Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 716
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү боюнча жол-жоболордун натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резерви жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары коомдор) директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунуштоосу менен талапкерлердин кадрлык резервинде турган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомго белгиленген тартипте киргизилет;
- коомдун жеке башкаруучу аткаруу органынын кызмат ордуна же коллегиялуу аткаруучу органынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлер, иштери директорлор кеңештерин түзбөстөн жүргүзүлгөн коомдордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү же акционерлери тарабынан, же болбосо коомдун ички документтеринде каралган тартипте ачык эл аралык конкурстун жыйынтыгы боюнча коомдун кадрлык резервинде турган адамдардын арасынан киргизилет. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдордун жеке башкаруучу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн же коллегиялуу аткаруучу органынын жетекчисинин кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлер мыйзамдарда белгиленген тартипте тармактык мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылат;
- коомдордун ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунушу боюнча көрсөтөт;
- коомдордун катчыларын директорлор кеңеши кадрлар резервине киргизилген адамдардын ичинен тандайт жана шайлайт, ал эми директорлор кеңеши жок учурда - коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан тандалат жана шайланат;
- мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонд коомдордун директорлор кеңештеринин жана ревизиялык комиссияларынын мүчөсү катары ыйгарым укуктары ишенимин жоготконуна же кадыр-баркты кетирүүчү башка негиздерге байланыштуу токтотулган адамдардын эсебин алат жана андай адамдардын өз убагында аныкталышы жана кадрлар резервине киргизилбеши үчүн жоопкерчиликте болот.
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдордун жеке башкаруучу аткаруу органы же коллегиялуу аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан шайланган адамдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе тармактык мамлекеттик органдын сунуштоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилет
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-майы № 279 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- директорлор кеңештерине бул коомдордо коомдун жетекчилери жана/же аткаруу органдарынын мүчөлөрү үчүн кадрлар резервин түзүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын күлдөрүнүн катышуусун камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген учурдан баштап эки айлык мөөнөттө чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзсүн жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин;
- кийин, зарыл болсо чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамынын жаңыланышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери жана ведомстволору ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтары, 3-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары, 4 жана 5-пункттары, 6-пунктунун үчүнчү-бешинчи пункттары, 7-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү, 11-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |