КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 121
“Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Кыргыз Республикасынын аталган мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти