Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 128
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 30-июлу, № 63-64) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган жер участогунун ээси даярдай турган документ.".
2. 5-беренеде:
1) берененин аталышы "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-бөлүк "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2-бөлүктө:
а) биринчи абзац "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3) пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди, инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;";
в) 6-пункт "аскердик" деген сөздөн мурда "республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7) пункт менен толукталсын:
"7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара линияларын жана чек аралык инфратүзүм объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу үчүн."
3. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6) пункт менен толукталсын:
"6) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жерлерди которуунун тартибин аныктайт.".
4. 7-берененин алтынчы абзацындагы ", запастагы жерлерди" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|