Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-1-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор:
- тейлөөчү багыттары боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүү пландарын эки жумалык мөөнөттө бекитишсин;
- Тартиптин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын мониторингин жана баалоону туруктуу негизде жүргүзүшсүн;
- жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки 15-январга чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты өздөрүнүн сайттарында жайгаштырышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүшсүн;
- жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн ушул тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону ишке ашыруунун эрежелерин (мындан ары - мониторинг) аныктайт
2. Ушул тартипте мониторинг катары аткаруу бийлигинин органдары тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) натыйжалуулугунун системалык анализи жана баалоосу түшүнүлөт.
3. Мониторингдин объектиси төмөнкүлөр болуп саналат:
- ченемдик укуктук акт;
- коомдук мамилелердин тиешелүү чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
4. Ченемдик укуктук актылардын мониторинги төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген эскирген жана коррупциялык укук ченемдерин табуу, аларды ишке ашыруунун жана натыйжалуулугун баалоо;
- укуктук жөнгө салуунун жетиштүүлүгүн аныктоо жана декларациялык ченемдерди табуу;
- бирдей юридикалык күчтөгү ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды, ички карама-каршылыктарды, ошондой эле укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди жоюу;
- жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды жогорураак юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү;
- ченемдик укуктук актыларга карата мыйзамга ылайык келбеген прокурордук көңүл буруу актыларын чыгарууну алдын алуу, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө сот органдарынын чечимдерин кабыл алуу.
5. Мониторингдин принциптери төмөнкүлөр:
- мониторинг жүргүзүүнүн ачыктыгы жана объективдүүлүгү;
- системалуулук;
- айкындуулук;
- ченемдик укуктук актыларды талдоонун ар тараптуулугу;
- мониторинг жүргүзүүдө пайдаланылуучу маалыматтын актуалдуулугу жана ишенимдүүлүгү;
- тыянактардын далилдүүлүгү.
6. Мониторингдин негизги милдеттери:
- ченемдик укуктук актылардын абалын чагылдыруу;
- ченемдик укуктук актылардын актуалдуулугу, натыйжалуулугу, аткарылышы жана колдонулуу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, юридикалык жактардын ой-пикирлерин изилдөө;
- мыйзамдарга ылайык келтирүүнү талап кылган ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле декларациялык жана эскирген укук ченемдерин табуу;
- ченемдик укуктук актыларды жөнгө салууну талап кылган коомдук мамилелерди табуу;
- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
7. Мониторингдин түрлөрү:
- белгилүү бир укук тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын абалы жана колдонулушу жөнүндө маалымат алуу үчүн жүргүзүлүүчү тармактык мониторинг;
- конкреттүү ченемдик укуктук актынын абалы жана колдонулушу жөнүндө маалымат алуу үчүн жүргүзүлүүчү чекиттүү мониторинг.
8. Мониторинг төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- ченемдик укуктук актыны талдоо;
- ченемдик укуктук актынын колдонулушу жөнүндө укук колдонуу жана сот практикасынын маалыматтарын аналитикалык жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылардын мазмуну жана колдонулушу боюнча коомдук ой-пикирди сурамжылоону жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актынын колдонулушун козгогон маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын аналитикалык жалпылоо;
- мамлекеттик органдардын ортосунда ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жөнүндө маалымат алмашуу.
9. Мониторингди ишке ашырууда төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ченемдик укуктук актылардын колдонуу практикасы жөнүндө маалымат жалпылаштырылат жана талданат:
- адамдын жана жарандын кепилденген укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы;
- кабыл алынышы (чыгарылышы) кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылар тарабынан каралган ченемдик укуктук актылардын болушу;
- ченемдик укуктук актыларды басып чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясынын чектеринин сакталышы;
- ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчкө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайыктуулугу;
- ченемдик укуктук актыларда коррупциялык факторлордун болушу;
- коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуунун толуктугу;
- укук ченемдеринин коллизияларынын орун алышы;
- юридикалык-техникалык мүнөздөгү каталардын болушу;
- аткаруу бийлик органдарынын компетенциясын кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берген ченемдердин декларациялык жана эскирген укук ченемдерин пайдалануу;
- ченемдик укуктук актыны, анын ичинде укуктук жөнгө салуудагы коллизиялары жана кенемтелер, ченемдик укуктук актынын жоболорунун мааниси бурмаланган жана аны колдонуунун бир түрдүүлугү бузулган актыларды колдонуу менен байланышкан кайрылуулардын саны жана мазмуну.
10. Аткаруу бийлик органдары алардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзөт.
Мониторинг аткаруу бийлигинин жетекчиси тарабынан бекитилген план боюнча жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Мониторинг кез карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.
11. Мониторингдин планында төмөнкүлөр чагылдырылат:
- мониторингге алынуучу ченемдик укуктук актылардын аталыштары;
- мониторингди ишке ашыруунун мөөнөттөрү;
- аткаруу бийлик органдарынын жооптуу түзүмдүк (ведомстволук мекемелер) бөлүнүштөрү;
- ишке тартылган көз каранды эмес эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү.
12. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары төмөнкүлөр камтылган отчет түрүндө таризделет:
- тиешелүү коомдук мамилелер чөйрөсүн же конкреттүү ченемдик укуктук актыны жөнгө салуучу мыйзамдардын абалы жөнүндө тыянактар;
- ченемдик укуктук актынын натыйжалуулугун төмөндөткөн факторлорду көрсөтүү менен мониторинг натыйжалары боюнча корутунду;
- өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө күчүн жоготту деп таануу (зарыл болгон учурда), же болбосо жаңы ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жөнүндө сунуштар.
Отчет мониторинг жүргүзгөн аткаруу бийлик органынын чечими менен бекитилет.
13. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна белгиленген тартипте киргизилет.
14. Мониторинг жүргүзгөн аткаруу бийлик органы тарабынан анын компетенциясына кирбеген декларациялуу жана майнапсыз ишке ашыруучу, коррупциялык, эскирген, карама-каршылыктуу укук ченемдери табылган учурда көрсөтүлгөн орган тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине сунуштарды жөнөтөт.
15. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалымат аткаруу бийлик органынын расмий сайтында жарыяланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын дарегине жөнөтүлөт.