Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 114
"2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Мультидонордук программалык трасттык фонддун (№ ТF 017862 грант) Чыгыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн статистикалык дараметин өнүктүрүүнү колдоо боюнча программасынын алкагындагы ар түрдүү донор уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Мультидонордук программалык трасттык фонддун (№ ТF 017862 грант) Чыгыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн статистикалык дараметин өнүктүрүүнү колдоо боюнча программасынын алкагындагы ар түрдүү донор уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Мультидонордук программалык трасттык фонддун (№ ТF 017862 грант) Чыгыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн статистикалык дараметин өнүктүрүүнү колдоо боюнча программасынын алкагындагы ар түрдүү донор уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууга (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
2015-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Мультидонордук программалык трасттык фонддун (№ ТF 017862 грант) Чыгыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн статистикалык дараметин өнүктүрүүнү колдоо боюнча программасынын алкагындагы ар түрдүү донор уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына бул Гранттык макулдашуунун ратификациялангандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти