүрүү жана ишке орноштуруу боюнча” деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |