Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резерви жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы кадрлар резервин иштетүүнүн уюштуруучулук жана методологиялык негизин, атап айтканда, кадрлар резервин түзүүнүн тартибин, кадрлар резервине кирүүгө талапкер адамдарга коюлган талаптарды, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коомдор) директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн талапкер катары көрсөтүү максатында кадрларды тандоонун жол-жоболорун белгилейт.
2. Кадрлар резервин түзүү, ошондой эле резервге киргизүү коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлык резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул Жобо коомдун жеке аткаруу органын же жетекчисин жана/же коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүн тандоо үчүн коомдун ички документтерине ылайык директорлор кеңештери тарабынан түзүлгөн кадрлар резервине карата колдонулбайт.
2. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жана кадрлар резервине кирүүгө талапкер адамдарга карата талаптар
4. Кадрлар резервин түзүү төмөнкүдөй ырааттуу жол-жоболордун негизинде жүргүзүлөт:
- кадрлар резервине кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жана талапкерлерден арыздарды кабыл алуу;
- тестирлөөгө киргизүү үчүн талапкерлердин документтерин тандоо;
- тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлерди тандоо;
- тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү.
5. Талапкерлерден арыздарды кабыл алуу комиссиянын катчылыгы болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан, Комиссиянын чечими менен белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт, мында ал мөөнөттүн узактыгы 2 аптадан кем болбошу керек.
6. Кадрлар резервине конкурстук тандоо жөнүндө маалыматтык билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик басылмаларынын бирине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына кулактандыруу жарыялоо жолу менен ишке ашырылат.
7. Кадрлар резервине конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди берүүсү керек:
- белгиленген үлгүдө жазылган арыз (ушул Жобонун 1-тиркемеси);
- белгиленген үлгүдө толтурулган анкета (ушул Жобонун 2-тиркемеси);
- талапкердин паспортунун көчүрмөсү жана жогорку билими жөнүндөгү документинин көчүрмөсү;
- кошумча билими жана квалификациясы (бар болсо) жөнүндө документтеринин көчүрмөсү;
- акыркы иштеген жериндеги иш берүүчү же нотариус тарабынан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
Эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, же Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттин жараны болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча, соттолбогондугу жөнүндө тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан тиешелүү түрдө мыйзамдаштырылган документти берет.
Кыргыз Республикасы катышкан тийиштүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт.
8. Жогоруда аталган документтерди тапшыргандан кийин талапкер документтерди кабыл алган Комиссиянын катчылыгынан документтерди кабыл алган күн көрсөтүлгөн тил кат алат.
9. Комиссиянын катчылыгы арыздардын түшүүсүнө жараша талапкерлер тапшырган документтердин ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктыгын текшерет.
10. Комиссиянын катчылыгы арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 5 күндүн ичинде документтерди текшерүүнү аяктайт жана анын жыйынтыгы боюнча кадрлар резервине кирүүгө талапкер болгон талапкерлерди тестирлөөгө киргизүүгө уруксат берүү жөнүндө чечимди чыгарышы үчүн Комиссиянын кароосуна отчет берет.
11. Директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна киргизүүгө талапкерлерге карата талаптар:
- соттуулугу болбошу;
- курагы толук 27 жаштан төмөн эмес (паспортуна ылайык);
- жогорку экономикалык, юридикалык же техникалык билим (билими тууралуу документине ылайык);
- чарбакер коомдордун башкаруу органдарында жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдарда же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу (эмгек китепчесине ылайык).
Ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына мүчөлүккө резервге кирүүгө талапкерлер үчүн:
- соттуулугу болбошу;
- курагы толук 27 жаштан төмөн эмес (паспортуна ылайык);
- финансы, бухгалтердик эмес же аудит тармагындагы адистик менен жогорку экономикалык билими (билими тууралуу документине ылайык);
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде финансыга, бухгалтердик эсепке, аудитке түздөн-түз байланышкан кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
Коомдордун катчыларынын кызмат орундарына резервге кирүүгө талапкерлер үчүн:
- жогорку юридикалык билими (билими тууралуу документке ылайык);
- адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
12. Комиссия катчылык талапкерлердин ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык экендиги жөнүндө отчет бергенден кийин 5 иш күндүн ичинде жыйын өткөрөт, анда тестирлөөнүн тартиби жана шарттары бекитилет, аны өткөрүүчү күн жана убактысы аныкталат, ошондой эле тестирлөөгө катышууга уруксат берилген талапкерлердин тизмеси аныкталат, мында тестирлөөгө көрсөтүлгөн талаптарга толук ылайык келген талапкерлерге гана катышууга уруксат берилет.
13. Комиссиянын катчылыгы тестирлөөгө уруксат берилген талапкерлердин тизмеси Комиссия тарабынан бекитилгенден кийин 1 иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына тизмени жайгаштырат жана ал тизменин жалпы коомчулукка жеткиликтүү болушун камсыздайт.
14. Тестирлөөгө катышууга уруксат берүү боюнча Комиссиянын чечими менен макул болбогон талапкер андай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 иш күндүн ичинде, Комиссиянын катчылыгына негизделген арыз берүүгө укуктуу, арыз Комиссия тарабынан тестирлөө өткөрүлүүчү күнгө чейин каралууга тийиш.
15. Тесттин тапшырмалары илимий жана эксперттик коомдордун, жана ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн ишке тартуу менен Комиссиянын чечими аркылуу бекитилген тартипте иштелип чыгат.
16. Тестирлөө Комиссиянын чечими менен белгиленген убакытта, бирок Комиссиянын андай чечимди кабыл алган жыйыны болгон күндөн тартып 15 иш күндөн кечиктирилбей өткөрүлөт.
17. Тестирлөөнү уюштуруу боюнча негизги шарттар:
- тестирлөө компьютерде атайын программалык камсыздоону пайдалануу менен жүргүзүлөт;
- компьютердик программаны пайдаланып тестирлөөдө тестирлөөнүн катышуучусу тапшырмага өзүнүн ар бир жообунун туура/туура эмес экендиги жөнүндө маалыматты дароо көрүп туруусу керек;
- тесттик тапшырма жооптордун варианттары берилген 40тан ашык эмес жана 30дан кем эмес суроолордон турушу керек жана алардын ичинде бир гана туура жооп болушу керек, мында бир тесттик тапшырманы түзгөн суроолор суроолордун жалпы базасынан ар бир талапкер үчүн кокустан тандоо ыкмасы менен тандалышы керек;
- тесттик тапшырмалар боюнча бардык суроолор каалаган адамдар аны менен таанышуусу үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына ачык жеткиликтүү түрдө жайгаштыруу аркылуу жеткиликтүү болушу керек, мында алардын жалпы саны 300дөн кем болбоого тийиш;
- тесттик тапшырманын 75%дан кем эмесине туура жооп берген талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү деп эсептелинет;
- талапкерлерди тестирлөөдө видеого тартуу жүргүзүлөт.
18. Тестирлөөнүн жыйынтыгы Комиссиянын катчылыгы тарабынан тестирлөө өткөрүлгөн күнү чыгарылат.
19. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул болбогон талапкер компьютердик тестирлөө бүтөөр замат, 1 сааттын ичинде катчылыкка негизделген арыз берүүгө укуктуу, ал арыз комиссиянын кезектеги жыйынында каралууга тийиш.
20. Комиссиянын катчылыгы 1 күндүн ичинде тестирлөөнүн жыйынтыгы жөнүндө отчетту даярдап жана аны менен кошо тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул болбогон талапкерлердин арыздарын Комиссияга берүүгө милдеттүү.
21. Комиссия андай отчетту алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде жыйын өткөрүүгө тийиш, анда карала тургандар:
- тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул болбогон талапкерлерден түшкөн бардык арыздар, аларды канааттандыруу же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алуу;
- тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, кадрлар резервине киргизилген талапкерлердин тизмесин бекитүү.
22. Кадрлар резервине киргизилген адамдардын тизмеси бекитилгенден кийин, Комиссиянын катчылыгы 3 иш күндүн ичинде аны тийиштүү маалыматтары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сайтына жарыялайт.
3. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкер катары көрсөтүү максатында талапкерлерди тандоонун тартиби
23. Вакансия пайда болгон учурда же мамлекеттик үлүш катышкан коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына мамлекеттик өкүлдү кайра шайлоо зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Комиссияга коомдун аталган органдарына көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен талапкер (талапкерлерди) тандоо зарылдыгы жөнүндө расмий кат жиберет.
24. Комиссияга кайрылууну Комиссиянын катчылыгы мыйзам же коомдун ички документтери менен талапкерлерди көрсөтүү үчүн каралган мөөнөт бүтчү күнгө чейин 30 күн калганга чейин кечиктирбей жиберет.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон кайрылуу келип түшкөндөн кийин Комиссия 10 күндүн ичинде бекитилген темалар боюнча аңгемелешүү жүргүзүү аркылуу кадрлар резервинен адамдарды тандап алат. Аңгемелешүүнүн жана тандоонун жыйынтыгы протокол менен таризделет.
4. Кадрлар резерви, кадрлар резервине киргизилген адамдардын укуктары жана милдеттери
26. Кадрлар резервине киргизилген жана коомдордун директорлор кеңештерине, ревизиялык комиссияларына мүчөлүккө, катчылыгына дайындалбаган адамдар резервде үч жыл турат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин ал адам кадрлар резервине тандоодон жалпы негизде өтүүгө тийиш.
27. Коомдордун директорлор кеңештерине, ревизиялык комиссияларына мүчөлүккө, катчылыгына дайындалуу анын кадрлар резервинде болуусун токтотпойт жана ушул Жобонун 23-25-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык анын талапкерлиги кайрадан тандалышы жана көрсөтүлүшү мүмкүн.
28. Кадрлар резервиндеги адам андан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылат:
- Комиссияга берген арызына ылайык өз каалоосу боюнча;
- ага карата жазык иши козголгондо;
- Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө добуш берүү жолу аркылуу Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн биринен көбүнүн ага болгон ишеними жоголгондо;
- отчеттук жылдын жыйынтыгында ишине терс баа берилгенде;
- Комиссияга өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды бергенде;
- квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуудан өткөнү жөнүндө ырастаманы бербесе;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык болбосо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия берүүчү юридикалык жактардын директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкер үчүн;
- ага карата айыптоочу өкүм күчүнө киргенде.
29. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ишениминен чыккандан башка учурларда адамды кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө демилгени анын өз убагында болуусу үчүн жооптуу болгон Комиссиянын катчылыгы козгойт.
30. Кадрлар резервинен мажбурлап чыгарылган адам (чыгарылган учурдан баштап) 3 жыл бою кайра кадрлар резервине талапкер болууга укугу жок. Катчылык кадрлар резервинен мажбурлап чыгарылган адамдардын тизмесин алат жана ал тизмени өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
31. Кадрлар резервине киргизилген адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн квалификациясын жогорулатуу иретинде Комиссия бекитүүчү программалар боюнча 40 академиялык сааттан кем эмес убакыт бою Комиссиянын чечими менен таанылган окуу борборлорунун биринде үч жылда 1 жолудан кем эмес окуудан өтүүгө. Мындай окуу боюнча бардык чыгымдарды ал адам өзү төлөйт;
- кадрлар резервине киргизүү жөнүндө арыз берген учурда анкетада көрсөтүлгөн ар кандай маалыматтар өзгөргөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жаңыланган маалыматтар киргизилген анкетаны тиркөө менен бул тууралуу катчылыкка жазуу жүзүндө арыз берүүгө.
32. Коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервине киргизилген адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий сайтына жарыяланат.