Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-марты № 119
2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Жоготуулардын аталышы | 2015-жыл | |
Газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготуулары | 30,106 млн. м3 | 11,1% |
Эскертүү.
млн. м3 - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларын ченөө бирдиги;
% - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.