Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 150
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик отчетту бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик отчет 1-тиркемеге ылайык;
- 2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусун айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүн, мекемелерин, аскердик-окуу жайларын, башка уюмдарын, ошондой эле коргоо жана коопсуздук жаатындагы милдеттерди аткаруучу башка аскерлерди жайгаштыруу жана туруктуу иш алып баруулары үчүн аныкталган жер участокторун "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоону) караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомунун долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик ОТЧЕТ
№ | Саптардын № | Жер пайдалануучулардын жана жер фондусунун категорияларынын аталышы | Жалпы аянты (га) | Анын ичинен сугат жер (га) |
1 | 1. | Айыл чарба багытындагы жерлер, бардыгы: | 6544135 | 854798 |
2 | 1.1. | Жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жерлер: | 1079985 | 681366 |
3 | 1.1.1. | Дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлери | 1034692 | 652358 |
4 | 1.1.2. | Жамааттык дыйкан чарбалардын жерлери | 7768 | 6363 |
5 | 1.1.3. | Айыл чарба акционердик коомдорунун жерлери | 4083 | 1815 |
6 | 1.1.4. | Айыл чарба кооперативдеринин жерлери | 33442 | 20830 |
7 | 1.2. | Мамлекеттик менчиктеги айыл чарба багытындагы жерлер | 5464150 | 173432 |
8 | 1.2.0. | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлери, бардыгы: | 271660 | 133779 |
9 | 1.2.1. | Асыл тукум чарбаларынын жерлери | 13828 | 2444 |
10 | 1.2.1.1. | анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун | 2754 | 1612 |
11 | 1.2.2. | Үрөн чарбаларынын жерлери | 15067 | 11371 |
12 | 1.2.2.1. | анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун | 14670 | 11354 |
13 | 1.2.3. | Окуу-тажрыйбалык айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жерлери | 2091 | 1197 |
14 | 1.2.3.1. | анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун | 491 | 443 |
15 | 1.2.4. | Башка жер пайдалануучулардын жерлери | 94842 | 6730 |
16 | 1.2.4.1. | анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун | 1885 | 1565 |
17 | 1.2.5. | Айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы жерлер | 5153883 | 53035 |
18 | 1.2.5.1. | анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринен пайдаланылганы | 1410 | 269 |
19 | 1.2.5.2. | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун бөлүштүрүлбөгөн жерлери | 66011 | 19881 |
20 | 1.2.6. | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун ижарадагы жерлери | 184439 | 98655 |
21 | 2. | Калктуу конуштардын жерлери, бардыгы: | 275325 | 137310 |
22 | 2.1. | анын ичинен жеке менчиктеги: | 194082 | 128309 |
23 | 2.1.1. | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 171530 | 116447 |
24 | 2.1.2. | шаарлардын жерлери | 22552 | 11862 |
25 | 2.2. | анын ичинен мамлекеттик менчиктеги: | 30578 | 2587 |
26 | 2.2.1. | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 15174 | 1116 |
27 | 2.2.2. | шаарлардын жерлери | 15404 | 1471 |
28 | 2.3. | анын ичинен муниципалдык менчиктеги: | 50665 | 6414 |
29 | 2.3.1. | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 28756 | 765 |
30 | 2.3.2. | шаарлардын жерлери | 21909 | 5649 |
31 | 3. | Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер, бардыгы: | 228203 | 2382 |
32 | 3.1. | анын ичинен жеке менчиктеги: | 8285 | 1298 |
33 | 3.2. | анын ичинен мамлекеттик менчиктеги | 213305 | 1006 |
34 | 3.3. | анын ичинен муниципалдык менчиктеги | 6613 | 78 |
35 | 4. | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, бардыгы | 742382 | 2426 |
36 | 4.1. | анын ичинен жеке менчиктеги | 1862 | 144 |
37 | 4.2. | мамлекеттик менчиктеги | 740498 | 2276 |
38 | 4.3. | муниципалдык менчиктеги | 22 | 6 |
39 | 5. | Токой фондусунун жерлери | 2600018 | 12496 |
40 | 5.1. | анын ичинен ижарадагы | 139599 | 491 |
41 | 6. | Суу фондусунун жерлери | 767296 | 462 |
42 | 6.1. | анын ичинен жеке менчиктеги | 4 |
|
43 | 6.2. | анын ичинен мамлекеттик менчиктеги | 767292" | 462 |
44 | 7. | Запастагы жерлер | 8837569 | 13832 |
45 | 8. | Жерлер жалпы (1+2+3+4+5+6+7) | 19994928 | 1023706 |
46 | 8.1. | анын ичинен жеке менчиктеги | 1284218 | 811117 |
47 | 8.2. | анын ичинен мамлекеттик менчиктеги | 18653410 | 206091 |
48 | 8.3. | анын ичинен муниципалдык менчиктеги | 57300 | 6498 |
49 | 9. | Райондордун, облустардын административдик чегинен сырткары пайдаланылган жерлер | 14 |
|
50 | 10. | Башка райондордун, облустардын жер пайдалануучулары пайдаланган жерлер | 175 | 132 |
51 | 11. | Республиканын административдик чегиндеги жерлер бардыгы (8-9+10) | 19995089 | 1023838 |
2-тиркеме
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусун айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча БӨЛҮШТҮРҮҮ
№ | Айыл чарба жана башка жерлердин түрлөрү | Аянты, бардыгы (га) | Анын ичинен сугат жер (га) |
1 | Айдоо | 1203570 | 794525 |
2 | Көп жылдык бак-дарактар, бардыгы: | 36967 | 36338 |
| анын ичинен: бакчалар | 28379 | 27870 |
| жемиш бактар | 85 | 83 |
| жүзүм өстүрүүчү жер | 5063 | 5031 |
| мөмө-жемиш питомниктери | 344 | 264 |
| тыт плантациясы | 2677 | 2671 |
| башка бак-дарактар | 419 | 419 |
3 | Кысыр аңыздар | 37797 | 2122 |
4 | Чөп чабындылар | 169570 | 8707 |
5 | Жайыттар, бардыгы | 9033126 | 28824" |
| анын ичинен: маданий, түп-тамырынан жакшыртылган аянттарды кошкондо | 3524 | 3442 |
6 | Айыл чарба жерлери жалпы | 10481030 | 870516 |
7 | Короо алдындагы жерлер, бардыгы | 189528 | 128580 |
| анын ичинен: айдоо жери | 72444 | 69006 |
| бакчалар жана башка көп жылдык бак-дарактар | 34776 | 34142 |
| башка айыл чарба жерлери | 31852 | 25432 |
8 | Жамааттык: бакчалар | 3592 | 1439 |
9 | Огороддор | 2712 | 2407 |
10 | Айыл чарба жерлеринин бардыгы: | 10626406 | 1002942 |
| анын ичинен айдоо жери | 1278726 | 865938 |
| көп жылдык бак-дарактар | 75335 | 71919 |
11 | Курулуш жерлери | 50456 |
|
12 | Мелиоративдик даярдоо баскычында турган жерлер | 13896 | 383 |
13 | Токой аянттары | 1171984 | 12010 |
14 | Жыгач-бадал өсүмдүктөрү | 462758 | 8371 |
15 | Саздар | 6185 |
|
16 | Башка жерлер (жолдордун, коомдук курулуштардын, короолордун алдындагы жана башка) | 7663243 |
|