Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 142
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Ю.Абдылдаев, К.Абдиев, А.А.Калмаматов жана Н.А.Айдаров тарабынан демилге кылынган "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 токтому менен жактырылган |
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Ю.Абдылдаев, К.Абдиев, А.А.Калмаматов жана Н.А.Айдаров тарабынан демилге кылынган "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар комплексин аткаруунун алкагында "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ушуга байланыштуу "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан), Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн, Улуттук гвардиядан жана чек ара кызматынан турат.
Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Мында, "аскерлер" деген түшүнүк Куралдуу Күчтөрдүн негизин түзүүчү аскерлердин түрлөрүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн жана кошуундарынын топторун билдирет.
Аталган атайын ченемдик укуктук актыга ылайык Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттик чек араны куралдуу коргоо жана кайтаруу болуп саналат, б.а. өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 165 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасында Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуунун негиздери; аскердик курулуштун негизги принциптери белгиленген, аларга ылайык аскердик реформанын башкы максаты болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн заманга ылайык типтеги куралдуу уюмга кайра түзүү каралгандыгын белгилөө зарыл.
Ушуну менен бирге, жазык-аткаруу тутумунун бөлүнүштөрүнүн милдеттери Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттеринен айырмаланып турат, согуштук абал киргизилген учурда жазык-аткаруу тутумунун бөлүнүштөрү Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого тартылбастан, аймактык коргоону уюштурууга катышуу (түзөтүү абактарын, тергөө изоляторлорун, түрмөлөрдү кайтаруу жана коргоо боюнча) менен өздөрүнүн милдеттерин түздөн-түз аткарууну улантышат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин 6-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык материалдык базаны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү максатында, ошондой эле өздүк курамда зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүү үчүн кайтаруу жана коштоп жүрүү аскерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге каршы келбеген кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен атайын фонддорду түзүүгө укуктуу.
Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунан, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулуктун жана төгүмдөрдүн эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддордон сырткары министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 19-1-беренесине ылайык атайын каражаттар - бул бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын эсептерге чегерилген продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана (же) иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруудан алынган каражаттары.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 1-берененин 4-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрү боюнча төмөнкүнү белгилейбиз, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекет жана анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги болуп эсептелет.
Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тутумунун элементтеринин бири, өзүнүн мамлекеттик бийлик органдар тутумунун бар болуусу саналат.
Өкмөттүн өз алдынчалуулугу, ал аткаруу бийлик бутагындагы органдардын компетенциясын, алардын ортосундагы мамилелерди ж.б. өз алдынча белгилей тургандыгын шарттайт.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарына таянуу менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрөт.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттери жана ыйгарым укуктары менен байланышкан кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдык негизде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келе тургандыгы жөнүндө тыянак чыгарууга болот.
Мыйзамдын долбоору менен 5, 9 жана 10-беренелерин жаңы редакцияда берүү сунушталып жаткандыгын белгилөө зарыл, ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актынын (анын түзүмдүк элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын түзүмдүк элементинин) жаңы редакциясы түрүндө таризделет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин жогоруда аталган жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Андан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Жалпысынан долбоор боюнча сот тутумун жана укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо жүргүзүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 297 Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү гуманизация жана демилитаризация принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, сунушталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясы жогоруда аталган стратегиялык документтердеги көрсөтүлгөн принциптерден айырмаланып турат.