Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 112
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1999-жылдын 25-июну, № 51) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар атмосфералык абаны коргоо режимин, анын абалын контролдоо усулун аныктайт, атмосфералык абаны коргоо боюнча башка талаптарды белгилейт.
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы адамга, айлана-чөйрө объекттерине, климатты жана озон катмарын сактоого тиешелүү стандарттар (санитардык ченемдер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Пайдаланышы атмосфералык абага терс таасир тийгизүүчү бардык түрдөгү отундун, мунай продуктуларынын, чийки заттын жана башка продукциянын сапатынын стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруунун жана ага зыяндуу физикалык таасирлердин жол берилген чектик ченемдерин белгилөөнүн тартиби
Көчмө жана туруктуу булгоочу булактар үчүн булгоочу заттарды чыгаруунун жол берилген чектик ченемдери, ошондой эле туруктуу жана көчмө булактар үчүн атмосфералык абага зыяндуу физикалык таасирлердин жол берилген чектик деңгээлдеринин ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленет.
Көчмө жана туруктуу булгоочу булактар үчүн булгоочу заттарды чыгаруунун жол берилген чектик ченемдерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн усулдугун, тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
4. 11-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атмосфералык абаны керектөөнүн ченемдерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн усулдугу, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
5. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну чектөө, убактылуу токтотуу же ага тыюу салуу
Берилген уруксатта каралган шарттар менен талаптар бузулган, ошондой эле калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирилген учурда булгоочу заттарды атмосферага чыгаруу Өкмөт белгилеген тартипте чектелиши, убактылуу токтотулушу же ага тыюу салынышы мүмкүн.".
6. 14-1-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Булгоочу заттарды атмосферага туруктуу булактардан чыгарууга Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү уруксаттын негизинде жол берилет.".
7. 15-17-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Авария учурунда атмосферага булгоочу заттардын чыгышын туруктуу орнотмолор менен жөнгө салуу
Атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун жол берилген чектик белгиленген ченемдерин ашырууга алып келген авария учурунда юридикалык жана жеке жактар анын себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча токтоосуз чара көрүүгө тийиш.
16-статья. Метеорологиялык жагымсыз шарттарда атмосферага булгоочу заттарды чыгарууну жөнгө салуу
Кутулуучу метеорологиялык жагымсыз шарттарга байланыштуу атмосфералык абада булгоочу заттардын аралашмасынын мүмкүн болуучу көбөйүшү жөнүндө эскертүү алынган учурда, чарбакер субъекттер мындай заттардын атмосферага чыгарылышын азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
17-статья. Ченемдер белгиленбеген учурда атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди жөнгө салуу
Тийиштүү ченемдер белгиленбеген булгоочу заттарды чыгарууга жана атмосфералык абага тийгизүүчү башка зыяндуу таасирлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилүүчү уруксаттардын негизинде өзгөчө учурларда гана жол берилет.".
8. 19-статьядагы "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Атмосфералык абага зыяндуу физикалык таасир тийгизүүнүн алдын алуу, азайтуу жана четтетүү боюнча иш-чаралар
Атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер Атмосфералык абага зыяндуу физикалык таасир тийгизүүнүн алдын алуу, азайтуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү.".
10. 21-статьяда:
биринчи абзацтагы "айлана-жаратылыштын чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 26-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Атмосфералык абанын абалына таасир тийгизүүчү ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди куруу үчүн жерлер, аларды куруу жана реконструкциялоо долбоору
Атмосфералык абанын абалына таасир тийгизүүчү ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди куруу жерлерин тандоо, аларды куруу жана реконструкциялоо долбоору экологиялык экспертиза жөнүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.".
12. 28-статьяда:
1) түрдүү жөндөмөдөгү "химиялык өтө уулуу заттар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "мүмкүн болуучу уулуу химиялык заттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мүмкүн болуучу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
3) жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 29-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 31-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атмосфералык абаны булгоочу булактар болуп эсептелген өндүрүш жана керектөө калдыктары Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, жытсыздандырылууга же болбосо атайын полигондорго же башка бөлүнгөн жерлерге жыйнап коюлууга тийиш.".
15. 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Пайдалуу кендерди казууда жана иштетүүдө атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптар
Пайдалуу кендерди казуу, аларды иштетүү, жардыруу иштери, калдык сактоочу жайларды, террикондорду, калдыктарды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо атмосфералык абаны коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу менен жүргүзүлүүгө тийиш.".
16. 34-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны ташып кирүү, өндүрүү жана колдонуу озон катмарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталат.".
17. 37-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-статья. Атмосфералык абанын мониторинги
Атмосфералык абага байкоо жүргүзүү, ал боюнча маалымат жыйноо, жалпылоо, талдоо жана анын абалын болжолдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторинг тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана республиканын калкын атмосфералык абанын абалы жөнүндө иш жүзүндөгү жана божомолдуу маалымат, анын ичинде анын булганышынын кооптуу деңгээлдери тууралуу шашылыш маалымат менен камсыз кылат.".
18. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Атмосфералык абанын коргоого алынышын контролдоо
Атмосфералык абанын коргоого алынышын мамлекеттик контролдоо атмосфералык абаны коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.".
19, 39, 42 жана 43-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|