Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 141
2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө эмират тарапка кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |