Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 146
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- сууну жаратылыш ресурсу катары пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;
- ирригацияга жана дренажга дотациянын көлөмүн бекитүү.".
3. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңеши белгилеген" деген сөздөр "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 48-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Жогорку Кеңеши жыл сайын белгилейт" деген сөздөр "Өкмөтү бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 83-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 502-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-беренесинен бешинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-статьянын алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|