Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия мамлекеттик органдардын, кесиптик ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрүнөн турган туруктуу иштөөчү коллегиялуу орган болуп саналат, анын иши төмөнкүлөргө багытталган:
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүүгө (мындан ары - кадрлык резерв);
- кадрлык резервден мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коомдор) директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандоого.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын функциялары
4. Комиссиянын функциялары:
а) кадрлар резервин түзүү максатында адамдарга конкурстук тандоо өткөрүү;
б) мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн курамдарына жана катчылыгына кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо;
в) кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди конкурстук тандоо үчүн тесттик тапшырмаларды бекитүү;
г) коомдун башкаруучу кадрлар потенциалын даярдоо маселесине тиешелүү методикалык колдонмолорду, программалардын долбоорлорун жана башка материалдарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
д) мамлекеттин коомдорду башкаруу жана контролдоо органдарында анын өкүлдөрү менен кызматташуу механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.
3. Комиссиянын курамы
5. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 17 адамдан турган курамда түзүлөт, анын жеке курамы төмөнкү органдардын өкүлдөрүнүн арасынан турат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты - 1 адам;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты - 1 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 2 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 2 адам (анын ичинде жетекчиси);
- энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 2 адам;
- транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- аудит, корпоративдик башкаруу жана бизнес тармагындагы кесиптик ассоциациялар - 3 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду тейлөөчү тармактык мамлекеттик органдардагы коомдук кеңеш - 1 адамдан.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
6. мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетекчиси Комиссиянын төрагасы болот.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук негизде аткарышат.
8. мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик фонд Комиссиянын катчылыгы болот.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын иши
9. Комиссиянын ишин жүргүзүү формасы анын жыйындары болот.
10. Комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн мыйзамдуулугу үчүн кворумду Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 12 мүчөсүнөн кем эмес адам түзөт.
11. Комиссия чечимди жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 ден кем эмес добушу менен кабыл алат. Добуштар тең болуп чыкканда Комиссиянын жетекчисинин добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдер Протокол түрүндө таризделет, анда жыйын өткөрүлгөн күн жана жер, жыйындын иш тартибинин маселелери көрсөтүлөт, иш тартибиндеги ар бир маселе боюнча талкуунун жүрүшү жөнүндө кыскача маалымат, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер айтылат, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча Комиссия мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (эгер мындайлар бар болсо) көрсөтүлөт.
5. Комиссиянын укуктары
13. Комиссия өзүнө жүктөлгөн маселелерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
а) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
б) айрым проблемалар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө, илимий мекемелердин адистерин, жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштууларды жана эксперттерди ишке тартууга.